КОФЕ – ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КӨП КОЛДОНУЛГАН ЭКИНЧИ АЗЫК

• Алгач бул өсүмдүк энергия берерин Эфиопиядагы койчу эчкилери кофенин жалбырагын жеп ойноок болуп калганынан байкаган.

• “Каффанын дандары” деп айтылып жүрүп кофе аталып калган. Каффа Эфиопиядагы провинция.

• Дүйнөдө Финляндия кофе ичүү боюнча алдыда. Аларда бир адам жыл ичинде 12 килограмм кофе ичет. Ал эми Норвегия, Нидерланд, Исландия кийинки орунда.

• 45 өлкө кофе өстүрүү-сатуу менен алектенет. Алдынкы үчтүк – Бразилия (30 пайыз), Вьетнам (15 пайыз), Колумбия (12 пайыз).

• Эң көп өндүрүлүп, колдонууга жиберилген товарга алгач бензин кирсе, андан кийинки эле орунда кофе турат.

• Алча сымал мөмөлөп, анын ичиндеги экиге бөлүнгөн данектери кофе болуп бышырылат.

• Кандай шартта өсүп-жетилгенине, кандай бышырылып, кандай даярдалганына карата даамы өзгөчөлөнө берет.

• Кофенин 50дөн ашык сорту бар, бирок ичүү үчүн эки түрү – арабика (70 пайыз) жана робуст (30 пайыз) пайдаланылат. Арабикада кофеин 1,4 пайызга чейин болсо, робустада 4 пайызга чейин жетет. Бирок арабика жыттуу жана жумшак болуп кымбат бааланат, робуста кыйгыл болгондуктан баасы арзаныраак.

• Эң кымбат кофенин 1 килограмм баасы миң доллардан ашык турат.

• Кофе дарагы тропикалык аймактарда гана өсөт. Анын бийиктиги 2,5-3 метрге чейин жетип, орточо 20-30 жыл, көп дегенде 70 жыл жашайт.

• Эл аралык олимпиадалык комитет кандан 12 микрограмм кофеин тапса спортчуну мелдештен четтетет. Ал дозага жетиш үчүн 5 кружка кофе ичүү жетиштүү.

• Ашыкча салмактан арылууга да жардамын тийгизет, анткени ал энергияны организмдеги углеводдон эмес, майдан иштеп чыгарат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан