МАНИКЮРДУ КИМ ОЙЛОП ТАПКАН?

Коко Шанелдин “Бардык нерсе аялдын колунда, анткени аялдын сулуулугу колунун тырмактарынан башталат” деген жакшы сөзү бар. Аялзатынын тырмактарынын көркөмүн арттырган маникюр кызматынын келип чыгуу тарыхы кызык болду.

Маникюр сөзү латын тилинен “manus – билек жана cura – кам көрүү” деген маанини түшүндүрөт. Тырмактарга кам көрүү кайсы доорго тиешелүү экени тууралуу так маалымат жок. Байыркы Египеттеги падышалыктын күмбөздөрүнөн табылган сөөктөрдө буту-колдун тырмактары кесилип, кам көрүлүп турганы белгилүү болгон. Негизи байыртан тырмактарга кам көрүү кызматын эркектер аркалашкан. Алар кардарларынын же кожоюндарынын колу-бутун жууп, жоруп калган жерлерин кырып, тырмактарынын астын тазалап, алып, жер-жемиштердин ширеси менен боёп беришкен. ХVIII кылымдын ортосуна чейин тырмактар атайын бычак менен алынган. Бул бычактар ыңгайсыз болуп, көп учурда ар кандай жаракаттарга алып келчү. ХVIII кылымдын аягында гана атайын маникюрдук кайчы жана башка керектүү жабдыктар ойлоп табылган. ХIХкылымдын башында апельсиндин бутагынан жасалган таякча менен тырмактын кутикулаларын түртүп, ашыкча эттерди кесе башташкан. ХХ кылымдын башында аялдар тырмактарын замша материалдын жардамы менен сүртүп, табигый өң бериш үчүн май сүйкөшкөн. Көп өтпөй наждак пилочкасы жаралган.

Тарых барактарында тырмак боёгон лак биздин эрага чейин ХХ кылымда байыркы Кытайда чыгарылган делет. Лакты бийликте отургандар жана байлар гана колдонушкан. Мин династиясы учурунда тырмактарын 25 сантиметрге чейин өстүрүп, түрдүү өңдөгү лактар менен боёп алышкан. Алар узун тырмактар жин-шайтандарды кубалайт деп ишенишкен. Узун тырмактар бат сынып ыңгайсыздык жаратканда аларды бекемдеп кармай турган шакектер жана башка асем буюмдар чыгарылган. Дагы бир кызыктуу факт, эң алгач төөнүн жүнүнөн жасалган кисточка менен тырмак боёлгон.

1920-жылы автоунаага ылайыкталган түрдүү боёктор чыгарылган. Ден соолукка зыяндуулугу жогору болгонуна карабай бул боёкторду тырмак боёгон лакка кошкон адамдар болгон. Лактардын суроо-талапка ээ экенин билген косметологиялык компанияларда жөн отурга н эмес. MaxFactor компаниясы алгачкы тырмактын өңүндөй табигый өңдөгү лак чыгарышкан. Бирок бул лак сууга тийсе бат эле өчүп кала берген. 1934-жылы Revlon компаниясы сууга туруктуу лакты ойлоп таап, сулуулардын сообуна калган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан