ЫСЫК АБА ЫРАЙЫНДА ЭМНЕ КЫЛБАШ КЕРЕК?

1. Жайкысын айла табыш үчүн вентилятор, кондиционер иштетебиз. Кондиционердин алдында отуруу негизи эле ден соолукка коркунуч келтирерин эске салабыз. Футболка же көйнөктү суулап алып жаткандар бар, же болбосо шейшепти суулап келип жамынып жатып алышат. Ысыктан убактылуу сактануу үчүн эффективдүү ыкмалар. Ошондой эле бул ыкмалар ангина, пневмония ооруларын да “жетелеп” келерин унутпаңыз.

2. Ысыкта денеге чапташкан кийим кийүү жүрөк-кан тамыр ооруларын чакырат дешет эксперттер. Өзгөчө варикозу барлар сак болушу керек. Чолок шым, чыпташкан көйнөк, жынсы шым, топик дегендерден качыңыз. Анын ордуна ачык түстөгү жеңи узун, денеге чапташпаган, табигый материалдардан кийим кийиңиз.

3. Кызыл чай менен кофе ичпеңиз. Муз салсаңыз да алар чай жана кофе боюнча калат. Кеп алардын температурасында эмес, курамында болуп жатат. Мисалы, кофеин кан басымды жогорулатып, ысык аба ырайында инсульт жана инфаркт сыяктуу ооруларды жаратышы мүмкүн. Кудай сактасын деңизчи, ошентсе да кофе менен кызыл чайдын ордуна жылуу суу же көк чай демдеп ичиңиз, суусунуңуз канып калат.

4. Күндөн коргоочу SPF кремди эртең менен үйдөн чыгып баратканда бир жолу сүйкөп, ошол боюнча кечинде келгенде жуугандардын катарына киресизби? Анда сиз жаңылышасыз. SPF крем ашып кетсе 1-2 саат күндөн коргоочу эффектке ээ. Андан кийин тери клеткаларынын сырткы факторлорго туруштук берүүчү катмары бузулуп, өлө баштайт. Сиз терини коргобой эле, бузуп жаткан болосуз. Дагы бир эске алчу жагдай, күндөн коргоочу кремди жаныңызга алып, 2 саат сайын улам жаңылап сүртүп турасыз. Бирок жаңылап сүрткөндө мурунку катмарды жуубай эле, үстүнөн жаңысын сыйпап коёсуз. Бул учурда да тескери таасирин тийгизет. Андыктан 2 саат сайын бетти жууп, андан кийин гана күндөн коргоочу кремди жаңылап сыйпап туруңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан