Апта каармандары
Күлүп турган жүздөрдү көрүү кандай жагымдуу. Жүздөрүнөн жылмаюу кетпеген бул экөө менен маектешүү мага жакшы маанай тартуулады. Таанышып көрүңүз, балким, сиз да бир жылмайып аларсыз. Бул ирет аптанын каармандары катары “Non-stop” дуэтин тандадык.
– Топко эмне үчүн экөөң тандалгансыңар? “Super star” долбооруна катышкандар көп эле болгон да?..
Максат: – Долбоордо биз Урмат Усеновдун тобуна туш келгенбиз. Финалда продюсерибиз Алексей Сидоров экөөбүзгө өзүнчө топ катары чыгууну сунуш кылып калды. Эки-үч күн ойлонумуш этип, анан макул болгонбуз.
Чолпон: – Алексей туура кылган экен, бизге бирге иштөө абдан кызыктуу.
– Жеке ырчылыкты самай элексиңерби?
Ч: – Жок, азырынча андай ойлор келе элек.
М: – Алгач ушул долбоордон бир майнап чыгаралы, алдыда көптөгөн пландарыбыз бар, ошолорду ишке ашыралы, анан көрө жатарбыз.
– Ар бир адамдын ой-пикири, принциби болот. Мындай планда алганда топто иштөө кыйынбы?
М: – Ооба, кийим тандоодо же дагы бир учурларда бирибиз ойду, экинчибиз тоону айтып туруп алган учурлар болот. Мындайда администраторубуз Эрик “андай эмес, мындай кыласыңар” деп чечип коёт. Анан сага да жок, мага да жок деп отуруп калабыз.
– Сахнага чыкканыңарга көп убакыт боло элек. Ошентсе да тартышып, таарынышканга жетишкендирсиңер. Ким таарынчаак да, ким урушчаак?
М: – Чолпон! Урушчаагыбыз да, таарынчаагыбыз да.
Ч: – Эмне айтып койдуң?! Таарынчаак экеним чын, бирок урушчаак эмесмин. Максаттын турган жеринде чарт жарылып, жинденип кетмейи бар. Бирок заматта жазылат.
М: – Дагы, Чолпонду күтүүдөн тажайм. Качан болбосун, кайсы жакка жөнөбөйлү, мен биринчи даяр болом да, бул кызды күтүп отура берем. Экөөбүз салонго чогуу кирсек да, мен заматта даярмын. А Чолпондун салондон чыкмагы тозок.
– Ырды студиядан бир ирет жаздырып алып, ошону менен жан багып жүрө берүүгө болот. Бирок атайы музыканттар менен иштешип, жандуу үн менен ырдоого жетпейт. Силерде мындай ой барбы?
М: – Экөөбүз тең музыкалык окуу жайында билим алып жатабыз. Эгер аппаратура, концерт берилүүчү залдын мүмкүнчүлүктөрү туура келсе, жандуу үн менен ырдоо бизге коркунуч туудурбайт. Дайыма жандуу үн менен концерт коё турган күн да Кыргызстанга келет деген үмүтүбүз бар.
– Келгиле, акча тууралуу сүйлөшөбүз. Эң биринчи маяна. Ким качан, кантип иштеп тапкан жана кантип короткон?
Ч: – 16 жашымда, промоутер болуп иштеп акча таап, апамдын туулган күнүнө белек алып баргам.
М: – Мен болсо, өтө эрте иштей баштагам. 15 жашымда кафеге официант болуп кирип, Валентин күнүндө 500 сом иштеп, сүйүнүп алып апама алып келгем. Официанттык менин жашымдагы балакай үчүн оор болчу. Кыйналып кеткендиктен, ойлонуп көрүп бир досум менен ошол кафеге ырчы болуп орношком. Ошондон бери иштеп келатам. Көп мактанып ийдимби?
– Жоок, көп деле эмес. Өзүңөрдү толук бактылуу сезиш үчүн эмне жетишпейт?
Ч: – Эгер кенен ой жүгүртсөк, тизме абдан узарып кетет. Кыскача айтсам, азыр күн ачылып кетсе, менин кабагым да жарк дей түшмөк.
М: – А меники, тескерисинче, азыр лапылдата кар жаап кирсе! Суук болсо деле, ишим жакшы болбой турса деле кардын жаап жатканын көрүп, өзүмдөн өзүм кубана берем.
– Заманбап жаштардын өкүлү катары мыйзамдуу нике менен жарандык никеге мамилеңер кандай?
Ч: – Мен жарандык никеге каршымын. Жигиттерге анын зыяны тийбейт деле, бирок кыздарга... Негизи, мыйзамдуу нике деген стабилдүү жашоонун кепилдиги да. Адамдардын баары, мейли улуулар болсун, мейли жаштар, баары эле стабилдүү жашоого умтулса керек.
М: – Жарандык никени анча-мынча колдойм. Чынын айтсам, ошондой жашоону тандагандарды сындагым келбейт.
– Окуудан, ырчылыктан кол бош убакта көңүл үчүн эмне иш кыласыңар?
Ч: – Максатты билбейм го, менде бош убакыт көп боло бербейт. Үч сиңдим бар, үйдө улуусумун, айтор, дайыма жумуш табылат. Алар менен чогуу жумуш жасаган деле сонун. Билесиз да, кыздардын башы бириккен жерде сөздөрү түгөнбөйт.
М: – Мен мүмкүнчүлүк болсо эле досторго жөнөйм. Футбол ойнойбуз. Ушуну чыныгы көңүл аччу иш десе болот.
– Бала бакчада, мектепте, азыр деле өзүңөрдү муштум менен коргоого туура келген учур болобу?
М: – Бул планда алып караганда кыздарга жашоо жеңилирээк. Көп эле учурлар болот. Бирөөнү сабаган, өзүң муш жеп калган, атүгүл качып кетүүгө туура келген.
Ч: – Качкан кезиң да болобу?
М: – Жеки Чанга окшоп беш-алтоону заматта сулатып салгандар кинодо эле бар. Чыныгы жашоодо көпчүлүк баары бир көпчүлүгүн кылбай койбойт. Мен кафеде иштегендиктен, көп учурларда түнкүсүн жалгыз-жарым жүрүүгө туура келет. Кээде беш-алтоо болуп атайы уруш издеп көчөгө "ууга" чыккандар кезигет. Ашыкча баш ооруну каалабасаң, кээде качууга да туура келет.
Шаиста Шатманова
star@super.kg