– Адахан мырза, мурунку президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга келиши талкуу жаратууда. Кыргыз коомчулугу аны кечире электиги байкалат. Ал кишинин келишин сиз кандай кабыл алдыңыз?
– Оор маселе. Биринчиден, президент болуп турган 14 жылда жасалган туура эмес иштердин изи. Аскар Акаевдин бийликтен кеткенине быйыл 18 жыл болуптур. 18 жылда коомдун ал кишиге мамилеси өзгөргөн жок. Көпчүлүк билет, тажрыйба жетишсиздигинен ошол жылдары базар экономикасына өтөбүз деп көптөгөн кемчиликтерди кетирип койгон. Ошол кемчиликтерди кетирбей коюунун мүмкүнчүлүктөрү бар беле, бар болчу. Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев сыяктуу абдан тажрыйбалуу агаларды, эжелерди укпай койду да, мына бүгүнкү жагдайдай... Бүгүнкүлөр да мамлекетти башкарууга тажрыйбасы жок, теоретиктер. Жеке тагдырга эмес, миллиондогон тагдырларга тиешеси бар чечимдер чыккан, азыркыга чейин запкысын тартып жатабыз. Ошол кездеги туура эмес саясаттын айынан азыр Кыргызстан Борбордук Азиядагы эң артта калган өлкө. Ушуга түз тиешеси бар адам катары Акаевди бирөө кечирсе, экинчиси кечирбейт. Мамлекетте эмес, кичинекей үй-бүлөдө деле ушундай, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.
– Негизи, ал киши деле өз ордун байкаштырып, элдин ою, көз карашы менен эсептешиш керек беле?
– Сөзсүз түрдө. Байкаш керек да. Мисалы, саясатчы эмес, кезинде сахнадан кетирбей кайра-кайра ырдатып жүргөн артисттер азыр концерт койсо эл барбайт. Мезгил өтүп кеткенден кийин, сиз айткандай, адам өз тизгинин өзү тартканды билиши керек, бул тажрыйбага, ички маданиятка жараша болот. Расмий бийлик “кечирдим” дегени менен, калың журттун пикири менен сөзсүз эсептешиш керек. Дасторкондун четинде кечирим сураган башка, эл алдында кечирим суроо башка. Кечиреби-жокпу, аны эл өзү чечет.
– Бийликчил депутаттар менен дегеле пикириңиз келишпейт. Ушундай шартта иштешүү жагы кандай болуп жатат? 1 жарым жылда кандай мыйзам сунуштап, өткөрдүңүз?
– Жогорку Кеңеш татаал организм. Мына бул (ред.: колуна документтер топтомун кармап) – мыйзам долбоорлору, ушуну окумак түгүл колуна кармап да коюшпайт да. Бирок добуш бере беришет. Эмнеге добуш берип жатасың десең, тиги жактан бергиле дешти го дешет. Ошондуктан иштешүү өтө татаал. Жекече сүйлөшүп калсаң баары эле “туура айтып жатасыз, бирок сиз да бизди түшүнүңүз” дешет. Түшүнөт элем, эгер кабыл алып жаткан чечимдер анын жеке өзүнө тиешелүү болсо. Коом деле ажырата билиш керек да, бирок элге деле баары бир болуп калды. Бүгүн сабап, 2-3 күндөн кийин дасторкон жайып 2 чыны чай куюп берсе алакан жайып “бактылуу бол, айланайын” деп ага бата берип отурбайбы. Өткөндө парламентте “таянарың болбосо, таамай сөздөн не пайда” дебедимби. Таамай сөз айтчу жигит-кыздарды көтөрүп алчу эл, баалачу киши жок. Баары аралашып кетти. Туура, таза жүргөнү бир тең да, ууру-кески, каракчысы деле бир тең болуп калды. Молдосу да, аракечи да, мугалими да, милициясы да, соту да баары бирдей азыр, аралашып бүттү, бул коркунучтуу. Мыйзам долбоорлору мыйзамды одоно түрдө бузуу менен кабыл алынууда, үн деген киши жок. Өзүбүздү өзүбүз жардын кырына алып келип, секиргени калдык. Болгондо да жардан түртүп жиберчү кишини мактап секиребиз. Ушундай тескери заман, азыр билбеген эмес, билген киши күнөөлүү. Түшүнгөн кишиге жүрөк ыйлай турган кырдаал жаралды. Бийликтегилер блогер сымалдарды көтөрмөлөп, өздөрүнө кошо ээрчитип жүрүп, ошолорго мактатып, анан өздөрү да ошого ишенип кетишүүдө.
Мен мыйзам туура эмес жазылып же аткарылбай жатат, атүгүл Баш мыйзам тебеленүүдө деп сын айтып жатам. Алар болсо менин мүнөзүмдү сындашат. Айырмасы чоң. Менин мүнөзүмдүн андай же мындай болушунан өлкө өзгөрүп кетпейт, бирок мыйзам бузулса өлкөнүн тагдыры өзгөрүп кетет. Башка өлкөлөр 20-30 жылдык план, стратегиялар менен өсүп жатышат. Бизде эң чоң маселе – аким кимдин партиясынан болот? Анан кантип өнүгүп, кантип башкаларга тең ата болобуз? Жогорку Кеңешти караңыз, ким катуураак кыйкырып койсо ошонуку туура, коркушат. Себеп – байкуштук да байкуштук. Жанагы көпчүлүк асылып, ырылдап эле тура берсе, жүрөк безилдеп калат экен. Жалган чындыктай көрүнүп, а чындык өзү чыркырап жатат. Акылыбызга келип токтолбосок, өтө каардуу кырдаалга кептелебиз, кептелип деле калдык, сезбей жатабыз.
– Ошондо 1 жарым жылда канча мыйзам жазып өткөрдүңүз?
– “Бүтүн Кыргызстан” оңою менен мыйзам өткөрө албайт. Калемди көрсөтсөк, Жогорку Кеңеш “жок, бул бычак” деп коюшу мүмкүн, муну көрүп эле жатабыз. Саясий иш-чараларга мугалимдерди тартууга тыюу салынсын деп мыйзамга өзгөртүү киргиздим, 1 жыл ичиндеги эң чоң жеңишим ушул. Эми анын иштешин талап кылуу мугалимдердин өздөрүнүн колунда.
– 2018-жылы “мамлекетти туугандаштыруу жана кудалаштыруу деген программа иштеп жатат” деген элеңиз. Азыр кандай программа иштеп жатат?
– Өткөндө бир мисал келтирдим эле, ошону кайталап коёюнчу... Бир көчөнү оңдоп жатышат, тосмо коюп коюшкан, машине менен өтө албайсың. Анан мен ошол көчөнүн башында туруп “өтө албайсыңар, көчө жабык” десем саламдашып коюп күлүп өтүп кете беришет. Анан барат да жанагы тосмого 10 сантиметр калганда токтойт. Ошондо да кыргыз “кокус, 5 сантиметр калганда ачылып кетер” деп үмүт кылат да. Баары ошол тосмого барып тыгылып, сөгүшүп жатып эптеп артка бурулушат. Кайтып келатып алдынан чыккан айдоочуларга “бул жак жабык экен” десе кашайып алары да укпайт, сөзсүз келип тыгылыш керек. Эмне дешти да билбейсиң... Көчөнүн башындагы “туңгуюк” деген жол белгисин көрүп деле кире беришет. Азыр Конституция, мыйзам менен эмес, түшүнүк менен жашоо доору. Маселелер “кожоюн айтты, бирдеме болсо мен жооп берем деди...” деп чечилүүдө. Бул – деградация, укалануу, майдалануу, караңгылашуу. Азыркылардын тегерегине кулакка жалаң гана жагымдуу сөздөрдү куюуга маш жигиттер барып алышты, ошолор расмий идеологияны жүргүзүп жатышат. Эгер бийликтегилер мамлекеттик катчы Сүйүн Касмамбетовдун сөзүн угушса, кеңеш алышса мынчалыкка барышпайт эле. Сүйүн мырза бир аралча гана болуп калды...
– “Садагалар”... Сиз көп колдонгон сөздөрдүн бири. Ушул сөздү депутаттарга карата айтуу аларды баласынтуу эмеспи?
– Садагасы деген сөз – бул аёо сезими. Сөгөйүн десем, мага эч ким башка элди, депутаттарды бербейт. Кыргыз эли көтөрүп алып келген балдар-кыздар ошолор. “Садагалар” деп алар аркылуу өз элиме, мамлекетиме кайрылып жатам. Эмне деп кайрылайын анда? Шордуулар дейинби? Же күйдүргүлөр дейинби? Депутаттар чындыкты айтып жатканымды билип турушат, бирок баары ичинен калтырап коркушат. Ошондуктан аларды аяйм.
– Чарчадыңызбы?
– Эң жаманы – кайдыгерлик. Эгер үй-бүлөдө аял-эркек анча-мынча кер-мур айтышып турса анда түзүк, эң жаманы – унчукпай, бири-бирине кайдыгер карап калышканы дейт. Мен азыр ушул деңгээлге жетип калдым, шымын чечип башына кийип алса да мейли. Анткени сөздү бирөөгө таасир этер, оңолор деген үмүттө айтасың да. Үмүт өчкөндөн кийинкиси жаман.
– Коомго белгилүү адамдын пенделик турмушу баары бир элге кызыгуу жаратат. Мисалы, Исхак Масалиев бош кезинде балык уулайт, Жантөрө Сатыбалдиев теннис ойнойт. Адахан Мадумаров эмне кылат? – Китеп окуйм. Убакытты аябай кызганам. Ошондуктан той-аш, тиги-бу дегендер жакпайт, көп барбайм, ансыз да кыска өмүрдө бекерге кеткен кайран 5-6 саат убакыт. Зыяндан башка пайдасы жок. Анан басам, күнүнө 10-15 чакырым басмай адатым бар.
– Акырында айтарыңыз...
– Бизде 18 жаштан өткөн 3 миллион 600 миң жаран бар экен, ошонун 10 пайызы 360 миң киши болот. Бизде 360 миң киши Конституцияны окуганбы? Жок. 1 пайызы 36 миң жаран, Конституцияны окуган 36 миң киши барбы бизде? 0,1 пайызы 3600 киши болот, Конституцияны окуп, түшүнгөн 3600 киши барбы? Анан эмне эле Конституция деп кыйкырып жатабыз? Кеп Конституцияда эмес, коомдо жана коомду жетектеген жетекчиде.
Автандил Добулбеков