САГЫНДЫРГАН ЖАЗ

(Башы өткөн саныбызда)

– Ме, үйгө алып кирип кой. Энең сага деп салып берди.
– Рахмат, Терминатор аба. Өзүмдүн да айран ичким келди эле.
Экөөнүн ортосунда 40 жашка жакын айырма болсо да жакын, ынак достордой. Бирине-бири сырын төгүп, кээде көңүлдөрү ачык болсо бозого тоюп, чардашат. Кетмен менен башка жегенден кийин түнт болуп кеткен Мыктыбек Адилет менен гана ачылып, шайыр сүйлөшөт. Ал мас болгондо бир гана Адилет үйүнө алып барып уктатат.
Сөөрүгө жамбаштап жатып алган Мыктыбек короо ичин айландыра бир сыйра карап алды.
– Ай, Адилет, тиги бурчта турган трактирдин моторлору кана?
– Атамдын карызына кетти да.
– Ээ, айтмакчы, ошондон сүйлөчү... Атаңдан кабар барбы деги? Карыз канчага жетти? Доолагандардын аягы үзүлчүдөйбү?
– Э-эй, эмнесин айтасыз?! Жанга тийди ушунун баары. Апам түнү менен көз жашын төгүп чыгат. Карыз 364 миңге жетти. Доолагандар түгөнчүдөй эмес. Күнүгө бирден жаңысы келип жүдөттү. Чын эле карызы барбы же жокпу, билбейм. Милиция менен келип алып жаңжал кылышат. Тынч жашоо жок болуп калды. Атамдан болсо дайын жок.
– Оой, иттики десе. Атаңдын карызы силерге түшкөн түйшүк болду го. Кой эми, мен кеттим. Үйгө барып эс алайын. Атыңды алып келдим.
– Мыктыбек аба, кайра качан кетесиз? Алып кетесиз ээ, Карачаңымды? Мен атайын карыз доолагандардан бекитип жатам атымды. Алып кетиң, ээ?
– Билбейм, качан кетем. Муну да караш керек болуп жатат да, чунагым. Алып кет десең, алып кетем.
– Рахмат, Терминатор аба. Айтмакчы, бүгүн биздин майрам.
– Кандай майрам?
– Акыркы коңгуроо. Бүгүн 25-май. Мен мектепти бүтүп жатам.
– Оо атаңды десе. Майрам деп алат. Биздин убакта майрам-сайрамы деле жок эле. Ушу сен жердин битиндей болуп алып мектепти бүтүп жатасыңбы? Башка бирөө укса чалкасынан кетет го.
Жобурап алган Мыктыбек ички чөнтөгүндөгү баштыгынан 100 сомдук эки кагазды сууруп чыгып Адилетке карматты.
– Ме, майрамыңда бир нерсе алып жээрсиң. Эй, токтой тур, мына муну кууруп жегиле,- деп куржунунан суурдун этин алып чыкты.
– Кечээ капканга түшүп калыптыр, атасынын көрү,- деп жылмайып алды Мыктыбек.
– Оо, аба, бүгүн өзгөчө добрыйсыз го. Оң жамбаш менен турган окшойсуз.
– Эй, келжиребечи. Берсе да такмазалайсың.
– Оой, койсоңуз. Мени биринчи жолу көрүп жаткандайсыз да...
– Болуптур. Мен кеттим анда. Жымшыйбай, барып атты арканда.
– Макул, макул. Азыр барып аркандайм. Өзүм деле аксак торпокту издегени чыгайын деп жаткам. Айтмакчы, Эдил Бишкектен “Терминатордун” дискин алып келиптир. Көрөсүзбү?
– Атаңдын оозун урайын, лилипут. Азыр сеничи, буттан алып жерге бир чабам да...
– Болду, болду, абаке. Мен пасмын. Кечинде суурдун куурдагына чакырам, келиңиз,- деп Адилет жаңырта каткырык салып абасын узатып калды.
Шаңдуу жаңырган күлкүнүн артынан жымжырттык коштоп, короо ичи тыптынч боло түштү. Атынын жанына басып келген Адилет адатынча мойнуна асыла кетти. Анын ойногонун жаныбары да коштоп, башын өйдө-ылдый кылып койду.
– Карачаңым менин, сагындым го, сагындым сени.
Атынын мойнунан бекем кучактап, бир нече көз ирмемге туруп калды. Адатта, экөө көп көрүшпөй калган кезде оюн салган шаңдуу учурашуу азыр муң аралаш маанайда болуп өттү. Эмнеге мындай болгонун Адилет менен Карачаң түшүнө бербеди, жадакалса мындай муң аралаш өңүткө этибар да беришпеди.
Карачаңды жайдактап, токулгаларды сарайга алып киргизгенде таңкы саат 5 болуптур. Эбак эле айланага жарык түшүп калган эле. Дагы таң агарып, жүрөктү сыккан күндөрдүн дагы бири кирип келди. Анткени эки айдан бери Адилеттин үйүндө бир дагы тынч өткөн күн жок болчу.
Адилеттин атасы Акмат узак жылдар райондун тамеки заводунда эмгектенип келген. Катардагы жумушчудан башкы директордун орун басарлыгына чейин жеткен. Аны менен катар жубайы Гүлсара менен жашоонун өйдө-ылдыйында 1 уул, 8 кызды өстүрүп келишкен. Анан эле кызматына байланыштуу Акматтын жашоосу астын-үстүн болуп кетти. Жүздөн ашуун адам иштеген тамеки завод тез аранын ичинде эле банкротко учурап калды. Элден кымбат алган тамекинин баасы төмөн түшүп, завод орто жолдо бүлүндүгө учурады. Баарын Акматка шылтаган башкы директор дүнүйөсүн түйүп алып көздөн кайым болгон.
Акмат байкуш жумушчулардын эмгек акысын бере албай же элден алган тамекинин акчасынан кутула албай айласы кетет. Анысы аз келгенсип орто жолдон заводдун жаңы кожоюндары пайда болуп, заводго ээлик кылып алышты. Жаңы кожоюндар эптеп-септеп жумушчулардын эмгек акысын берип, аларды заводдон кууп чыгышты. Ал эми Акматты “тамеки алган эл менен кандай эсептешсең, ошентип эсептеш” деп тагдырдын сыноосуна калтырып коюшкан. Ошентип, жумушчулар талаада, Акмат тамеки алган дыйкандары менен аңда калды. Ары-бери чуркап, өкмөткө чейин кайрылганынан эч бир майнап чыкпады. Же өзүнүн ар дайым ак иштегенин, ортодогу шылуундардын курмандыгы болгонун далилдей алсачы. Эсептесе, жөн жерден моюнуна илинген карызы жарым миллион сомдон ашуун экен. Дыйкандардан тамеки алып жатканда өзү кепилдик берип кол койгонун эстеп, “качып кетүү гана керек” деп чечти. Үй-бүлөсүнө толук түшүндүрүп бербей эле, акча таап келем деп кеткен боюнча дайынсыз. Андан бери туптуура эки айдын жүзү болду.
Тамекисин жакшы баага баалап берген тамекичилер баарынан куру калганына ишенишпей, эки айдан бери күн сайын Акматтын үйүнө келишип, Гүлсара менен Адилеттин жанын коюшпайт. Арасында кыйындары тааныш милицияларын кошуп келип, чакан бир кагазды көргөзүшөт. “Мынча сом карыз” деп доомат коюшуп, үйдөгү буюмдарды баалашып, жүктөп кеткени да бар.
Ошентип, Адилеттин жашоосу акыркы эки айда карыз доолап келгендер менен күрөшүп жүрүп өтүүдө. Бирок табиятынан сабырдуу Адилет ар дайым куунак, маанайы көтөрүңкү. Апасы менен 8 карындашынын маанайларын дайыма көтөрүп, аларды жаркын келечекке үндөп келет. Бул нерсе убактылуу экенин байма-бай сайрап, тагдырдын бир белеги да деп жакындарын сооротот.
Сөөрүдө ой салыңкы отурган Адилет эсине бир нерсе келе түшкөндөй секирип турду. “Ээ, жашоо – керемет!” деп кыйкырып алды да, сарайды көздөй чуркады. Ийинине аркан менен дүрбүнү илип чыгып, Карачаңга минип маңдайдагы тоону көздөй бастырды.
Короодон жаңы эле чыгып, бир аз жүргөндө алдынан Эшпай чал чыкты. Неберелерин алып, төрт эшек менен отунга баратканы билинип турат.
– Ассалом алейкум, Эшпай аба.
– А-алеки салам! Адилет балам, кандайсың?
– Баары жакшы, аба. Кудайга шүгүр.
– Тиги Терминатор атыңды алып келдиби? Аябай иштеткен окшойт го, арыктай түшүптүр.
– Жоок, атым мурдагыдай эле дурус. Айтмакчы, Эшпай аба, Мыктыбек абам “ким мени Терминатор десе, ошону ылдыйкы көлгө чөктүрөм” деген.

Залкарбек Карабалаев

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Titi
2011-01-22 11:13:47
Куло берип ичим ооруп калды.
0
look
2011-01-23 22:34:22
Мунун эмнеси кулкулуу.Кайра башы капалуу экен.Мен окуп жатып К.Жантошевдики беле эсимде жок "КАНЫБЕК"чыгармасын элестетип кеттим.
0
№ 429, 21-27-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан