– Тараптардын элдешип алуусунан улам токтотулган кылмыш иштери боюнча так маалымат жок. Ар кандай коркутуулардан улам аялдар тосмо арыз жазууга мажбур болушууда. Мындай кылмыштарда тараптардын элдешүүсү таптакыр кабыл алынбашы керек деп эсептейм. Бирок айрымдар буга каршы. Ошондуктан элдешүүгө карабай кылмыш иши милдеттүү түрдө сотко өткөрүлүп берилиши керек деп сунуштап жатабыз.
Ошондой эле депутаттар зордуктоо кылмышы боюнча “кылмыштын эскирүү мөөнөтү” деген пунктун мыйзамдан алып салууну, зордуктоого шектелген жарандын баш коргоо чарасын өзгөртпөөнү сунушташты.