ЧЕГИ ЖОК МЕЙКИНДИК: ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ ИРИ 2 ЧӨЛ

Чөл – бул өтө көп аймакты ээлеген, флора-фаунасы дээрлик аз же жок жер аймактары. Чөл деп жогорку температураны, кумдуу мейкиндикти эле элестетүү туура эмес. Муз каптаган, таштак, топурак каптаган да чөлдөр бар. Дүйнөдөгү эң ири чөл Сахара десеңиз да жаңылышасыз...

Дүйнөдөгү эң ириси –Антарктика чөлү

Жайгашкан аймагы: Антарктика

Аянты: 13,8 миллион чарчы чакырым

Абанын орточо температурасы: кышкысын –65-70°C, жайкысын болжолдуу -40°C

Дүйнөдөгү эң чоң аянтты ээлеген Антарктика чөлүн, мындайча айтканда, Индия менен Канаданы кошкондогу аймакта жатат деп элестете бериңиз. Антарктика чөлү Жер шарындагы эң муздак жана жашоого ылайыгы жок аймак болуп саналат. Муз, суу менен курчалган бул аймактын суугу 2018-жылы -98°C температура менен рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Өсүмдүктөрдөн эңилчек, мох жана балырлар гана өсөт. Жаныбарлардан болсо пингвин, морж, кит, кашалот, косатка сыяктуулар байырлайт.

Эң ысык чөл – Сахара

Жайгашкан аймагы: Алжир, Египет, Ливия, Мавритания, Мали, Марокко, Судан, Тунис, Чад жана башка

Аянты: 9,4 миллион чарчы чакырым

Абанын орточо температурасы: кышкысын +13°C, жайкысын болжолдуу +35тен +80°C чейин

Африка континентинин түндүгүндө жайгашкан Сахара чөлү дүйнөдөгү эң ысык чөл делет, аянты боюнча экинчи орунда. Ондогон өлкөнүн кайсы бир аймагын өз кучагына алган чөл жылдан жылга аянтын кеңейтип баратат. Климатты да туруктуу ысык деп айтууга болбойт, акыркы 42 жылда Сахарада 5 ирет кар жааган. Башка чөлдөргө салыштырмалуу фауна-флорасы да көп түрдүү. Жер кыртышы көбүнчө кумдуу, шорлуу топурак. Чөл аркылуу өткөн бир нече дарыялардын арасынан туруктуу акканы Нил. Бирок кум алдында ири суу бассейндери, артезиан суусу да бар. Бул бассейндер көбүнчө чөлдөгү оазистерди суу менен камсыз кылып турат. Сахара газ жана мунай кендерине бай. Андан сырткары чөлдүн аймагында алтын, темир, жез, уран, вольфрам жана башка металлдардын кендери бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан