Улук Чыналиев, актёр: "МЕНИ ТАСМАЛАРГА КЫЙНАП ЭЛЕ ТАРТЫП ЖАТЫШАТ"

“План Б”, “Он жылдык” сыяктуу тасмаларга тартылып таанылган Улук Чыналиев менен маектешим. Кызыгы, каарманым тасмага тартылууну жактырбайт экен. Жактырбаса эмне үчүн тартылып жатат? Тартуу учурунда кандай кызыктар болду? Айтор, тасма талаасы, жашоо, үй-бүлө тууралуу кеп курдук.

Туулган жылы, күнү: 1993-жыл, 28-май

Туулган жери: Бишкек шаары

Билими: Кыргыз-Орус билим берүү академиясынын финансы кредит бөлүмүн бүтүргөн

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок

Хоббиси: киберспорт

Тартылган тасмалары: “План Б”, “Он жылдык”, “Өкүл ата”, “Алтышка”, “Секетим”

– Улук, кандайсыз? Сөздү жаңы тартылган “Секетим” тасмасынан баштайт окшойбуз...

– Жакшы болот. Бул кинодо башкы ролдордун бирин ойнодум. Негизи башында коркунучтуу киного (ред.: ужас жанры) сценарий жазылып баштаган экен. Коркунучтуу тасмаларда деле күлкүлүү эпизоддор болот го. Ошондой эпизоддорду жазып жатканда күлкүлүү учурлары көбөйүп кетип, анан драмалык комедия жаралыптыр. Жаратуучулар менин дос балдарым, ойноп бер деп чакырып калышты.

– Сценарий дагы жазат экенсиз...

– Ооба, “Өкүл ата”, “Алтышка” тасмаларынын сценарийин жазгам. Жазылган даяр сценарийлер бар, демөөрчүлөр жок болуп тартылбай турат.

– Кантип бул чөйрөгө аралашып калдыңыз?

– Окуучу кезимде КВНди аябай кызыгып көрчүмүн. 9-классты бүтүп, Кара-Балта шаарындагы Экономика жана укук техникумуна тапшырдым. Ошол жактан КВН ойногонго мүмкүнчүлүк жаралып калды. “Тамашоуго” да барганбыз. Ошентип жүрүп ушул жолго түштүм.

– Негизги кесибиңиз экономист экен да?

– Ата-энемдин кеңеши менен экономика багытында окуп калгам. Көбүнчө ушундай го бизде, “ушул окууга оку, анан тааныш аркылуу же өз күчүң менен бир компанияга кирип иштей бересиң” дешет. Мектепти бүткөндө каякка барарымды билбей башым айланып калган. Классташым техникумга тапшырса, аны ээрчип эле ошол жакка тапшырып алдым. Техникумду бүткөндөн кийин лингвистика багытында окуюн дегем, кызыгуум бар болчу. Үйдөгүлөр “кой, экономикага оку, кийин банкта иштейсиң” дешип Кыргыз-Орус билим берүү академиясына тапшырып калгам. Техникумда окуп жүргөндө банкта тажрыйба топтогом. Мага жаккан эмес. Бир жолу соттун чечими менен бирөөнүн үйүн тартып алып койгонбуз.

– Сиз үчүн тасма талаасында эмне көбүрөөк кызык, сценарий жазуубу же актёрлукпу?

– Камеранын артындагы жумуштар жагат. Тартылган жакпайт. “Тартылып бер” деп чакырышканда жок дей албай, айла жоктон тартылам.

– Бул айтканыңыз таң калычтуу болду...

– Кино жаатында эмгектенип жүргөн досторум бар. Алар “аткарганың жагат, ойноп бербейсиңби” деп суранышканда тартылам. Чындыгында, актёрлук мага жакпайт. Бирок жиндидей бир образ менен комедия киного жана Мирбек Атабековдун бир клибине тартылсам деген максатым бар болчу. Ошол жетет дечүмүн. Ошентип кыялданып койгондон 1 айдан кийин Бакыт Осмонканов “План Б” тасмасына чакырып калды. Ошол киного Атабеков саундтрек ырдап, клип тарткан. Ошондон кийин “максатыма жеттим, болду эми” дегем. Бирок андан кийин “10 жылдыкка” тартылдым. Негизи эпизоддук ролго эле тартылмакмын. Балдарга “тартылбай эле коёюнчу, камера артында иштейин” дегем. Анан башкы ролго кыз-жигит табылбай жатканда Радик Эшимов “башкы ролго Улук тартылса кандай болот” деп жатпайбы. “Тартылбайм” деп көпкө тартыштык, акыры көндүрүштү (күлүп).

– Досторуңуз талантыңызды баалашат экен, демек...

– Актёр эмесмин да, атайын билимим жок. КВН ойноп жүрүп эле аралашып калдым дебедимби. Кесипкөй актёрлордон уялам. Алардын жанында ойногондо ыңгайсыз боло берем. Сыртынан унчукпаганы менен, ичинен сөгөбү деп да кыжалат болом.

– Тасмадагы каармандарыңызга окшош жактарыңыз деле байкалбайт?

– Достор арасында тасмадагы каармандарымдай эле тамашакөймүн. Башкалар менен тамашалашпайм, бир аз тартынчаак, жумшак адаммын. Көпкө чыдап жүрө берем да, бир жарылсам катуу жарылам. Келбетим мени сырттан карагандарга бой көтөргөн адамдай көрсөтөт экен. Ошол жакпайт. Негизи андай болбош керек го.

– Тасма чөйрөсүндө актёр болобу, режиссёр болобу, сиз сыйлаган, суктанган адамдар кимдер?

– Актёрлордон Камчы Сарыбаев байке жагат. Дайым ачык маанайда жүрөт, маанайы суз жүргөнүн такыр көрө элекмин. Начар маанай дегенди Кудай берген эмес окшойт ага. Аскат Сулайманов байкенин роль жаратканы жагат. Альбина Имашованын тасмага тартылганын көрүп күчтүү экен дегем. Режиссёрлордон Бакыт Осмонканов го. Тапшырмалары так, бардык иши өз ордунда. Эрнис Абдыжапаровдун кинолору жагат. Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршруту” жагат.

– Тартуу учурунда болгон бир кызык окуяны уксак сизден...

– “План Б” тасмасында Ысык-Көлдөгү кадрларды тартабыз деп барып эч нерсе тартпай эле продюсердин акчасын коротуп 2-3 күн эс алганбыз. Продюсерге айтсак түшүндү. Шаарга келип жарым айдан кийин кайра продюсерден акча алып барып тартканбыз. Ошол киного тартылганда Бакыт байке “биринчи жолу киного тартылып жатасың, акча төлөнбөйт” деген. Аны туура эле кабыл алгам. Бирок аягында акча беришкен, кубангам.

– Эми маекти окуп жаткан бийкечтерге жеке жашооңуз да кызык...

– Сүйлөшкөн кызым жок. Туугандар “үйлөн” деп кыйнап жатышат. Бирок үйлөнүш үчүн сезим болушу керек да. Буга чейин 6 жылдай бир кыз менен сүйлөшкөм. Бир жыл мурун эки жолго түштүк.

– Түгөйүңүз кандай адам болушу керек?

– Жөнөкөй, такыр боёнбогон кыздар жагат. Айрым жигиттерге боёнгон кыздар жагат экен. Үйлөнгөндөн кийин алар бетин жууп салышса кандай болот деп ойлоно берем. Негизи келбетке эмес, мамилеге караш керек го. Анан ата-энеден алган тарбиясы маанилүү.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан