(Башы өткөн сандарда)
Жаман сөздөн, жаман маанайдан, уруш-жаңжалдан коргоно баштадым. Баламды коргой баштадым. УЗИден врач чыгарып берген сүрөттү алып келип муздаткычка илип алгам. Сүрөттөгү чекит бала экенине, балам экенине күлкүм келет, карап алып эле күлкүм келет. Чекит эле болчу, бирок ошол кипкичинекей чекитти коргош кыйынга турду, оор болду. Көңүлүм айланып, кусуп, жыттын баарын сезип, ал аз келгенсип шылкылдап эле уйкум келет. Кудай мага ошондо аялдыктын бакыт-азабын көрүп алсын деп баарын бир берген окшойт го, ошонун баары башыма бир келбедиби. Ага деле кайыл элем... Тилектин туугандары баары боюмда бар экенин билди, жаңылык эч кимге жаккан жок. Кайнежелер тилин тарткан жок. Тартынбай эле туула элек баламды «арам» деп жатканын уктум. Өздөрү нике окутуп, өздөрү «арам» деп... Кусуп кыйналганым аларга обу жоктуктай эле көрүндү. Баары мени андан бетер жаман көрүп, таптакыр сыйлабай калды. Өзүм эле жаман көрүнбөй, балам экөөбүз жаман көрүндүк. Баланы кошо жаман көрсөттүм. Аны эч ким кубанып тосуп алган жок, баары «бейубак» деп тосуп алды. Ошентип жатып таарынтып алдык. Эң көп мен таарынттым. Боюмда бар экенин билген күнү «алдырам» деген сөздү биринчи мен айттым. Атасынан мурун айттым... Көп өтпөй боюмдан түшүп калды. Кайнагамдын үйүндө элем. «Барбайм» десем болбой Тилек жиберген. Куса бергеним жумуштагыларга жаккан жок, алар ансыз деле мени кетирмек, бирок ага жеткирбей Тилек мени жумуштан чыгарып алды, анан болбой эле мени байкесинин үйүнө кетирип жиберди. Өзүнүн бүлөсүн, өзүнүн бир тууганын жаман деп ойломок беле? Карап турат деп ишенип жиберди да. «Таза абада дем алып, балдар менен ойноп алаксыйсың, кыймыл керек, ошолор менен аралашып жүрүп кыймылдайсың» деп жиберген. Эмне болгонун билбейм, врач «баары жакшы» деген, өзүмдүн эле көңүлүм айланып, кусуп, жүдөгөнүм, чарчаганым болбосо, бир жерим ооруганы деле эсимде жок. Бирок түндө чочуп ойгондум. Алдым суу экен. Кан көлкүлдөп кетиптир. Үйдөгүлөр «Тез жардам» чакырды. Ооруканага түштүм. Врачтар «баланы сактап калуу мүмкүн эмес» деп, баланы алып салды. Наркоз менен эч нерсе сезген жокмун. Баласы бар уктап, баласы жок ойгондум. Ошону сездим. Башка эч нерсе сезген жокмун. Тилекке үйдөгүлөр айтыптыр, бирок ал дароо келген жок. Сабактан бошобоптур. Дем алыш күнүнө туштап келди. Мени ал келгенче врачтар ооруканадан чыгарып үлгүрдү. Мен баарын таразалап, ойлонуп үлгүрдүм. Ал келери менен «кетебиз, Москвага кеттик» дедим. Каршы болгон жок. Буюмдарымды жыйнап, Москвага алып кетти. Тилек мени кайнагамдын үйүнө балам менен таштап кетип, кайра баласы жок алып кетти. «Балам» дегениме таң калба... Мен эмнегедир ошол баланы жашады деп ойлойм. Ичимде төрт айдай жашады, бирок жашады. Мен уккан сөздүн баарын укту, мен көргөн нерсенин баарын көрдү. Жаман сөз да укту, жакшы сөз да укту. Жаман сөз, тил уккан учурларымда, ушак айтылып, үйдө уруш чыккан учурларда баламдын кулагын жаба калчумун. Киндигимди алаканым менен жаба калчумун. Ошентсем балам жаман сөздү укпай калат деп өзүмдү ишендирип алгам. Кантип коргошту билбей ошентчүмүн. Москванын баарын көрсөтүп үлгүрбөсөм да, Кызыл аянтты атайын барып көрсөтүп келгем. Арбатты да... Мен ага ырдап берип да үлгүрдүм. Ошого мен ал баланы жашады деп ойлойм. Боюмдан түшкөндөн кийин чүнчүдүм. Сүйүүнүн башталган жеринен боюмдан түшкөнгө чейинки жашоомду талдай берчү болуп алдым. Талдап отуруп ошол бүлөдөн, алардын сөздөрүнөн, жашап жаткан жашоомдон тажаганымды түшүндүм. Жадакалса үйгө келип, унчукпай темир-тезегин чукулап отура берген Тилектин өзүнөн тажаптырмын. Ошондон кийин аны менен дагы үч ай жашадым. Анан кетип калдым. Сүйүүнүн баяны ошентип бүттү. Сүйүүнүн өзү бүткөн жок. Жолу бүттү.
ххх
– Айтканымдай эле аялы экинчи менин тынчымды алган жок. Тескерисинче, мен анын тынчын ала баштадым. Артур мага берип кеткен телефонду колдонгон деле жокмун. Өзүмдүн номурумдан кайсы убак болбосун, кайсы күн болбосун Артурга чалып, жазып, жаныма чакыра баштадым. Анын жашоосунда үй-бүлөсү менен жумушунан арткан кичинекей бир боштук бар болчу. Мен ошол боштукту толтуруп турчумун. Бирок кийинки кездерде ошол кичинекей боштукту толтуруп туруш үчүн гана жаралган аялзаты болууга макул болбодум. Каршы чыктым. Мага убакыт, болгондо да мен каалагандай убакыт бөлүшүн талап кылдым, сүйүү талап кылдым. Мендеги болуп жаткан өзгөрүүлөр анын да шаштысын алды. Мурда үй-бүлөсүнөн арткан жарым убактысын, жарым сүйүүсүн тартуулап турса, эми мага көбүрөөк убакыт бөлө баштады. Бирок ал да мага аздык кылды. Анткени ар дайым жашырынып, корунуп, коркуп турат. Бул нерсе менин кыжырымды келтирет. Кыскасы, бош убагында келип-кетип, белек-бечкек менен алдап, ар дайым экинчи орунда турса да, сүйүүсү үчүн чыдай берген, ал күткөндөй жакшы көңүлдөш менден чыкпады. Мен аны сүйүп калдым. Башым адашып, ансыз жашай албачудай болуп сүйдүм. Оюмда «аялы менен ажырашып, мага үйлөнөт, бактылуу-таалайлуу жашайбыз» деген кыялдарды куруп, ага өзүм ишендим. Фейсбук, Инстаграмга тартынбай эле «сүйгөнүм» деп сүрөттөрүбүздү иле баштадым. Сүрөттөрдүн алды болсо «үчүнчү дүйнөлүк согушка» айланды. Бул кылыктарымдан уялбадым, тартынбадым, ал тургай бул кылыктарымды сүйүүм үчүн, бактым үчүн болгон күрөш деп эсептедим. Аялы менен сүйлөшкөндө да баштагыдай актанбай, «күйөөң чечсин» дегенге өттүм. Ал мени каргаганга, коркутканга, кемсинткенге өттү. Ансайын өчөштүм, «күйөөң чечет» дедим. Акылым жеткен амалдын баарын жасадым. Мен качандыр бир баары бир жеңилем да. Акыры бир күнү жеңилем. Жок дегенде азыр жеңилбей турайын деп ошенттим. Аялы экөөбүзгө ар күнү ар кандай убада берип, эки ортодо жашап жүргөн Артурдун деле кантип чечерин билем да, билбесем бир жөн... Мен баары бир жеңилем, эже...
ххх
– Бизде молдокелердин арасында «мектепке хиджаб форма болсун, кыздар хиджаб кийсин, кыздар менен балдар бөлөк окусун» деген сөз болуп жатыптыр. Секелектердин сексейген чачын көрүп кимдер жолдон чыгып, кимдердин ыйманы бузулуп жатканын түшүнбөй кыжалатмын. Өзүнүн ыйманына ишенбеген пенделер ушинтип бирөөгө күнөөсүн оодара берет окшойт. Болбосо, алар бала да, бала кантип калыптанып калган чоң эле кишини күнөөгө батырып, жолдон чыгарсын?! Кеп секелектерде эмес, кеп секелектин чачынан азгырык көргөн адамдын ыйманында экенин айткан киши жок. Боёкчу, боёкчу десе, сакалынан бери боёп баштады баары. Булардын баары өздөрүнүн канчага сатылганын, кимге сатылганын, эмнеге сатылганын билет. Бирок өздөрүнүн эмнени сатып, эмнеден кол жууп, эмнеден кечип жатканын түшүнө албайт да.
– Мен да ошолорду карап отурам... Бактысыздар –бактылуу болууга, уурулар – эмгекке, сойкулар – уятка, ыймансыздар – ыйманга, жалганчылар – чынчылдыкка чакырган заман болду го...
– Акындардын ушундайда сүйлөгөн сөзүн кара... Бир акын «саясатка молдолор келиш керек эле» деп жатат.
– Молдо менен саясатчы экөө бир эле киши. Формалары эле бөлөк.
– Ошону түшүнгөн киши жок. Экөө тең бейиш убада берет, болгону бири бул дүйнөдөн, бири тиги дүйнөдөн. Элитада уурулар, чайкоочулар. Ак үйдө уурулар, чайкоочулар. Интеллигенция башын кумга катып жатат. Биз болсо арасатпыз. Ар бир келген президент жалганчы. Анан булар сүйлөбөй, ким сүйлөйт?!..
(Уландысы кийинки санда)