Рысбай Исаков, манасчы: “ЖЕҢИШ МЕН ҮЧҮН КҮТҮҮСҮЗ БОЛДУ”

Белгилүү манасчы Рысбай Исаков Өзбекстандын Гүлистан шаарында эпос айтуучулар сынагына катышып, 50 өлкөнүн арасынан 1-орунду багынтып келди. Манасчы менен аталган сынактын тегерегинде кыскача маек курдук.

– Рысбай ага, сынактан 1-орунду алышыңыз менен куттуктайбыз! Сынак кандай өттү?

– Чоң рахмат. Мени сынакка чакырышты. “Бакшылардын фестивалы” деген биздин кулакка өөн угулат экен. Көрсө, алар эпос айтуучуларды жалпы жонунан бакшы деп аташат экен. Фестиваль 3-жолу өтүп жатыптыр. Биринчи, экинчисине да бизден манасчылар катышышкан. Фестивалдын ачылыш, жабылыш аземи өтө жогорку деңгээлде өттү. Калган учурларда бир аз кемчиликтер, саясат аралашып кеткен жагдайлар да болду. Анын баарын туура түшүнүп, кабыл алдык. Ушундай эл аралык деңгээлдеги сынактарды өткөрүп турсак деген сезимде кайттык.

– Кандай даярдандыңыз эле?

– Биз дайым даярдыкта жүрөбүз да, атайын даярданган жокмун. “Бара көрөрбүз” деген кыргыздын жакшы сөзү бар го. Ошентип эле кетип калгам. Бизден Азиз Биймырза уулу, Акматбек Султан уулу да катышты. Алар негизи Ташкент аркылуу Бакуга кетип жатышкан. Жөн кетпей жылкы тие кетели дегендей болуп өз номурларын аткарып коюшуп, андан ары жолун улашты.

– Өзбекстандагы угармандар Манас айтууну кандай кабыл алышты?

– Эл аябай жакшы кабыл алды. Эпос айтуучулар деген менен, айрымдар жөнөкөй ырлары менен эле барып алышыптыр. 50 мамлекет катышты. 50 мамлекеттин баарында эпос сакталып калган эмес да. Андыктан элдик ырлар менен, күү чертип баргандар да болуп калыптыр. Алардын арасынан манас айтуу өзүнөн-өзү бөлүнүп, атан төөдөй көрүнүп айырмаланып калат экен. Айтуучулук ыкмасы да башкача да, эч бир аспапсыз, жандуу жашап айтылгандыктан жакшы кабыл алынды. Эл тура калып кол чаап, коштоп берди.

– Жеңишке жетем деген үмүт бар болчу да?

– Албетте, сынак болгондон кийин жеңебиз деген үмүт болот да. Антпесе сынакка катышпайт да адам. Бирок сынактын жүрүшүн көргөндөн кийин бар аз түңүлүү боло баштаган. Себеби өйдө-ылдый сөздөр айтыла баштады, калыстар тобунда кыргыздар жок экен, эпос эмне экенин түшүнбөгөндөр да отурду. Ар ким өз көмөчүнө күл тартат дегендей, калыстар тобундагылардын айрымдарынын окуучулары катышыптыр. Булардын баарын эске алганда үмүттү үзө турган жагдай жаралды. Ал эч нерсе эмес, негизгиси – элдин сыймыгы болгон, жалпы журтка даңазалай турган, ааламга атын чыгара турган манасыбызды ошол жерден айтып алдык дедик. Бир маалда жаныбызга япониялыктар келип, “биз буга чейин мындай нерсени көргөн эмеспиз” деп мактап бир сүйүндүрүштү. Ошого ыраазы болуп турганбыз. Мындай жыйнытык күткөн эмесмин, мен үчүн күтүүсүз болду.

– Манасты Тиктоктон жайылтууну колго алыпсыз...

– Бүгүн коом кайда жылып жатканын карап туруш керек. Келечек муун ошол жакта тарбияланып жатат. Ал жакка кирбесек, манас менен келечек муунду тарбиялай албай калабыз. Муну туура кабыл алгандар көп. Минтип алыскы сапарларга чыкканда Тиктокко чыкпай калсам, жеке кат аркылуу жазып тынчы кеткендер болуп жатат. Демек, жакшы жыйынтык болот деп ойлойм. Коомду агартуу иштерин ушундай жолдор менен жүргүзө беребиз. Андан талбайбыз. Ат чапкан бала чаң болот дейт. Анын сыңарындай “Тиктокто эмне бар эле?” дегендер да болуп жатат. Түпкүлүгүн түшүнгөн адамга келечектүү иш кылып жатабыз деп ойлойм.

– Туура. Маегиңизге рахмат! Ийгиликтер ээрчишип келе берсин!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан