ӨЗҮ КИЧИНЕКЕЙ, ТАБИЯТКА ЗЫЯНЫ ЧОҢ – САГЫЗ

Чайналган сагыз – көчө таштандысы катары дүйнөдө чылым калдыгынан кийинки эле экинчи орунда турат. Дүйнө эли жыл сайын 560 000 тонна сагыз чайнайт, башкача айтканда, чайналган сагыздардын 1 жылдагы салмагы болжол менен 112 000 пилге барабар. Target Group Index`тин изилдөөсүнө таянсак, Түркияда ай сайын орточо 740 тоннадай сагыз чайналып ташталат. Бул адамдын санына жараша бөлгөндө ар бир экинчи түркиялык сагыз чайнайт дегенди билдирет. Ал эми Кыргызстанда сагыз боюнча так статистика жок. Биз чайнап таштаган сагыз ит-куштун өлүмүнө себеп болорун жана экологияга олуттуу зыян келтирерин ар бирибиз биле бербейбиз.

Сагыз – куштардын өлүмүнө себепкер

Көчөдөн, көчө лампаларынан, үстөлдүн астынан, коомдук унаалардагы кармагычтардан, бут кийимдерибиздин таманынан көрүп көнүп калган сагыз айлана-чөйрөнү гана булгабастан, канаттуулардын өлүмүнө да себеп болууда. Орнитологдордун айтымында, канаттуулар кичинекей сагызды жутуп алса тумшугуна жабышып, дем алуусуна, тамактанышына жана суу ичишине тоскоолдук жаратат. Натыйжада тумшуктарын кайра ача албаган канаттуулар суусагандан жана ачкалыктан өлүшөт. Чакан канаттуулар сагызга “жабышып” калышы да мүмкүн, мындай учурлар бар экенин ветеринарлар жана социалдык тармактардын колдонуучулары бир нече жолу далилдешкен.

Сагыздагы ксилит иттерди ууландырат

Ксилит камтыган бир же эки даана сагыз иттердин өмүрүн коркунучка кептейт. Жаныбарлардын уулануусун көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, иттер салмагынын 1 килограммы үчүн 0,1 граммдан ашык курамында ксилит кездешкен азыктарды жеп алышса, организминдеги канттын деңгээли төмөндөп кетүү (гипогликемия) жана боор оорусунун жаралуу коркунучу бар. Мындан тышкары кусуу, летаргия, кыймылды координациялоонун бузулушу, нерв ооруларына чалдыгышы мүмкүн экендигин адистер эскертишет.

Сагыз 30 жылда араң чирийт

Климаты жылуу өлкөлөрдө сагыз бери дегенде 30 жылда араң чирип жок болот. Ал эми суук климатта ал дагы бир нече ондогон жылдар бою жатышы мүмкүн. Бирок ошондо да сагыз таптакыр жок болуп кетпей, көзгө көрүнбөгөн микропластикага айланат.

Эгерде сиз чайнаган сагызыңызды 1-классыңызда ыргыткан болсоңуз, ал сагыз чиригенче, сиз чоңоюп, өз алдынча үй-бүлө куруп, дагы миңдеген сагызды чайнап ыргытууга үлгүрөсүз. Ал эми сиздин биринчи ыргыткан сагызыңыз дагы эле жерде айлана-чөйрөнү булгап жаткан болот.

Асфальттагы сагызды тазалоого миллиондор жумшалат

Сагыз кеч чирип гана тим болбостон, өзүнүн курамы боюнча башка полимерлерге, мисалы, асфальтка – бекем жабышат.

Алсак, Римде асфальттан бир сагызды тазалоо акысы 1 евро турат. Орто эсеп менен жарандар жана туристтер бир күндө 15 000ге жакын сагыз чайнашат. Римде жолду сагыздан тазалоого айына 450 000 евро (дээрлик 40 миллион 500 миң сом) жумшалат. Англияда мындай чыгаша жылына 300 миллион еврону түзөрү ЖМКларда айтылып келет. Кээ бир өлкөлөрдө асфальтка сагыз ыргыткандарга ири суммада айып салынат. Мисалы, Германияда 250 евро айып пул каралган.

Натыйжада сагыздан тазалануу сатыктагы сагыздын өздүк наркынан бир нече эсе кымбатка турат.

Асфальтка жабышкан сагызды тазалоо Кыргызстанда да көйгөй. Мисалы, Бишкектин “Тазалык” ишканасы борбордук “Ала-Тоо” аянтын сагыздан тазалап турат. “Аянтты атайын техникалар менен жууп-тазаладык, бирок сагыздар кеткен жок. Мындан улам аларды кол менен кырып тазалоого туура келүүдө” деген “Тазалык” ишканасы 2022-жылы.

Өзү эле эмес, таңгагы да зыяндуу

Дагы бир көйгөй – бул сагыздын бир жолу колдонулуучу кайра иштетилбеген таңгагы, ал көбүнчө таштандыга эмес, адатта, көчөгө ыргытылат. Таңгактын курамында полиэтилен кездешет. Полиэтилен плёнкасы суутек жана көмүртек молекулаларына ажырайт. Полиэтилен баштыктарында мындай процесс алардын калыңдыгына жана тыгыздыгына жараша 5 жылдан 15 жылга чейин созулат.

Көйгөй менен ким кантип күрөшүүдө?

Сингапурда сагыз чайнап жаткан жериңизден кармалсаңыз, айып пул катары 1000 сингапур долларын төлөөгө аргасыз болосуз. Ошондуктан, Сингапурга сапар тартуудан мурун чөнтөгүңүздү текшерип алганыңыз туура.

Шаарда тазалыкты сактоо максатында 1992-жылы Сингапурда сагызга тыюу салынган. Шаардык бийлик коомдук жайлардагы, андан да жаманы – коомдук унаалардын отургучтарына жабышкан сагыздарды тазалоого чоң каражат сарптоого аргасыз болгон.

2004-жылы сагызды дарыканадан дарыгердин рецепти менен гана сатып алууга уруксат берилген. Сатуу максатында өлкөгө сагыз ташып келгендер 5500 доллар айып пул төлөшөт жана 1 жылга эркинен ажыратылышат.

Башка өлкөлөр бул маселеде анчалык радикалдуу эмес. Европада сагыз чогултуу үчүн атайын кызгылт түстөгү таштанды урналары коюлган. Ал урналар сагызды кайра иштетүүдөн жасалган. Ооба, Европада сагыз кайра иштетилет. Контейнерден кайра иштетүүчү заводго жөнөтүлөт, ал жерден кагаздын жана таңгактын калдыктарынан ажыратылып, бир пастага айланат. Муздагандан кийин бул заттан жаңы нерселер жаралышы мүмкүн: кроссовкалар, бут кийимдердин таманы, резина өтүктөр, карандаштар, фризбилер жана башка пластик буюмдар.

Мисал катары, 2018-жылы британиялык изилдөөчү жана дизайнер Анна Буллус сагыз чогултуу компаниясын негиздеп, ал үчүн Gumdrop көбүкчөлөрү түрүндөгү ачык кызгылт контейнерлерди жасаган. Буллус кайра иштетилген сагыздан буюмдарды жасай баштады: резина өтүктөр, сызгычтар, тарактар, бут кийимдердин таманы жана башка резина буюмдары. Ар бир жаңы Gumdrop буюмунун курамында кеминде 20 пайыз сагыз бар.

Калифорниядагы Сан-Луис-Обиспо шаарында сагыздын көптүгүнө наалыган шаар тургундары чайналган сагыздарды дубалга чаптап, өзүнчө арт-искусство жаратышкан. 1960-жылдан бери дубалдагы сагыздар АКШнын туристтердин көңүлүн бурган жерлердин бирине айланды.

Сагыз өндүрүүчүлөр, жарнамалык роликтер сагыз керектүү жана пайдалуу продукт деп ынандырышат. Ооздогу жагымсыз жыттардан арылтат, кариестен куткарат дешкени менен, анын айлана-чөйрөгө, ит-кушка тийгизген зыянын эстен чыгарбашыбыз керек.

Адина Матишова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан