ЭМНЕГЕ ИТТЕР ЖААН, МӨНДҮРДҮ ЖАКТЫРЫШПАЙТ?

Ит. Ар бирибиз эле бул жаныбар менен таанышпыз. Дос, коргоочу, күзөтчү болгон жаныбар тууралуу кызыктуу фактыларды окуп алыңыз.

1. Иттер өзүн кучактаганды жактырышпайт. Алар катуу кучактаганды өзүнө коркунуч катары кабыл алат, андыктан жакшы көргөнүңүздү билдириш үчүн жөн гана сылап же кулагынын түбүн тырмап коюңуз.

2. Иттерде 1700дөн ашык даам сезүүчү рецепторлор бар.

3. Чоң иттин жүрөгү адамдыкындай эле мүнөтүнө 60-100 ирет согот.

4. Адамга караганда иттердин жыт билүү сезими 100 миң ирет күчтүү.

5. Иттер адам сыяктуу эле тамакты шашып жеп алганда ыктыткан жөндөмгө ээ.

6. Ар бир адамдын манжа издери сыяктуу эле ар бир иттин мурун изи индивидуалдуу болот.

7. Ит жанындагы адамдын эмоциясын сезүү жөндөмүнө ээ.

8. Үйрөтүүгө оңой жаныбар. 200дөн 500гө чейин сөздү үйрөнүп, анын маанисин ажырата алышат.

9. Жаанды, мөндүрдү жактырышпайт. Суу болуп калуу коркунучунан эмес, жаан-мөндүрдүн добушу иттердин угуу сезимине күчтүүлүк кылат.

10. Баарынан бат чуркаган борзая породасындагы иттер болуп саналат. Алар саатына 72 чакырымга чейинки ылдамдыкта чуркай алышат.

11. Тарыхтагы эң чоң ит 1981-жылы туулган. Англиялык мастиф породасындагы Зорба аттуу иттин мурдунан куйругунун учуна чейинки аралык – 251,5 сантиметр, ал эми салмагы 155 килограммдан жогору болгон.

12. Адам үйрөткөн алгачкы жаныбар – карышкыр болгон делет. Карышкырдан иттер таралган.

13. Аба ырайындагы өзгөрүүлөрдү иттер 2 күн мурун сезишет.

14. Иттер өңдөрдү айырмалай алышпайт – дальтониктер.

15. Мексиканын Чихуахуа штатында табылгандыктан дүйнөдөгү эң кичине көлөмдөгү деп саналган иттердин породасы чихуахуа аталып калган.

16. Чоң иттин 42 тиши болот.

17. Иттердин көзүнүн көрүүсү начар. Андыктан башкаларга салыштырмалуу автоунаанын дөңгөлөгүнө урунган дал ушул жаныбар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан