– Апа, эжекебиз мектепти оңдоп-түзөө иштерине берчү акчаны тездетсин деп жатат, - деди кичүү уулум мектептен келип үйгө кирери менен. Күндө эле ушул, тиги жакка акча керек, бул жакка акча керек, “апа, баланча кийимди алгым келип жатат”, “апа, башка балдардыкы бар, мен да Айфон көтөргүм келип жатат” жана башка. Бүгүн банктан да чалышты, кредиттерим боюнча. Айтор, ушул. Баарына жеткирем деп 3 жумушта иштейм. 10 жылдан бери эс алуусуз иштеп жүрөм. Мен эс алам деп жатып алсам, менин, балдарымдын гана эмес, апамдын да жашоосу өтпөй калат. Апама болсо жаңы эле операция жасалды, ага жакшы кароо керек, түнкүсүн аны карап, суусун алып келип берип, эшикке чыгарып жүрүп жакшы деле уктап эс ала албайм. Апамды карамай жоопкерчилигин да эмнегедир мен алып алгам. Болбосо жалгыз кыз эмесмин, 4 байкем бар. Баары өз үй-бүлөсү, өз жашоосу менен алек. Менин болсо минтип өзүмө убактым жок. Чындыгында чарчадым. Ушунча жоопкерчиликти көтөрүп жүрүп чарчадым. Бул жоопкерчиликтерди турган жерден ыргыта салып да басып кете албайт экенсиң. Бул эч нерсе эмес, ушул жашоом менен тынч коюшса да мейли эле. Эки күндүн биринде келип ызы-чуу салып турган мурдагы жолдошум да бар. Мисалы, кечээ балдардын тарбиясы тууралуу уруш уктум.
– Эмнеге сен балдарды жакшы тарбиялабай жатасың? Эмнеге булар мен келсем жолумдан тосуп чуркап чыкпай калышкан? Мени жаман көрсөтүп жатасың да,- дегенден башталды анын кечээги урушу.
Айтышкым келген жок, ага алым жок болчу. Менин оюмда кредиттерим, балдарымдын ийримдери үчүн төлөнө элек акча, апамдын дарылары... Мындан да көбүрөөк иштешим керек деген нерселер бар болчу. Унчукпай койсом, андан ашып кыйкырып, кошуналарды да чочутуп кетти.
“А сен кайда жүрөсүң тарбиялабай? Сен кайда жүрөсүң аталык милдетиңди аткарбай? Балдардын мектебине, кийим-кечегине, жок дегенде тамак-ашына деп акча берип койдуңбу бир жолу? Атасымын деп жоопкерчиликти сезип, жок дегенде материалдык жактан каралашсаң, балким, балдардын тарбиясына көңүл бурганга убактым болмок чыгар” деп билдирүү жаздым бир маалда. Пайдасы тийбесе да, зыянын тийгизбесе дейм. Жок дегенде мени колдоп койгонуңда, жок дегенде жакшы сөз арнап койгонуңда аз болсо да күчтөнө түшөт белем. Мага азыр колдоо, жакшы сөз, таяныч жетишпей жатат. Алсыз болгум келип жатат. Күчтүү эркекке жолугуп, анын айтканын угуп эле бала карап үйдө отурган назик аял болгум келип жатат. Жеке жашоомо көңүл бурайын деп аракет кылып социалдык тармактардан мырзалар менен таанышып, жолугуп да көрдүм. Мырзалар өзгөрүп кеткенби же мага гана ошондойлор туш келдиби, айтор, мага таяныч болбой эле, жүк болчулар чыкты. Бири биринчи жолугушуудан кийин эле акча сурады. Экинчиси оозу менен орок оргонду жакшы билген, бирок иш жүзүндө эч нерсе колунан келбеген адам болуп чыкты, үчүнчүсү үй-бүлөлүү, төртүнчүсүн болсо балдары менен кошо багышым керек экен, айтор, мен таянбай эле, мага таянчулар экен. Ошентип анан таяныч издебей эле коёюн деп чечтим. Өзүмө-өзүм күч тилеп алдыга жүрө берейин дедим. Бирок күчтүү болуудан чарчадым, баарынан чарчадым. Машина деле токтоосуз иштей берсе чачырап кетет да. Жок дегенде шаар сыртына барып кыйкырып ыйлап бугумду чыгарып келгим келип жүрөт. Ишенесиңерби, ага да убакыт таппай жатам. Акыркы күндөрү жасаган иштеримдин деле дайыны жок. Такыр эле иштегим келбей, иштей албай калдым. Өзүмдү араң сүйрөп жумушка барып келүүдөмүн. Жумушумдун жыйынтыгы жок, жеген тамагымдын даамы жок, жашоонун да кызыгы жоктой...
Ажар