Эне – сый-урматка гана татыктуу, айтып бүткүс сыймык. Белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Дилшат Кангелдиева апасын, анын айткан акыл-насаатын, берген тарбиясын баяндайт.
«АПАМ МЭЭНЕТКЕЧ, ТАЗА ТАБИТ АЯЛ ЭЛЕ»
– Апамдын аты-жөнү Бурмачач Парпи кызы, 1927-жылы Ала-Бука районунун Кош-Терек айылында туулган. Атам Эрназар Кангелдиев 1924-жылы Чаткалдын Айгыр-Жал айылында туулган. Ата-энем 4 кыз, 1 уулду тарбиялап өстүрүштү, мен эң кичүүсүмүн. Апам мени 40 жашында төрөптүр.
Ата-энем эртеден-кечке мамлекеттик кызматта эле. Апам таң эрте үй иштерин жасап коюп, жумушуна кетчү. Көп жыл кассир, эсепчи болуп иштеди, пенсияга чыгып да 70 жашка чейин иштеп жүрдү. 3 күн иштеп, 1 күн дем алар эле. Ошол 1 күндө үйдү түп көтөрө жыйнап, кир-когубузду жууп, тандырга нанды жаап, тамактын түрүн жасаганга жетишчү. Аябай эмгекчил, таза табит аял эле. Жазында үйдүн актап, сырдап, жалгыз өзү баарына жетишчү. Күн ысыганда төшөктөрдү жайып, кабып, килемдерди жууп-тазалап эле отурчу. Ал кезде “Киргизия” деген жарым автомат кир жуугуч машине бар эле, ошого кышында муздак сууга кир чайкачу. Апам кубанганын да, кайгырганын да билдирчү эмес. Иш деп жүрүп бизге өнөрүн деле көрсөтпөптүр. Билгендер “абдан жакшы ырдачу” деп калышат. 6-7 жашымда мага жыгач, темир ооз комуздарда ойногонду үйрөткөн.
«МЕН ИШ ДЕЛЕ КЫЛЧУ ЭМЕСМИН»
– Апам сулуулукту, кооздукту жакшы көрчү, баалачу. Эшиктин алды түркүн гүлдөргө толуп турчу. Атайын Өзбекстандан алып келип өстүрчү.
Апамдын нанычы... Чакан, жумшак, сүткө жуурулуп, кыпкызыл болуп бышчу. Андан каттамасы укмуш эле. Сары майга жасаган каттамасын үйгө келген коноктор тамшанып жешчү. Алардын даамы дале таңдайымда турат. Ар бир тамакты өзгөчө берилип жасачу, такыр эринчү эмес. Кичинемде “кел, чүчпара түйгөндү үйрөнүп ал, кызым” десе кошо түйүшүп жатканым, “тамакты минтип жасаш керек” дегендери эсимде.
Үйдө оор жумуш деле кылчу эмесмин, музыкалык мектептен келип эле комуз чертип ырдап, сабак аткарып эле отурчумун. Апам эч кимибизди катуу урушчу эмес, акырын гана “эч качан сиңдиңе катуу тийбегин” дечү. Назик, жумшак адам эле. Ооруп калсак да күйпөлөктөп үстүбүздөн үзүлө түшүп карачу, бирок дары-дармек менен эмес, элдик ыкма, дары чөптөр менен дарылачу. Көрсө, таятам табып болгон экен.
«АТАМ БИР БАШКАРМАНЫН БАЛАСЫНЫН ОРДУНА СОГУШКА КЕТИПТИР»
– Атам болсо абдан мээримдүү, баласаак, ар бир иштин майын чыгара иштеген киши болчу. Согуштун ардагери эле. Атам бизге телевизорду көп көрсөтчү эмес, “бул силерди алаксытат, сабагыңарга тоскоол болот” дечү. Эл сыйлаган киши эле, райондун ардактуу ардагери болду. 2 агасы өзүнөн мурда согушка кетип, кайтпай калыптыр. Атам өзү согушка 16 жашында, бир башкарманын баласынын ордуна кеткен экен. Бир жыл атайын окуудан өтүп, 17 жашка толгондо анан согушка кириптир. Согушка кантип барганын, окуяларды бизге айтып берчү. Атам райондо 47 жыл жетекчилик кызматта иштеди.
«АТАМ БИЗДИ КАТУУ ТАРТИПТЕ ТАРБИЯЛАДЫ»
– Кичинебизде атам жомок айтып берчү. Жомоктун каармандары көбүнчө жез тырмак кемпир, жез кемпир болчу, коркуп угар элек (күлүп).
Корообуздагы мөмө-жемиштердин кышка сакталчусун тептегиз кылып таптаза тизип, жер төлөгө жыйнап койчу. Кышка аябай камкор болчу. Ошол кезде 10-15тей кою бар эле, аларды карачу. Абдан сарамжалдуу, үй-бүлөгө камкор адам эле. Апам деле ошондой адам болчу, бирок бир аз ак сөөктөрдөй болуп өмүр бою колунан калемсабы түшкөн жок.
Партиялык кызматкер болгондуктан “кыздарым, бейчеки баспагыла, жакшы окугула” деп турчу, тартипке бекем эле. Ушундан уламбы, тартынчаак болуп өстүм, үйдөн чыкпай эле отура берчүмүн. Тазалыкка абдан көңүл бурчу, анткени согушка барып келген да, “бактерия бар, оору жугат, бирөөнүн сүлгүсү менен аарчынбагыла, самынын колдонбогула, тамак ичерде колуңарды таза жууп, дасторкон үстүндө кулагыңарды, чачыңарды кармалабай отургула” деп турар эле. Азыркыга чейин дасторконго отурганда ушуларды эстеп турам. Ит-мышыктарды карматчу эмес.
«КИЧИНЕМДЕГИ АТЫМ БАРИК ЭЛЕ»
– Эшиктин алдында сөрүбүз (ред.: топчан) бар болчу, ошол жерде чай ичип отурган күндөр эске түшөт. Мен үчүн ал жер сахна болчу, ага чыгып алып кыйкырып ырдай берчүмүн. Апам үйрөткөндөй, көчөдө бараткандардын баары менен “саламатсызбы?” деп кыйкырып учураша берчүмүн (күлүп). Чачым калың, тармал, жүзүм ак жуумал, бир караганда көзгө илинчү кыз экенмин, ошого үйдөгүлөр “атыңды сурашса Барик деп кой” дешчү. Көз тийбесин дешсе керек да. Ошондон бала кездеги атым Барик болуп калган.
Мени апам урушпаптыр. “Урушпайсыз, иштетпейсиз, кичине ары-бери жумшабайсызбы” деп калчу улуу эжем. Анда деле мени аяп, эч нерсе кылдыртпаптыр. Оюмдун, көңүлүмдүн баары музыкада эле. “Комузун ойной берсин” деп эле жөн коюшчу. Музыкалык мектепке алгач өзүм барсам “кичинекейсиң” деп албай коюшкан, кийин апам киргизген. Атам 8-классты бүтөрүм менен Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга тапшыртты. Бул менин Дилшат болушума, жашоомдо чоң роль ойноду. Аны бүткөндөн кийин Бишкектен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунан окуумду уланттым. Окуумду бүткөнгө чейин эле филармонияда иштеп калдым. Бардык ийгилигиме ата-энем себепкер.
Атам 78 жашында дүйнөдөн өттү, андан 6 жылдан кийин 80 жашка чыгып апам өттү. Атам өткөндө “Камбаркан” тобу менен Англиядан келаткан болчумун. Бир күн кечигип калыптырмын, аябай ичим ачышты. Ал эми апам менин колумдан аркы дүйнөгө кетти. Жашоо ушундай экен, ушинтип ата-энеңдин бейишин тилеп отуруп калат экенсиң. Ата-энемдин бейиштерин берсин, балдарына ыраазы болсун. Биз дагы ыраазыбыз.
Гулийпа Маметосмон кызы