Бул жигит Мыктыбек Мукаев, Кыргыз шоу-бизнесинде Мыкы деген ат менен таанылган. КВН командасында жүрүп чыгармачылык тушоосу кесилсе, азыр көпчүлүккө таанымал шоумен. Учурда эмне менен алек? Кандай жаңылыктары бар? Маектен жооп табасыз.
– Салам, Мыктыбек! Учурда кандай иштер менен алексиз?
– Кыргыз юмористтерине атайын аянтча түзүп, деңгээлин көтөрүү үчүн жакында дос балам менен JAY деген арт-кафе ачканбыз. Даамдуу тамактануу менен бирге убакытты көңүлдүү өткөрүүгө ылайыктуу жер. Жумасына 3-4 жолу кыргыз-орус тилинде стендап кечелер өтүп турат. Анан да акыркы жылдары бизде юмор тармагы солгундап, кризиске учурады. Андыктан ушул тармакты жандандыруу, жаш таланттарды колдоо максатында долбоордун концепциясын иштеп чыктык.
Кээде суранычтар, сунуштар болсо жаңы форматтагы жалаң жаштар болгон той-кечелерди алып барып калам. Чоң тойлорду алып баруудан көбүнчө баш тартам. Анткени ага энергиям жетпей, сыгылып кетем.
– Өлкөдө юмор тармагы солгундап кетти дедиңиз. Буга эмне себеп болууда деп ойлойсуз?
– Ооба, мурдагы КВН, "Тамашоу" аттуу жаш күлкү таланттарын өстүргөн долбоорлор интернеттин күчүнө туруштук бере албай жабылып калды. Саналуу стендап аянтчалар бар, алардын бар же жогун эч ким билбейт. Учурда бул тармак чын эле кризисте турат. Анткени социалдык тармак өнүгүп, түрдүү аянтчалар пайда болду. Ар бир адам өзү үчүн, өз блогу, каналы үчүн иштеп, мурункудай сахнага чыгууга муктаж болбой калды. Анан да мурда плагиат деген бар эле, бирөөнүн тамашасын айтсаң уят деп ар бири изденишчү. Азыр, тескерисинче, бирөөнүн кылганын тууроо трендге айланды.
– Чыгармачыл чөйрөгө аралашканыңызга 10 жылдан ашыптыр. Убакыт сизди кантип өзгөрттү?
– Мүнөзүм ошол бойдон эле. Жашоодо өйдө-ылдый болуп, кыйынчылык жаралганда чыйралдым. Кыялкеч болбой, чындыкка жакын карап реалист болуп калат экенсиң. “Тамашоудо” жүргөндө чемпион болобуз деп кыялданып аракет кылып жүрдүк. Анан өлкө чемпиондугун уттук, чет жерде да ийгиликтерди жараттык. Анан “эми кайда барыш керек?” деген ой жаралды. Көрсө, алган медаль, кубокторуң сага эч нерсе бербейт экен, факт катары гана сакталат тура. Андан ары иштеп, өзүңдү өнүктүрүп кетпесең, чемпион болгонуңдун деле пайдасы тийбесин түшүндүм. Учурда эми пландар, кыялдар башка.
– Адам ийгиликке жетиш үчүн анда кандай сапаттар сөзсүз болушу керек деп ойлойсуз...
– Кайсы тармакта жүрбө адамдын эң негизги сапаты – анын адамгерчилиги экен. Ашыкча керсейбе, баарына бирдей мамиле жаса, калп эле жагалданба, туура мамиле түзө бил. Анан адамдар да сага сый көрсөтүшөт. Өзүң менен өзүң бол, адамгерчиликтүү бол, анан иштесең эле ийгиликке жетесиң.
Биздин жаныбызда көп балдар бар эле. Аралашып жүрүштү, анан “жүр, эми иштейли” десең жок болуп кетишчү, же жаман мүнөзүн көрсөтүп коюшчу. Ошентип иргелип отуруп саналуу эле балдар калды. Кудайга шүгүр, “Позитиффте” ойногон балдар менен дале катышыбыз бар, айрымдарынан гана турмуштук шартка байланыштуу алыстап кеткенибиз болбосо, калганы менен жылуу мамиледебиз.– Өлкөдө каржы пирамидасын жарнамалагандарга айып пул салуу боюнча мыйзам кабыл алынды. Буга сиздин көз карашыңыз?
– Эң туура деп ойлойм. Бизде бардык белгилүү адамдар өз аудиториясынын алдында чоң жоопкерчилик бар экенин бир аз акча үчүн унутуп коюшат. Биздин элдеги мага жакпаган нерсе – өткөн нерседен сабак албайбыз. Бири келип алдап жатса, артынан башка келип жылуу сүйлөп койсо, колундагынын баарын салып берип отуруп калышат. Убагында ошондой каржы пирамидаларынын бири чыкканда белгилүү инсандар бири-бирин укмуш колдоп жүрүшкөн. Эми азыр баары билмексен.
Шайлоо учурунда талапкердин акчасын алып, ал акчага батир сатып алып, бирөөлөрдү абдан пиарлап жүргөндөрдү көргөнбүз. Жоопкерчилик сезишпейт, элге деле баары бир окшойт. Эртеси унутуп калышат экен. Бизге да акча сунушташып “талапкерди пиарлап бергиле” дешкен. Бирок мен шайлоо маселесин, мамлекеттин тагдырын чечүүчү окуяны акчага баалап, кадыр-баркымды түшүрүп, атымды булгагым келген жок. Андыктан андай сунуштардын баарынан баш тартып келгем.
Каржы пирамидасы жакшы эмес экенин баары билет да, кайра эле ошол нерсеге кызыга беришет. Кантип эле берген миң сомуң, заматта 10 миң болуп кетсин? Акча үчүн мээнет кылыш керек, ансыз жеңил эч нерсе келбейт. Бул да болсо билимдин төмөндүгү.
– Контент жараткан адам катары айтсаңыз, замандын өнүгүүсүнөн дагы кандай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып калсак болот?
– Учурда таргетолог, мобилограф, СММ деген жаңы кесиптер пайда болду. Жаш эле балдар үйрөнүп алып, жакшы киреше таап жатышат. Социалдык тармактын өнүгүшү көптөгөн жаштардын өзүн табуусуна мыкты аянтча болуп берди. Изденүү гана керек. Кыргыз интернет желеси башка өлкөлөргө салыштырмалуу аябай эле ыймандуу. Сапаттуу, кызыктуу контент жаратса болот. Жаман, жаман эле дей бербей, технологиянын жакшы, пайдалуу жагын колдонушубуз керек.
КЫСКА-НУСКА
– Сиз тажабай көргөн кино?
– Жеки Чандын кинолору.
– Тынбай окуган кыргыз блогери?
– Tokojan
– Той же концерт?
– Той – жакшылык. Карантинде жакшылыктын кадырын билбедикпи. Андыктан экөө тең болуп турсун.
– Бизнес же чыгармачылык?
– Чыгармачылык.
– Акыркы жолу качан ыйладыңыз?
– Өткөндө жумуштан кийин үйгө барганда ыйладым. Жумуштун көптүгүнөн, бизнес жаңы нерсе болуп, көнө албай жаттым. Эмоционалдык жактан күйүп кеттим окшойт. Бир адам менен да ачылып сүйлөшпөптүрмүн. Мурда мындай учурда атам менен чалышып, кеңеш айтып мени колдоп турчу эле. Көзү тирүү болгондо дагы көп жетишкендиктеримди көрөт эле деп ойлодум. Атам каза болгондон кийин жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Анан видео-сүрөттөрүн карап алып ыйлап алдым.
– Сиз көп колдонгон сөз...
– Ну, типа...
– Солдат генерал болууну эңсесе, сиз...
– Атым юмор тарыхында калса дейм.
Турсунай Алымкулова