ОСМОН ИМПЕРИЯСЫНЫН БОРБОР ШААРЛАРЫНА САЯКАТ

Өткөн саныбызда Билежик аймагына саякат жасаганбыз. Бул жолу Осмон империясынын экинчи жана үчүнчү борбор шаарлары – Бурса менен Эдирнеге саякаттайбыз.

БУРСА

Биздин заманга чейин пайда болгон аймак

Бурса – Түркиянын түндүк-батыш бөлүгүндөгү кооз мегаполис. Сөгүт Осмон бийлигинин алгачкы борбору болсо, Бурса Осмон империясынын биринчи борбор шаары. Шаардагы тарыхый жана маданий мурастар Осмон дооруна таандык. Бул аймак 5000 жыл мурун пайда болгон.

Бурса пляждык курорт эмес, пляждар жок. Бирок 2014-жылы шаар
ЮНЕСКО тарабынан Осмон империясынын кичи мекени катары таанылып, туристтердин көңүлүн бурган. Шаар даамдуу шабдаалы, жогорку сапаттагы жибек кездемелери жана каштан жемишинин көптүгү менен белгилүү. Шаарда тарыхый мечиттер, күмбөздөр, чептин урандылары жана көптөгөн музейлер сакталып калган. Бурсанын сөзсүз бара турган жерлерин айта берсе тизме узун, сиздерге биз барган маданий жерлерин гана баяндайбыз.

“Улу жами” мечити

Биз алгач эле шаардын борборундагы “Улу жами” мечитине баш бактык. Бул мечит 14-кылымдагы байыркы селжук архитектурасынын эң сонун үлгүсү. Ал 20дай куполдун болушу менен айырмаланат. Дегеле бул мусулмандар үчүн ыйык жерде көптөгөн кызыктуу нюанстар бар. Маселен, даарат алуучу фонтан короонун ичинде эмес, имараттын так ортосунда жайгашкан. “Улу жами” мечитинин ички жасалгасы, кооз каллиграфиялык жазуулар көз жоосун алат.

“Гранд базары”

Мечиттен чыгып эле “Гранд базарына” кирдик. Бул базар шаардын негизги салттуу базары болуп саналат. Ал 1335-жылы курулуп, 19-кылымда жер титирөөдө жарым-жартылай талкаланып, кайра калыбына келтирилген. Базардан кийим-кече, колго жасалган буюмдар, зер буюмдар, антиквариат, сувенирлер жана башкаларды табасыз. Биздегидей эле соодагерлер менен коркпой соодалаша бериңиз.

Жибек базары (Коза хан)

Бурсага келген көптөгөн тажрыйбалуу саякатчылар чыгыш колоритинен ырахат алуу үчүн дароо уникалдуу жибек базарына шашышат. Бул «Коза хан» базары Баязид IIнин буйругу менен 1490-жылы мечиттин кирешесин көбөйтүү максатында курулган. Осмон империясынын доорунда базардын аймагы аркылуу атактуу Улуу Жибек Жолу өткөн, азыр бул жерге көптөгөн соода павильондору коюлуп, анда ар кандай табитке жана капчыкка ылайыктуу жибек буюмдары сатылат.

Искендер кебабынын мекени

Искендер кебабынын даамын татып көрдүңүз беле? Ммм... Дал ушул Бурса шаары искендер кебабынын мекени. Бул азык Бурса аймагындагы эң белгилүү тамактардын бири. Ал грилде бышкан козу этинен жука тууралып, лавашка салынып, ачуу томат соусу, айран менен берилет. Искендер кебабына Улудаг тоосунун этектериндеги тимьян менен азыктанган кочкорлордун этин алышат. Тамактын аталышы 19-кылымдын аягында Бурсада жашаган ойлоп табуучу Искендер Эфендинин атынан коюлган.

ЭДИРНЕ


Ачык асман алдындагы музей

Эдирне – Осмон империясынын үчүнчү борбор шаары. Шаарды Рим императору Адриан негиздеген. 1361-жылы түрктөр шаарды басып алып, биринчилерден болуп Мурат анын атын Эдирне деп өзгөрткөн. Түркиянын түндүк-батышында жайгашкан бул шаар кооз мечиттери, базарлары, көпүрөлөрү жана тарыхый имараттары менен өзүнө тартып турат. Бул шаарды ачык асман алдындагы музей дешет.

Селимие мечити

Шаарга киргенде эле бизди Селимие мечитинин керемет мунаралары тосуп алды. Бул архитектор Мимар Синан тарабынан курулган 16-кылымдагы Осмон архитектурасынын өзгөчө курулушу. Мечиттин төрт бийик мунарасы бар, бул ушул типтеги эң бийик имараттардын катарына кирет. Куполдорунда көптөгөн терезелер бар, купол жана ички дубалдар каллиграфия, геометриялык оймо-чиймелер менен кооздолгон. Селимие мечитинин курулушу даңазалуу Сулаймандын уулу Султан Селим IIнин тушунда курула баштаган. Курулуш алты жылга созулуп, ага 400 уста жана 14 миң жумушчу тартылган.

Эски мечит

Селимиеден чыгып, Эдирненин тарыхый борборундагы эң эски мечит “Эски мечитке” баш бактык. Мечиттин эки мунарасы жана кичинекей куполу бар. Курулуш 1403-жылы башталып, 1414-жылы бүткөн. Мечит алтын менен соода кылынган имараттын (Бедестен) бир бөлүгү жана жанында жабык базар жайгашкан. Бул имарат да ак жана кызыл своддор, укмуштуудай дубал сүрөттөрү жана араб жазуулары менен кооздолгон.

“Үч балкон” мечити

«Үч балкон» же үч галереялуу мечитти Султан Мурат II 1438-1447-жылдары салган. Мечит шаардын жалпы көрүнүшүнө көрк берип турат. Мечиттин өзгөчөлүгү – мунаралары. Анын төрт мунарасы бар жана төртөө төрт башка. Бийиктиги жана жайгашышы боюнча да. Мунаралардын эң негизгисинде үч балкон бар, мечиттин аталышы ушундан келип чыккан. Башка мечиттер сыяктуу эле ички колоннаддын куполдору оюм-чийим менен кооздолгон.

Сөзсүз боор ооз тийиңиз

Эдирнеден калемпир менен куурулган боорду сөзсүз татып көрүү керек. Мындай даярдалган боорду аны такыр жебегендер да сүйүп калышат. Боор, түркчө жигер, уникалдуу жергиликтүү ыкма менен бышырылат. Жука кесимдерди унга оонатып, кайнап жаткан майга кууруп, кытырак кабыкты пайда кылышат. Боор ачуу жашыл калемпир жана айран менен кошо дасторконго сунулат.

Саякатты уюштуруп берген Түркиянын Туризм министрлигине караштуу Туризмди өнүктүрүү агенттигине жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маданият кеңешчилигине ыраазычылык билдиребиз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан