Жолболду Алибаев, Кыргыз Эл артисти: “ЧОЛПОНУМДУ” “МӨЛМӨЛҮМДҮН” ТААСИРИ МЕНЕН 1 ЖЫЛ ЖАЗГАМ”

Даңазалуу дастанчы, обончу, акын, аткаруучу, азыркынын залкары, Барпы, Жеңижок, Калыгул сыяктуу улуу акындардын чыгармачылыгына кайрадан жан берген, “Чолпонум”, “Бир кызга”, “Дана кыз” сыяктуу бир топ мыкты ырлардын жаратманы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алибаев баскан изин, атактуулукка карай жолун баяндайт.

«Бала кезде акын болом дечүмүн»

– Эс тарткандан эле чыгармачылыкка аралаштым. Той-топурда комуз чертип ырдагандардын жанынан чыкпайт элем. 5-6 жашымда комуз чертип, кийин жамактатып ырдап жүрдүм. 6-7-класстан баштап ыр жаза баштагам, ал ырлар райондук гезитке, кийин республикалык гезит-журналдарга чыгып калды. Бала кезде акын болом деп китепти көп окудум. Кыргыз акын-жазуучуларынын китептерин тегиз окугам.

«Мени экинчи Рыспай дешчү»

– 10-класс кезим, Рыспай Абдыкадыровдун “Түгөйүм” деген ыры чыкканда ал ырга абдан таасирлендим. Комузга салсам окшошпой, анан баян үйрөндүм. Ошол күндөн баштап Рыспай Абдыкадыровдой ырчы, обончу болом деп аккордеонго ыктадым. 11ди бүткөндө Ош педагогикалык институтуна, атайын Рыспай аке окуган жерге тапшыргам. 1 жылдай Абдыкадыров менен кошо жүрүп, ал Бишкектеги филармонияга келе бергенден кийин өзүмчө ырдап жүрдүм. Мени ал кезде “экинчи Рыспай” деп коюшчу, экөөбүздүн үнүбүз, тембрибиз окшош эле. Ошто радиодо иштегендер Рыспай акенин кээ бир ырларын менин аткаруумда жаздырышып, анан “Рыспай Абдыкадыров ырдап жатат” деп эфирден бере беришчү.

«Аккордеонго ыктап кетпесем, балким, менден жакшы төкмө акын чыкмак»

– 1-курстан обон жарата баштадым. Биринчи обонум Жолон Мамытовдун “Туулган жерге” деген ырына жазылды. Стилим Рыспай Абдыкадыровдукуна окшош болгондуктан ал киши “жакшы ырдайсың, үнүң жакшы, бирок өз стилиңди табышың керек” дечү. Анан 2-курска көчкөндө “Караматхан” деген ырымды жараткам. Көрсө, өз стилимди ошондо тапкан экенмин. Абдыкадыров ошол ырды угуп “мына, эми өз жолуңду таапсың, эми чыныгы Жолболду болуп иштей бер” деп сүйүнгөн эле. Элге дагы ошол обон менен таанылдым. Андан кийин “Дилбар ай”, “Айта көрбө” деген сыяктуу көп обондор жаралды.

Студент кезде ыр жазып, ырларым гезитке жарыяланып да жүрдү. Ал кезде гезитке ырың чыгуу оңой эмес эле. Бир күнү Жолон Мамытов менен Курманбай Калдыбаев “сенден жакшы акын чыгат, филфакка котортуп коёлу” деп келишти. Мен музыканы жакшы көрөрүмдү айтсам, радиого чакырышты. Эртеси радиодон Рыспай акенин 4-5 ырын, өзүмдүн обондорумду ырдап, акырындык менен элге тааныла баштадым. Акындыгым калып, аккордеонго, обончулукка ыктап кеттим. Болбосо ким билет, балким, менден жакшы төкмө акын чыкмактыр.

Рыспай Абдыкадыров, Калыйбек Тагаев, Үсөн Сыдыков, Аксуубай Атабаев, Мукан Рыскулбеков деген 10 чакты белгилүү обончулар 1960-70-жылдар аралыгында чыгышкан. 70-жылдары чыккан обончулар тобун мен баштагам. Менден кийин Токон Эшбаев, Түгөлбай Казаков, кийин Асанкалый Керимбаев чыкты.

«Чыгармачылыкта 2 жолу тыныгуу алдым»

– Чыгармачылыгымда эки жолу тыныгуу болду. Атам совхоздун малын бакчу. 1967-жылы калың кар жаап салып, малдын баары жайлоодо кырылып калган. Ал кезде өкмөт чатак эле, атамды камай турган болуп калышканда эл жардам берип, болгон мал-мүлкүбүздү сатып, карыздап жатып араң кутулганбыз. Ошондо айылда 6-7 жылдай мугалим болуп иштедим. Гектарлаган жерге семичке, нокот эгип атамды бардык карызынан кутултуп, бутуна тургуздум. Ошол учурда тыныгуу болуп чыкпай калдым.

80-жылдары экинчи жолу тыныгуу алдым. Байкасам, обондорумда мурункудай деңгээл жок. Чыгармачыл адам баштапкы бийиктигин сактай албаса жаман да. 2-3 жыл аракет кылдым, окшошподу. Анан “кой, башка жол табайын же ушундайында токтотоюн” деп комузга ыктадым.

Аккордеончу күч менен ырдайт, ал эми комузда андай эмес. Комузда ырдоого үнүм бийиктик кылып, коошпой 1-2 жыл кыйналдым. Үнүмдү калыпка салып алгандан кийин анан улуу акындардын чыгармаларына кириштим. Кыргыздын улуу акындары укмуш чыгармаларды жаратканын билдим. Ага чейин бизди орустардын чыгармалары менен сугарышкан да. Омор Сооронов мага академиядан ырларды кол жазма менен жазып берчү. Жеңижоктун кол жазмаларын аны изилдеп жүргөн акын Асанбай Жусупбеков берген.

1991-жылы Аксыда Жеңижоктун 130 жылдыгы белгиленип, ал тойго Жеңижоктун “Көк сулуу”, “Балам жок” сыяктуу 4-5 ырына обон жаратып баргам. Ошол жерден элге аябай жагып, телевидениеге тартышты. Экинчи тыныгуум ошондо бүттү. Ошентип элге кайра комуз менен таанылдым.

«Барпынын 30дай ырына обон жараткам»

– Жеңижок, Барпынын ырларын бир эле обондо ырдай берсең эл жадайт. Барпынын 30дай ырына, Жеңижоктун 10дон ашык ырына, Молдо Нияздын 2-3 ырына, Нурмолдонун 1-2 ырына обон жараттым, дастандарды, элдик ырларды дагы издеп жүрүп ырдадым. Тоголок Молдону тамсилчи катары билчүбүз, издеп жүрүп анын “Үрпүкан” деген дастанын таап чыккам. Мунун баарын Кыргыз радиосунун “Алтын фондусуна” жаздыргам. Барпынын “Өзгөчөм” деген ырына обонду мен жараткам, аны көпчүлүгү билбейт. Барпы кыйын төкмө болгон, обончу болгон эмес.

Ар бир чыгармамды бышыра иштеп, анан гана элге тартуулайм. Мисалы, “Чолпонумду” бир жыл бою жазгам. Негизи ал ырды “Мөлмөлүмдүн” таасири менен жазгам. 200дөн ашык обонум бар. Азыр 75ке чыксам, жок эле дегенде анын 40 жылын тынбай өнөр үстүндө өткөрдүм.

«Биринчи аялым экөөбүз бири-бирибиздин баркыбызды билбедик»

– Ушунча болду айтып берейин. Биринчи аялым экөөбүз бири-бирибиздин баркыбызды билбедик. 2 жылдан ашык жашадык, биринчи уулубуз 8 айлык төрөлүп чарчап калды. Андан кийин кыздуу болдук, ал да 5 ай болгондо тумоолоп чарчап калган. Ошондон кийин апасы келип бизди ажыраштырды. Артынан барсам да болбоду. Кийин Жалал-Абадга кетип, ал жактан экинчи аялыма үйлөндүм. 5 балалуу болуп калганда, 50дөн ашканда ажырашып кеттим. Майдалап отурбайын, күнөө менден кеткен эмес. Балдарымдын баарын өзүм үйлөп-жайладым. Өзгөндүктөр салып берген үйдү сатып, балама Оштон үй алып бергем.

Ошко аккордеон, комуздан башка эч нерсем жок келип, бир кичинекей үйдө жашап жүрдүм. Анан азыркы жеңең менен таанышып, баш кошконбуз. Ал менин үй-жайым, эч нерсем жоктугуна карабай турмушка чыккан. Кудай берем десе берет экен, кыздуу, үй-жайлуу болдук, чыгармачылыгым кайрадан калыбына келди.

«3 нерсеге өкүнөм»

– Өнөр жаатында 2-3 өкүттө калган учурум бар. 3-курста Бишкекке кароо-сынакка келгенде Улуттук филармониянын ал кездеги көркөм жетекчиси Болот Малдыбаев ырчы Шахра Талипова экөөбүздү филармонияга чакырды. Шахра Талипова 11-классты бүткөндө келди. Мен ошол боюнча келе албай калдым. Бир өкүнгөнүм ушул, ошондо филармонияга кирип алсам чыгармачылыгым мындан да жакшы өнүгөт беле деп калам.

Экинчиси, кичинемден ырдап жүрүп, институтка келгенде эле үнүм калыпка түшүп калган экен. 1-курста еврей, орус улутундагы эжекелер “сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң, бул үн менен элге таанылышың керек” дешсе түшүнбөптүрмүн. Аракет кылсам Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө да таанылып калышым мүмкүн эле.

Үчүнчүсү – күү чертпей калганыма өкүнөм. Кыргыздын күүлөрү абдан касиеттүү да, кийинки жылдары эле майдаланып кетти. Мукаш Борбиевдин “Таң булбулу” деген күүсү мурункулардан эң акыркы күү болуп калды. Кийинкиден Нурак Абдрахманов акенин 1-2 дурус күүсү бар.

«Жашоого оптимисттик көз карашта карайм»

– Турмушта көп эле кыйынчылыктарды көргөм, бирок чүнчүп кеткен жокмун. Жашоого оптимисттик көз карашта караган адаммын. Кудайдын жаратканы ушул. Кыргыздар ушундай экенбиз да, ооруну тоготпой жүрө беребиз. Мүмкүн, көзүмдүн мурунтан жогорку кан басымы бар эле. Пандемияда ковид болуп, андан кант диабети пайда болуптур, билбептирмин. Анан көзүм бозоро баштады, бир аз дарыланып, кайра бир жылдай жүрүп алдым. Кайра көзүм начарлап, суусаганым күчөгөндө анализ тапшырсам канттын деңгээли 25 болуп кетиптир. Бир жылдан бери көзүмдөн бир аз кыйналып жүрөм. Дарыланып жатабыз, эми Кудайдын буюрганы. Мен буга кайгырып, чөгүп кеткен жокмун. Бир эмес, 2-3 жерде иштейм. Тагдырыма ыраазымын.

Түгөлбай Казаков, Кыргыз Эл артисти: «Жокебиз далай акынды артка таштайт»

– Жолболду көп кырдуу талант. Ал менимче, төкмө акын болуп төрөлсө керек. Анысы сөзүн өзү жазган ырларынан даана көрүнүп турат. Сөздүн баары эле ырдала бербейт. Жокебиз музыкалуу сөздөрдү таап, аларды табигый, өзүнөн-өзү келгенсиген уйкаштыктар менен шөкөттөп, аллитерациялап, обонго куюлуштурган жагынан далай акынды артка таштайт. Анткени аргымактын кош тизгининдей болуп, акындык менен обончулук өнөрү бирдей деңгээлде. “Чолпонум”, “Бир кызга” сыяктуу чыгармалары акындардын да, обончулардын да эң алдынкы катарынан оюп туруп орун алган чыгармалар. Адатта, өнөрпозго шыктын бирин берсе, экинчисин бербей, тагыраак айтканда, обончу кылса үн бербей, үн берсе акындыктан өксүтүп коёт. Ал эми Жокемде баары бар. Анын көп азаматтыгынын бири – көп жылдар бою "Экинчи Рыспай" аталып, анын сыйкырдуу торуна баш-оту менен кирип, кайра өз жолун таап чыгып кеткендиги.

Жокемдин дагы бир касиети – чыгармачылыктагы чынчылдыгы. Ал махабатты ырдаса Омор Султановдой болуп, сезим-дарегин жаап-жашырбай, жымсалдабай жылаңачтап ырдайт. Дагы бир эрдиги – Жеңижоктун “Балам жок”, “Көк сулуу” деген ырларынын обондору бизге жеткен жок. Жокем болсо ал ырларга ошол замандын духундагы обондорду чыгарды. Угуп отурсаң, Жеңижоктун өзүнөн үйрөнүп келгендей...

Шахра Талипова, Кыргыз Эл артисти: «Бир кылымда бир жаралчу адам»

– Жокем биз мектепте окуп жүргөн кезде эле элге таанылган. Булардын ырларын ырдап жүрчүбүз. Окууну бүтүп, Жокем экөөбүз чогуу иштеп калдык. Сынактарга, жакшылыктарга барабыз, чоң-чоң концерттерде чогуу болобуз. “Жоке, аккордеон ойноп берип кой” дейм, ойноп берет. Бала кыял, абдан жөнөкөй, адамгерчилиги абдан жогору, тамашакөй, бүт баарын даана айткан, так сүйлөгөн киши. Өзүмдүн бир тууган агамдай көрөм, сыйлайм. Кыргызстандын булуң-бурчун көп кыдырдык. Айта берсек өзүнчө бир тарых. Бир кылымда бир жаралчу адам. Чыгармачылыгы өтө күчтүү. Жокеме ден соолук каалайм, чаалыкпастан дагы көп-көп чыгармаларды жарата берсин. Кыргыздын сыймыгы болуп арабызда аман жүрсүн.

Абдыкерим Ахмедов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Алибаевдей башка дастанчы көрө элекмин»

– Жолболду Алибаев менен 2000-жылдардан бери ага-ини катары жакынбыз. Мен залкар комузчу Болуш Мадазимов, композитор Рыспай Абдыкадыровдон сабак алганмын, ушул эки залкардагы талантты, эмгечилдикти Жолболду агайдан көрдүм. Китепти көп окуганы, дастан, ырларды жүрөгүнөн өткөргөнү билинип турат. Комузду так чертип, так ойнойт. Ырларынын сөзүн да өзү маанилүү, куюлуштуруп жазат. Жеңижок, Барпынын чыгармаларын терең түшүнүп, аларга экинчи өмүр тартуулаган Алибаевдей башка дастанчы, обончу көрө элекмин. Аябай адамгерчиликтүү, ким болбосун жардамын аябайт. Акты ак, караны кара деп бетиңе айтып салгандан тайбайт. Көптөгөн таланттарга колдоо кылды, дагы деле жол көрсөтүп келет.

Өмүрзак Кайыпов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Эки муундун ортосундагы алтын көпүрө»

– Жолболду агабыз чыгармачылыкта жаңылык жараткан улуу өнөрпоз. Рыспай Абдыкадыров, анан Токон Эшбаев, Асанкалый Керимбаев, Бабаравшан Тургунбаев сыяктуу жоон топ обончулардын катарын толуктаган көп кырдуу талант. Мен аскерден келген учурда Жолболду агай “Балам жок”, “Чолпонум”, “Мырзайым” деген сонун чыгармаларын теле-радиолордон тынбай берип калган кез экен. Агай аккордеон менен да, комуз менен да чыгарган обондорун таза, дыкат, музыкалдуу иштеген. Дагы бир кыры, жөн эле обон чыгара бербей, дээрлик 50 пайызына өзү сөз жазган киши. Барпы, Жеңижокторду казып окуп, улуу саптарга сугарылган.

Кыргыздын дастанчылыгы жоголуп бараткан өткөөл убакта Замирбек агабыз, Ашыралы, Тууганбай аталарыбыз сыяктуу эле Жолболду агабыз да терме, санат, дастанчылык боюнча улуу муун менен азыркы муундун ортосунда алтын көпүрө болуп берди. Айрыкча сүйүү темасында бул киши орошон. Укмуштай жан дилин берип, жүрөгүн төшөп обон чыгарган бирден-бир өнөрпоз деп билем.

Бүсайра Абдыкаарова, жубайы: «Ар дайым тамашалап, куудулданып сүйлөйт»

– Жокем үй-бүлөдө чыныгы башчы, ишенимдүү жолдош, үй-бүлөгө, балдарга камкор ата, сүйүктүү чоң ата, таята. 5 уул, 2 кызыбыз, 13 небере, 2 чөбүрөбүз бар. 20 жылдан бери ынтымакта жашап келатабыз. Жоке боорукер, акылдуу, бир табылгыс киши. Талант катары аны баарыңар жакшы билесиңер. Тынымсыз эмгектенет, кээде “кичине эс албайсызбы” десем, көнбөйт.

Ар дайым орундуу тамашалап, куудулданып сүйлөйт. Кээде тамашалабай калса “эмне болду?” деп калабыз. Ар дайым чукугандай сөз таап, жакшы аураны түзөт. Бирөөгө туура баа берип, туура сын айтат. Жокем сүйүүдө да бышык киши. Ошончо чоң талант болсо да жашоодо жөнөкөй адам. Жөнөкөйлүктүн өзү улуулук да. Жокемдин 70 жылдыгында ага арнап, жашообуздагы сүйүүнү, турмушту камтып китеп чыгаргам. Ошондо абдан ыраазы болгон. Айта берсек абдан көп, ырчы, обончу, аткаруучу, акын, дастанчы, “Манас” театрынын директору айткандай, бир доордун аңызы, иши кылып көп кырдуу талант. Бирөөнүн ырларын да мыкты аткарат, шакирттерди да көп өстүрөт, устаттарын сыйлайт.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан