9-Май – Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгы белгиленди. Бишкекте баатырларды эскерүү митинги, “Өлбөс полк” жүрүшү өтүп, бул иш-чараларга министрликтин, мэриянын өкүлдөрү, жүздөгөн жарандар катышты. “Өлбөс полк” жүрүшү өлкөнүн аймактарында да миңдеген адамдардын катышуусунда өттү. Президент Садыр Жапаров 8-майда Москвага расмий иш сапары менен барып, Орусиянын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Эртеси 9-майда конок катары Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышты. Буга чейин айрым орусиялык ЖМКларга “Садыр Жапаров Жеңиш парадындагы жалгыз конок болот” деген маалымат чыгып, Кыргыз жериндеги интернет колдонуучулары Жапаровду сындоого жетишкен эле. Майрамдык парадга Казакстан, Беларусь, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Армениянын президенттери да катышты.
Эскерте кетсек, 1941-1945-жылкы согушка Кыргызстандан 360 миңден ашык адам аттанып, анын жарымынан көбү кайтпай калган. Азыркы тапта өлкөдө аталган согуштун 68 ардагери бар. Алардын ар бирине быйыл 100 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.