АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Мени туура түшүнгүлө, достор. “Элдар экөөбүздүн келечегибиз барбы-жокпу, биротоло бир бүлө болуп жашап кете алабызбы? Бири-бирибизге чыдайбызбы?” деген суроолорума жооп берер киши жок, башым жетпей маң болуп жүрсөм, анан балалуу болуп калсам, маселелер ого бетер чиеленишпейби. Өзүм деле бала эле бойдон болсом керек. Эне болууга даяр эмесмин, чын айтам, али андай сезимдерге, жоопкерчиликке даяр эмесмин.
Атам Кудайга шүгүр, калыбына келип калды, кыбырай тиричилигин өткөзүүдө. Арстан менин турмушка чыкканымды угуп, таарынып кеткенден бери келе элек. СМСтерди жазып жатса керек. Баягы окуядан соң телефонумду Элдардан сурай албай, улам бир жерди карап, бекиткен болсо таап алармын деген үмүттөмүн. Ошентип, канчалаган күндөрүм тымызын коркунуч менен өтүп жатты. Бир ирет уйкудан ойгоно калып, мен өзгөртө алгыс иш болгонун туйдум. Ушул ишти болбосо экен деп миң кайталап тиленип келе жатпадым беле? Шашып тура калсам, башым тегеренип кетти. Буга чейин деле мындай нерсеге көп эле жолу кабылгам. Бирок бул ирет башкача болчу. Күтүүсүз жерден кускум келип, көзүм алайып эле отуруп калдым. Дагы жакшы Элдар бейкапар уктап жаткан. Бул нерселер мени күн сайын кыйнай баштады. Тамакка табитим кадимкидей жоголуп, ар кандай жыттар да кыйначу болду. Айла жок, поликлиникага барууга туура келди.
Куттуктайм, жакында эне болот экенсиз! Алты жума болуптур!” Жылмая жүзүмө тигилген дарыгер аныктаманы колума карматып, куттуктап да жиберди. Рахмат айттымбы-жокпу, билбейм. Эптеп булдуруктай бирдемелерди сүйлөп, шашып чыгып кеттим. “Балалуу болосуң... Айдай, эне болосуң! Арстандан эмес, башка адамдан төрөйсүң...” Кубанарымды, кайгырарымды билбей, бет келди басып жүрө бердим. “Элдар билбеши керек!” Күнү кечке каңгып басып жүрүп тапкан акылым ушул болду. Токтой калып айланамды карасам, Асел жашаган жатаканага келип калыптырмын. Келерин келип алып айтсамбы-айтпасамбы деп ойлонуп туруп калдым.
– Айдай, салам! Не мынча ойго батып калгансың? Аселге келдиңби, чакырып коёюнбу?
Жаныма Аселдин группалаш баласы келип калды. Ойлонуп кеткениме ыңгайсыздана учурашканча шаштым. Жүгүргөн боюнча кирип кеткен ал бат эле Аселди жетелеп чыкты. Качан Аселге келбейин, ушул жигит маңдайымдан чыгат, тобо. Азыр да курбум экөөбүздү ээн калтырбай, бир топко быдылдап туруп алды. Айла кеткенде “сенде ишим бар, шашып жаттым эле” деп Аселди жетелеп кетүүгө туура келди.
– И-ии, сүйлө. Эмне болду, мынчалык купкуу болуп алгансың?
Курбум мен ооз ача электе эле жагдайымды сезди. Баятан бери эңгиреп турган жаным солкулдап ыйлап жибердим.
– Бүттү, баары бүттү. Эми кантем? Мен кантем?
– Эмне бүттү? Айдай, токточу, бери отурсаң. Эмне, Элдар капа кылдыбы, бирдеме дедиби?
– М-ммен, мен э-ми...
Көз жашыма какап-чакап, сөзүмдү аягына чыгаралбай ыйлай бердим. Асел да бирде ыйлап, бирде сооротуп, экөөбүз көпкө отурдук. Качан гана солуктап ыйым тартылганда кепке тартты.
– Эми айтчы, эмне болду?
Сүйлөй албай, врач жазып берген аныктаманы сундум.
– Алты жума... Демек?.. Жинди кыз десе, анын эмнесине ыйлайсың? Кубанышың керек да! Уф-фф, эмне болуп кетти деп жүрөгүм түшүп калбадыбы!
Көз жашым өзүмө ээ бербей, жамгырдай төгүлүп жатты.
– Айдай, акыркы күндөрү өтө көп ыйлачу болдуң. Такыр түшүнө албайм. Ыйлайт экенсиң, анда эмнеге турмушка чыктың? Элдар байкенин улуулугу эле болбосо жакшы күйөө да. Айтканыңды аткарат, сени эч нерседен кем кылбай багып жатат, окууга да киргизип койду. Канчалаган адам жетпей жүргөн академияда окуп жатасың, бизге окшогон жаштар минип көрө элек машинада чалкалап жүрөсүң. Дагы эмне керек?
– Сен ушунун баарын Арстанга алмашар белең?
– ...
– Айтсаң, ушунун баары Арстанга тең болор беле?
– Койчу, ушинтип да салыш­тыра­сыңбы?
– Көрдүңбү, алмашмак эмессиң. А мен акмак, алмаштырып кете бердим. Эми бырылдап ыйлап, сага арызданып отурам!
Өзүмө өзүмдүн жиним келип, бир эсе жаным ачый дагы шолоктоп кирдим.
– Болду, күүгүм кирип калды. Мындай маалда ыйлаган жаман жорук. Телефонуңа жооп берчи, баятан бери жан-алы калбай чырылдап жатат.
Элдар болчу. Бир жолу жооп бербей койсоң, ушинтип көшөрүп кайра-кайра чала берет. Телефонду жерге чаап таштагым келип кетти. Айла жок, жооп берүү керек.
– Кайдасың? Неге жооп бербей жаттың?
Күйөөм чү дегенде эле демитип кирди.
– Көчөдө жүрөм.
– Кандайча?
– Ушундайча эле, көчөдө жүрөм, каңгып.
– Кай жердесиң?
– Өзүм да билбейм. Азыр барам үйгө.
Көңүлсүз өчүрүп салдым. Кайрадан чырылдай баштады. Эми үйгө барбаска айла жок, кетиш керек. Канчалык өзүмдү тыйсам да, чыдабай сурап жибердим.
– Арстан чалып жатабы?
– Мурдагыдай көп чалбай калды. Көңүлү жок, кайдигер сүйлөп калыптыр.
– Менин жаңы номеримди берип койчу.
– Айдай?!
– Өтүнөм, жалынам, берип койчу. Сүйлөшпөсөм да, анда-санда үнүн угуп турайын. Болбосо жинди болуп кетем. Суранам, берип койчу.
Макул болбой кайда бармак эле?! Мага кошо ыйлап отуруп көздөрү шишип чыккан Асел айласыз баш ийкеди. Арстан туура айтат, чын эле акмак кызмын. Ии, номеримди берет деп ошого кадимкидей көңүлүм тынчып үйгө жөнөдүм. А мени ачуусуна туттугуп, кызармак түгүл карарып чыккан Элдар тосуп алды.
Үч ай болуп калды, а кош бойлуу экенимди дале күйөөмө айта элекмин. Асел, врач, үчөөбүздөн башка жан биле элек. Бирок үч айында каттоого туруу керек экен. Мен эми чындап баш ооруга туш болдум. Макул, каттоосуна деле туруп, акырындап бүтүрө берейин, бирок канчага чейин жашырам? Ушул суроо канчалык жанымды кыйнабасын, дале көшөрүп айтпай жүрөм. Деги кандай гана кежир жан элең? Өзүмдү өзүм урушуп да коём. Акыры мени айттырбай эле Элдар өзү байкап калды. Анын жытынан жүрөгүм айланып ваннага кирип кеткем. Чыксам эшик алдында суроолуу тигилип турат. Оо Кудай, азыр эмес, азыр сурабай эле турсунчу, даяр эмесмин! Бирок бул ирет Кудай мени укпады көрүнөт.
– Ии?..
– Эмне?
– Мага эчтеке айткың келбей элеби?
– А эмнени айтышым керек?
– Айдай, жетишер, эми канчага чейин жашырам дейсиң?
– Жашырып?..
– Охх, ушунчалык күлкүлүү кызсың да. Алтыным, кош бойлуулук жашыра турган уят нерсе эмес. Анын эч бир уяты жок. Ку-ба-ны-шың керек, төбөң көккө жеткиче кубанышың керек.
Кубануу керек? Демек, кубануу керек, ээ? Мен негедир такыр эле кубана албай койдум. Баарыңар кубануу керек дейсиңер, а менден бирөө жарым сурадыбы деги Айдай, азыр балалуу болгуң келеби? деп...” Ушинтип кыйкырып, Элдардын бети-башын жулмалап салгым келип кетти. Охх, тил кыска да, тил кыска!
Мына, Арстан урушчу эмес беле, “эч нерсени жашыра албайсың” деп. Билип айтчу да! Өзүм айта элегимде билип алганы үчүн Элдарга кадимкидей ачууланып, ичимден эрегишип жүрдүм. Карап тур, ошонусу үчүн аягына дейре ичин бышырып баланын уул-кыз экенин айтпай койбосом.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
operaledi
2011-01-21 22:24:49
Башында жакчу эле,Айдай. Эми жакпай калды,эмне мынча кыйнайт, жолдошун?Торой турган баласын аябагандан кийин, атамды аяп турмушка аргасыз чыктым дегени, чындыкка коошпойт...
0
fak
2011-01-22 01:38:49
Айдайдын жомоктогудай жашоосу аябай кызыктырып жатат.китеби бар болду бекен тезирээк окуп алганы.
0
Nora
2011-01-22 04:40:40
Men bul kyzdy tushunboi turam, joldoshu jakshy adam bolgondon kyiyn jyrgap jashai ber, tigi Arstandy oilop jindi bolo berbei, anyn apasy kim ekenin ozu jakshy bilet go!
0
aku
2011-01-22 12:28:29
balany oilobogon ushundai kyzdar baldardy torop tashtap ketip atyshat da.ozdorunun jeke kyzykchylygyn oilop.anan bashynda ele oilop tabletka ichip ubaktyluu bouna buturboi tursa bolmok da anan torolo elek balany jek korboi,tushup kalat anan dagy oturat yilap.takyr tushungon jokmun Aidaiga ozu emne kerek bul jashoodo?
0
mahabaha
2011-01-22 17:42:53
бала деген бул ыйык го журогумду оруутуп жиберди
0
operaledi
2011-01-22 18:55:51
Бала туйулдук болгондон тарта энесинин мээримин, сезет, туят. А Айдай Арстанын ойлоп отурса,ичинде жаткан баланы ойлоп жыргатпайт го?
0
look
2011-01-23 18:22:55
Боюнан тушуп калса ыйлабай жыргамак да.Деги доолоет которо албаган кыз экен да.Башым айланып кочодо кангып журдум дегени жининди келтирет
0
aminali
2011-01-25 00:49:51
Arstan baktiluu kilsa da enesi baktiluu kilmak emes."Enesin korup balasina turmuwka 4ik"azir zaman uwundai.
+1
adelima
2011-01-29 13:44:00
Бактылуу болсун! Кошкону менен кошо карысын!
0
№ 429, 21-27-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан