“САЯКТАР” ТОБУНДАГЫ ЖИГИТТЕР АЗЫР КАЙДА?

Бир кезде “Тамашоу” долбоору, андагы командалардын ити чөп жеп, элге белгилүү болуп турган. Алардын арасында “Саяктар” КВН командасы да бар эле. Топтогу жигиттердин көпчүлүгү кийин “Көк салкын” тасмасы менен да бир жарк этишкен. Ошол бойдон кабарсыз кетишти, азыр кимиси кайда?

БАКЫТ ТЫНАЙБЕКОВ ЖЕКЕ ИШКЕР

Командадагы Бакыт Тынайбековго байланыштык. Чыгармачылыктан алыстап, учурда ишкерлик менен алектенип жатыптыр.

– Чыгармачылыктан кеткем, 10 жылдай болуп калды. Мунун белгилүү себептери бар. Акыркы жолу 2015-жылы “20дагы чал-кемпир” тасмасына тартылгам. Андан кийин жеке ишкерлик менен алектенип кеттим. “Саяктар” командасы “Көк салкындан” кийин эле тарап кеткенбиз. Мен башка кинолорго тартылып жүрдүм, калган жигиттер “Көк салкын-2ни” тартып, ошондон кийин тарап кетишти окшойт. Азыр ал балдар менен жолуккан жерден жакшы учурашып турабыз. Эми кайрадан кыймылдап, кичинеден чыгармачылык жаатты жандандырганга аракет кылсак деп жатабыз. Учурда үй-бүлө куруп, бир кыз, бир уулдун атасы болдум. Ал кезди, албетте, сагынам. Чыгармачылык өтө “тонький” иш турбайбы. Бир жолу аралашып алгандан кийин сагындырып турат, – дейт Бакыт мырза.

ТАЛАНТ КАЛДЫБАЕВ ВРАЧ-ОРТОПЕД

Ал эми Талант Калдыбаев мырза бейтаптардын ден соолугу менен алек. Ал учурдагы жумушунан ырахат аларын, өткөн күндөрүн эстегенге убактысы деле жок экенин айтат.

– Учурда Нарында иштейм, Нарын облустук ооруканасында врач-ортопед, травматологмун. Үй-бүлө кургам, 4 кыз, 1 уулдун атасы болдум. Азыркы жумушумдун ырахаты чоң. Сахнада жүргөн учурларды кээде эстеп калам, бирок азыр ал убакты элестетүүгө менде убакыт деле жок. Команданын капитаны, байкем Азамат Калдыбаев эле, ал жакында АКШдан учуп келди, азыр Кыргызстанда. Аны менен да байланышсаңар болот, – деди Талант мырза. Тилекке каршы, Азамат мырза менен байланышууга мүмкүн болбоду.

ШАЙМЕРДЕН МОЛДОГАЗЫ УУЛУ ӨНДҮРҮШЧҮ

Шаймерден мырза учурда эмне менен алектенип жатканын, буга чейин кайсы тармактарда иштегенин төмөнкүчө айтып берди:

– “Саяктар” командасында ойноп, чогуу чыгармачылыкта кино тартып, кинолордо экинчи режиссёр, актёр, монтажчы катары иштедим, жакшы тажрыйба топтодум. Бирок 2012-жылдан баштап чыгармачылыкты таштап, “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фонду менен иш алып бардым. Андан кийин жеке ишкерлик менен алектендим. Азыр болсо декоративдик күзгүлөрдү чыгарган өндүрүшүбүз бар, ошол жумуш менен алектенип жатам. Үй-бүлө кургам, бир уулум бар. Башка жаңылыктарым деле жок.

Чыгармачылыкта жүргөн кезимди сагынам. Чыгармачылык баары бир кызыктуу да, андагы болгон окуяларды Бакыт экөөбүз жолукканда эстеп, эскерип калабыз. Командадагы жигиттерден Бакыт менен сүйлөшүп турам, башкалары менен көп байланышпай калдык. Ар ким өз турмушу менен алек болуп кетти дегендей.

Ал эми “Көк салкын” тасмасындагы “ээ, достор, мен болбосом эмне кылат элеңер?” деген фразасы менен көпчүлүктүн эсинде калган Камчыбек Жумабековдон да комментарий алууга мүмкүн болбоду. Ал деле тиричиликтин шарында жүргөнү, чыгармачылыктан алыста экени түшүнүктүү.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан