(Башы өткөн сандарда)
Азыр дагы жанында. Ресторанга ой-боюна койбой чакырды. Өзү айткандай жымшыйган көздөрү менен сынай тиктеп маңдайында отурат. “Илимдин көзү мындай эмес эле. Ойлуу, таптаза, терең, эч кандай эсеп-кысабы жок, ак дилден сүйүп карачу” деп ойлоп турду ичинен Айдай. Эмилдин көздөрүн тиктегиси келбей, терезени карады. Илимдин сүйүүсү да мунукундай эмес эле, зордук-зомбулук жок, ак пейилден эч кандай эркиндигин чектебестен, болгонундай кабыл алып сүйдү. Ооба, ал тууралуу өткөн чак менен айтуу оор. Бирок ал кайрылбайт. Бул адамдан кийин ал Айдайды эч качан кечирбейт. Кетти Илим. Эми эч качан аныкы болбойт, өткөндө аны Айдай алыстан көрдү. Дайымкысындай харизмалуу. Жанында жапжаш кыз эңилип бир нерсе сурап жаткан экен, ал кыздын көзүндөгү кызыгууну байкап Айдайда кызганыч дүрт этти. Азыр барып муунтуп өлтүрүп койчудай сезим келе түштү. Минтип ал эч кимди кызганбаса керек. Илимди кызганды, жүткүнүп барып, бирок эч нерсе кыла албай кайра токтоду. Жанына жакын барган жок. Анын да, өзүнүн да жарасын тырмап эмне кылат. “Ушинтип эле жат болуп кетеби?” деп жатты кызганычы жанын кашайтып. Ошол учурду эстеп көзүнө жаш тегерене түштү. Эмил билегин катуу кысып жибергенде гана селт дей түштү.
– Эмне болду?
– Сага эмне болду? Оюңа ким түштү? Баягы журналистиңби?- деди Эмил.
– Мен сенин үчүнчү аялың боло элекмин. Сага отчёт бере албайм!- деди жаны кашайган Айдай кызарган билегин карап туруп.
– Жакында болосуң!
– Анча ишенимдүү болбо.
– Болосуң, экинчи же биринчи эмес, жалгызым болосуң.
– Тобоо, бир аялың менен бизнесиң ажыраштырбайт, экинчи аялың менен балдарың ажыраштырбайт. Кандайча мен жалгызың болот экем?
– Мен чечим кабыл алдым. Сени менен гана жашоо даамдуу, мени мынча эч ким байлап алган эмес. Мен бир нерсе эле издеп жүрө берипмин жашоодон. Байлыгым, бийлигим, балдарым болду. Бирок дагы деле жашоомо канааттана албай бир жери кем, тузу жоктой. Жашоом кызыксыздай сезилер эле. Бирок сага жолуктум, анан билип баштадым. Ар күн, ар мүнөт сайын сени изилдегенге өттүм. Анан мага жетпей жүргөн нерсе эмне экенин таптым.
– Өзүң айткандай, сенин колуңдан кимдер гана өткөн жок. Катынсаактык боюнча Чыңгызхан аталыпсың. Эмнеге анан мени менен толукталышыңды ойлоп жатасың?
Эмил аны дале карап турду, бул суроону ал өзүнө да берген. Бирок жообун таба алган эмес. Анткени жоопту өзү да билбейт болчу. Эмил сыяктуу адамдар бирөөнү баш ийдиргенди жакшы көрүшөт. Баш ийип, көнүп калгандан кийин эле андан кызыгы тарай баштайт да, башкасын издөөгө киришет. Ал эми Эмил акылдуу адам болчу, Айдайга анын байлыгы, бийлиги же белектери такыр маанисиз экенин билди. Анын көкүрөгү өзү үчүн ачылбай турганын да сезди. Кумардын сыры так ушул жерде болчу. Демек, качан ал өзүн сүйүп калмайынча аркасынан калбайт. Бул балким, сүйүүнүн башка бир формасыдыр, же сүйүү эмес, бир кумардыр. Балким, адамдагы эгонун өсүп жеткен чеги ушудур. Эмне сезим экенине Эмил башын деле оорутпай турган адамдардан болчу. Ал эмне кааласа, ага жеткиси келет. Болгону ошол. Жолунда эмне турса турсун, куулук менен болобу, зордук менен болобу, акыл менен болобу иши кылып жетиши керек. Мына ушундай адам эле Эмил. Азыр да бул тууралуу башын ооруткусу келбеди. Эмнеге ушул аял үчүн баарын курмандыкка чалып жатканына да анализ жасаган жок.
– Сен жакында болчу тойго камына бер, жакшысы,- деди ал жай гана. Айдайдын көздөрү бакырайып кетти. Эмне деп жатат бул?
– Кайсы той?
– Ажарга айттым, сени сүйүп калганымды, сага үйлөнөрүмдү айттым.
– Мен каалабасамчы?
– Эмир, сен, мен! Менин оюмча, сен уулуң үчүн баарын кыласың. Сени уулуңа жолуктурчу көпүрө менмин. Муну сен жакшы билесиң. Ошондуктан менин аялым болгонго даярдана бер. Болбосо сенин уулуңду сатам деп жатканың тартылган видеону дароо берем. Анда сени Эмир эч качан кечирбейт. Ажарды канчалык жакшы көрөт, билесиң. Сенин жүзүңдү өмүрү карабайт ал бала. Мен чоңойттум го. Мүнөзүн билем.
– Сен оорукчансың!- деди Айдай айласы кете.
– Сен оорукчан кылдың мени...
– Макул, шашпа. Убактыбыз бар.
– Ооба, убакыт бар.
Эмил кеткенден кийин жеңилдене үшкүрүп алды. Эгерде бул жинди чын эле ага үйлөнөм деп чыкса эмне кылат? Жанында отурганда ушунчалык кыйналып жатат, анын аялы болгондо кантип чыдайт? Айдай эмне кыларын билбей калды. Көзүн жума ойлорго жетеленип жатты. Ушул учурда каршысына бирөө келип отурганын байкады. Көзүн ачып селт дей берди. Өзүн жек көрө караган уулу отурган экен.
– Атам эмне эле Санта-Клауска айланып, мээримдүү болуп калганын эми билдим. Белектерди, убадаларды берип баштаган эле. Көрсө, сиз анын кезектеги оюнчугуна айланыпсыз. Мен сизден муну күткөн эмесмин.
– Эмир, сен эч нерсени билбейсиң,- деди Айдай. Өзүнөн-өзү көздөрүнөн жаш агып кетти. Азыр ага баарын айтып салса, Эмир үчүн ушунун баарына чыдап жатканын айтып салса. “Сен менин уулумсуң!” дей алса... Бирок болбойт! Жашын жутуп Эмирдин көздөрүнө тике карады. Уулу ага ушунчалык окшош экенин байкады. Ал жаш кезде көңүлү калган адамдарды дал ушундай караса керек.
– Эмне болсоңор ошо болгула! Болгону апам билбесин. Апам сизди көрчү. Анын көзү менен сиздин кастингге катышып калгам. Апам билбесин...
Эмир аны дагы да жек көрө бир тиктеп алды да, ресторандан чыгып кетти. Айдай эмне кыларын билбей шалдырай тиктеп кала берди.
ххх
Эмир акыркы күндөрү Айдайдын тобундагы Асема деген кыз менен жакын боло баштаган эле. Топтон кетерин ойлогондо Асеманы көрбөй каларына ичи ачышып жатты. Кыска убакытта ага көнө түшкөн экен. Качан көңүлү чөккөндө же кубанганда ушул кыз менен сыр бөлүшүп калчу. Азыр да ага жаза баштады.
– Асема, салам!
– Салам! - жооп дароо келди.
– Мен Айдай эженин тобунан чыгам. Бир жолу да студияга барбайм. Сени менен башка жерде жолугуп туралы, ээ?
– Ой, кайра эркелеп баштадыңбы? Бул жолу сага эмне жакпай калды?
– Айдай эже...
–Сени “принц” кылган да жарашпайт. Айдай эже үчүн жалгыз “принц” бар, башкабызды көрбөйт го сен барда.
– Асема, башка жерден жолугуп турганга каршысыңбы же макулсуңбу, мага ошону айтчы.
Кыз жооп жазган жок. Эмир жиндене телефонун өчүрүп салды. Үйгө баргысы келбеди. Ооруканага апасына жөнөмөк болуп, кайра башка бир маанилүү адам бар экенин эстеп кетти.
ххх
Илимдин Айдайга жолукпаганына бир айдан ашты. Дагы деле оюна түшкөндө жаны кашайып кетет. Бирок ичинде бир үн Айдайды актап жатты. “Уулу үчүн кылып жатат, болбосо Эмил сыяктуу чоң курсактуу бай адам көрбөптүрбү. Анын колунда эмне бар экенин ким билсин, бирок Айдайды коркутуп жатканы чын...” Ушуларды ойлоп жумушунда отурса ага Эмир келди. Таң кала түштү.
– Илим байке, саламатсыз? Сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле.
– Салам, баатыр, макул, кел отур.
– Офистен башка жерде сүйлөшсөк болобу?
– Мейли, азыр анда чогуу чыгалы.
(Уландысы кийинки санда)