ЭКОЛОГИЯ: Таштандыны туш келди ыргытпоону качан үйрөнөбүз?

Эс алуу мезгили келди. Ысыкта тоого, көл жээгине, сууга түшүүгө шашабыз. Бирок эс алууну катырганыбыз менен, тазалыкты унутуп, артыбызда акыр-чикир чачылган бойдон калат, өкүнүчтүүсү ушул. Жакында президент Садыр Жапаров жарандардан жаратылышты булгабоону өтүндү. Тазалык, жаратылышка этият мамиле кылуу маселеси жөнүндө дагы бир жолу токтотолу дедик.

Влад Ушаков, экоактивист: “Аң-сезим өзгөргөндө гана табиятка аяр мамиле кыла баштайбыз”

– Бизде “жаратылышты коргойлу, сактайлы” деген жаттама сөз көп айтылат. Эгер туура ой жүгүртө билсек, жаратылышка тийгизген ар бир зыяндын артында адамзатынын жашоосу, өмүрү турат. Ууланган жерде жашап, ууланган абадан дем алып, ууланган суу ичкен адамдын өмүрү узун болбойт. Айланып келип баары өзүбүздүн ден соолукка зыян экенин түшүнгөндө гана таштандыны атайын таштанды төгүүчү жерге таштап, чөйрөбүзгө аяр мамиле кыла баштайбыз деп ойлойм. Биздин өлкөдө таштанды маселеси абдан курч, бул маселе чечилип кетти деп бир да аймакты айтууга болбойт. Эл аралык стандартка жооп берген таштанды полигондору жок. Биз бүгүн “полигон” деп атап таштанды төгүп жаткан жайлар полигон эмес. Бул көйгөйдү чечүүдө экологдор да көп сунуштарды айтып келишет. Бирок сөзү менен иши дал келген экоактивисттер аз. Мисалы, экоактивист Гамал Сооронкулов менен учурда Алайда жүрөм, экология көйгөйүн чечүүгө байланыштуу кызыктуу долбоорду ишке ашырганы келдик. Эколог жөн эле сүйлөп койбой, иш жүзүндө аракет кылса чыныгы жаратылышка күйгөн адам экенин далилдейт. Ал эми таштанды төгүү маданиятын элге үйрөтүү боюнча... Биз бардык нерсеге элди күнөөлөй бербешибиз керек. Адегенде аларга ылайыктуу шарт түзүп бериш керек да. Мисалы, Ысык-Көлдүн Кажы-Сайынан Балыкчысына чейин пляждарды кыдырып көрсөңүз таштанды төгүүчү чакалары ыңгайлуу, жээкке жакын жерде эмес. Анан айрымдар таштандыны өзү менен алып кетпей, ошол жерге таштап кетет да. Андыктан эс алуучуларды гана айыптай бербей, аларга шарт түзүү жолдорун да сунуштасак жакшы болмок.

Гамал Сооронкулов, экоактивист: “Көчмөн кыргыздар артынан ак калтырышкан эмес”

– Кыргызстандын аймагындагы таштанды маселеси, экологиялык көйгөйлөр менен 4 жылдан бери иштеп жүрөм. Таштанды маселеси учурда чын эле өтө олуттуу. Бизге таштанды иштетүүчү ири өндүрүш заводу керек, болбосо мынча желим буюмду каякка өрттөп жетишебиз? Андан чыккан түтүндүн баарын кайра өзүбүз жутуп жатпайбызбы. Учурда Чоң-Алайдын Чак деген айылында жүрөм. Мына, тоо менен курчалган ушул айылда да таштанды жатат, желим бөтөлкө, баштык, балмуздактын кагаздары, айтор, баары. Мен деле айылда чоңойгон адаммын, бирок бизге ата-энебиз таштанды таштаба же тиги жакка ыргыт деп үйрөткөн эмес. Ата-энебизди көрүп эле билчүбүз баарын. Менин балдарым да таштандыны туш келген жерге ыргытпайт. Демек, тарбия үй-бүлөдөн окшойт деп койдум. Илгери ата-бабаларыбыз көчүп-конуп жашаса да, артыбыздан ак калтырбайлы деп тоо-этекти тазалап кетишчү. Канчалык генетикабыз, деңгээлибиз жогору деп мактанбайлы айлана-чөйрөгө болгон аяр мамилени бакчадан, мектептен, үй-бүлөдөн баштайт окшойбуз.

Азамат Токтоналиев, ӨКМдин суучулу: “Көлдүн түбүндөгү таштандыларды тазалап жүрүп ооруп да калдык”

– Суучул болуп иштеп жатканыма 12 жылдан ашты. Өзүм да суу астындагы техникалык иштерге аябай кызыгам. Эки айдан бери биздин команда Ысык-Көлдүн түбүндөгү таштандыларды тазалап жатабыз. Суунун температурасы жайындагыдай эмес, муздак, 5-10 градус жылуу. Күнүнө 3-4 жолудан сууга кирип жатып бир сыйра ооруп да калдык. Суунун астында кыймылдоо өтө эле кыйын. Сууга кирүү оңой, чыгуу андан 2-3 эсе оор. Көйгөйдүн баары жээктеги жеңил таштандылардын шамал менен учуп көлгө түшкөнүндө болуп жатат. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү көл жээгин тазалашы керек болчу. Бирок алар өз убагында тазалабай, азыркы абал түзүлүп жатат да. Биз 40 метрге чейинки тереңдикте жаткан таштандыларды тазалайбыз. Сууну асты, билесиңер, жарык эмес, бир таштандыны көтөрсөң суу ылайланып эч нерсе көрүнбөй калат. Кээде абдан кир көл жээктери болот, колуңду салсаң эле кум толтурулган желим бөтөлкө урунат. Биз башында желим бөтөлкөдөгү кумдарды суунун астынан эле бычак менен кесип алып чыгып жатканбыз. Бирок биз асынып жүргөн аба баллону 2 саатка жүрүүгө эле жетет. Кумду төгүп отурганда иш да алдыга жылбайт экен. Кийин бөтөлкөсү менен эле сыртка алып чыгып калдык. Күнүнө 30-40 мүшөккө чейин таштанды алып чыгып жатабыз. Учурда Түптөбүз, Караколдун кум жээктерине жете элекпиз. “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” дегендей, тазалыкты ар бирибиз өзүбүздөн баштасак, ушундай көрүнүштөр болбойт эле.

Марат Алдашкуров, “Бишкек санитардык полигону” ишканасынын жетекчисинин орун басары: “Жаңы полигон курулуп бүтсө шаар түтөбөй калат”

– Бишкек шаарында бир эле таштанды төгүүчү полигон бар болчу. Жакында жаңы полигон курууга ошол эле аймактан 75 гектар жер бөлүнүп берилип, полигонду куруу иши башталды. Буюрса, 2 жылдын ичинде курулуп бүтөт. Ал полигон ишке кирсе бир гана Бишкек шаарынын эмес, Чүй облусунун да таштандыларын кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Мурункудай шаар түтөбөйт, жашоочулар эшик-терезелерин жаппай калышат. Таштандыны сорттоочу, кайра иштетүүчү заводдор курулат. Ал эми эски полигондун үстүн топурак менен жаап жатабыз, учурда 90 пайызы жабылып калды. Эми рекультивациялык иштер жүрсө ал жакка газон отургузуп, тал-теректерди тигүү пландалууда.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан