Эрнис Асаналиев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «КЛАССИКАЛЫК МУЗЫКА АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨТ»

Президенттик “Манас” оркестринин мурдагы көркөм жетекчиси жана дирижёру, көптөгөн эл аралык сынактардын лауреаты Эрнис Асаналиев маек төрүбүздө. Президенттик оркестрдин негизги курамынын иштен кетиши, Эрнис аганын чыгармачылыгы тууралуу баарылаштык.

– Саламатсызбы, Эрнис мырза? Президенттик “Манас” оркестринен кетүүңүздөрдүн себеби эмне болду?

– Президенттик “Манас” камералык оркестрин мен түзгөм. Ыраматылык коомдук ишмер Ташкул Керексизов агабыз “Эрнис, 12 адамдан турган оркестр түзсөң жакшы болот эле, мен жардам берейин” деп сунуштап калды. Москвадан аспирантураны жаңы бүтүп келген кезим болчу. Ошентип 1999-жылдын октябрь айында оркестр түзүлгөн. 2000-жылы биринчи концертибизди бергенбиз, 2001-жылы “президенттик” деген статус беришкен. Бул чоң даража. Кыргызстанга келген чет элдин расмий өкүлдөрүнө, жалпы элге, классика сүйүүчүлөрүнө өнөр тартуулап, Улуттук филармонияда, Опера жана балет театрында көп жолу концерт бердик. Самара Токтанкунова, Керим Турапов, Талгарбек Жакшылыков, Эльвира Асанкулова жана башка Эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттер менен чет элден келген көп жакшы музыканттардын катышуусунда көп концерттерди бердик. Биздин башкы линиябыз дүйнөлүк классиканы жана кыргызстандык композиторлордун музыкасын элге тартуулоо. Жөн эле тартуулоо эмес, сапаты жактан эң жакшы деңгээлде тартуулоо. Сапатка эмне кирет? Жалпы ансамбль бир кишидей ойношу керек. Дирижёр да ошол үчүн керек, дирижёрдун башкы линиясы ошол. Ошентип 20 жыл жакшы иштедик. Жакшы деңгээлге келгенбиз. Дүйнөлүк деңгээлдеги музыканттар, германиялык виолончелист Дмитрий Горновский, казакстандык пианист Амир Тебенихин, германиялык дирижёр Вольфганг Курц, “Астана опера” оркестринин солисти Балжан Сапарова, дүйнөлүк квартеттерден Газиз Жубанов атындагы казакстандык квартет келип ойноп кеткен. Бул бийик деңгээлди, президенттик статусту кармап тургандыгыбызды билдирет. Мындан ары деле уланта бермекпиз. Тилекке каршы, андай болбой калды. Оркестрдин администрациясы менен пикир келишпестик болуп, жумуштан кеттик. 2-8-апрель күндөрү Астана шаарында болдум. Эл аралык сынактын калыстар тобуна чакырышкан. Ошол жактан келсем эле "жумушта жок болдуңуз" деп жумуштан чыгарып коюшту. Мен тараптан каржылык мыйзам бузуу да болду деп жатышат. Бул чындыкка дал келбейт. Мен каржылык жагын түшүнбөйм, ал тармагын башка киши карачу. Мен чыгармачылык жагын карачумун.

– Оркестрди Майрам Акаева түзгөн деген да маалымат чыкты...

– Бул туура эмес маалымат. Муну мени менен чогуу жүргөн кишилер билишет. Майрам Акаева түзгөн деп билбеген, көрө албагандар айтып жатышат. Ташкул Керексизов каражат жагынан жардам берип жүрүп, 2001-жылы “күчүм жетпей калды” дегенде 2 айдай Майрам Акаеванын фонду каражат жагынан жардам берген.

– 19-майда “Ойно” оркестри болуп концерт бердиңиздер...

– Мындан 2 жыл мурун айлык аз болуп “Манас” оркестринен 5 бала Челябинск шаарына иштегени кеткен. Ал кезде айлыктары 10 миң сом болчу. Былтыр айлыгыбыз көтөрүлүп, ал балдар оркестрге кайтып келишти. Ошол жигиттер быйыл март айында “Ойно” оркестрин түзүшүп, мени да чакырышкан. Концерт берер учурда чогулуп, кайра тарап кетебиз. Аябай мыкты балдар. Мен улуттук консерваторияда иштейм да. Оркестрде көбү – студенттерим, республикалык, эл аралык сынактардын лауреаттары. Алар менен 19-майда биринчи концертибизди бердик.

– Бизде классикалык музыканын угармандары көп элеби, алар кимдер?

– Биздин элди жакшы, сапаттуу музыка менен тарбиялашыбыз керек. Филармонияда залды тейлеп иштеген эжекелер мага “силердин көрүүчүлөрүңөр тартиптүү, концерттен кийин залды тазалабай эле эшигин жаап чыгып кетебиз” дешет. Бул жакшы көрүнүш. Биздин угармандарыбыздын ички дүйнөсүнүн кооздугу, маданий байлыгы, өзүн туура алып жүрүүнү билгени, классиканы түшүнүп уга билгени аябай жакшы нерсе. Андай адамдардын саны улам көбөйүп жатат. 19-майдагы концертке көрүүчү көп келди, орун жок, тик туруп көргөндөр болду. Алдыда чоң пландарыбыз бар, буюрса, баарыңыздар күбө болосуздар. Баарыңыздарды классикалык музыка угууга чакырам. Биринчи жолу укканда түшүнбөшүңүздөр мүмкүн. 4-5 концерттен кийин ички дүйнөсү бай, башкача киши болуп каласыңар, жакшы жакка өзгөрөсүздөр деп айта алам. Муну сөз менен жеткире албайм, музыканы угуш керек. Советтик композитор Дмитрий Шостакович бекеринен “музыкан сүйүш үчүн аны угуш керек” деген эмес.

– Сиз музыканы качан сүйүп калдыңыз?

– 5 жашымда гитара черте баштаптырмын. Эч ким үйрөткөн эмес, үйдө гитара бар болчу, ошону алып эле кызыгып ойноп баштаган экем. Апам кызыгуумду байкап, 7 жашымда Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке алып барган. Бардык сынактарды "5ке" тапшырып, скрипка классына киргем. 11 жыл жатак мектепте жашап, окудум. Андан кийин Алматы шаарындагы консерваторияда, андан кийин Москвада окудум. Эл аралык сынактарга катышып алдынкы орундарга ээ болгом. Германиянын Байройт шаарында өткөн Рихард Вагнер атындагы дүйнөлүк фестивалда дүйнөлүк симфониялык оркестрде башкы скрипач, концертмейстер болуп отургам. Бул да чоң жетишкендик. Немистер комиссияда отуруп ойнотуп көрүп, биринчи скрипач катары тандап алышкан. Японияда, АКШда, Германияда, Бельгияда, Түркияда, Кипрде, Украинада, Орусияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Грецияда концерттерди бергем, азыр деле берип жүрөм.

– Үйдө гитара бар болчу деп жатпайсызбы, демек, ата-энеңиз да музыкадан алыс эмес адамдар болушкан го?

– Атам эрте каза болуп калды. Апам жакшы ырдачу. Бирок музыкалык билими жок эле. Үйдө гитара, комуздар бар болчу, кээде чертип калчу, кызыкчу. Ыраматылык апама ыраазымын, мага туура жолду тандап бериптир.

– Дирижёрлук кылуу абдан оор болуш керек?

– Чыгарма ойнолуп жатканда бир гана ой берилиш керек. Ар кандай ой берилип жатса, анархия болуп калат. Интонация деп коёт, акырын ойногон жерден баары акырын, катуу оногон жерден баары катуу ойношу зарыл. Дирижёрдун жумушу абдан кыйын, оркестрди баштап, башкарыш жеңил иш эмес. Дирижёр билимдүү болушу керек, музыканы жакшы түшүнүшү шарт. Композитор музыка менен эмнени айткысы келсе, ошону элге жеткирип беришибиз керек.

– Үй-бүлөңүз тууралуу да сүйлөшсөк...

– Келинчегим да музыкант, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, виоленчелист. Экөөбүз чогуу иштейбиз. 3 балабыз бар. Кичүү балам быйыл мектепке барат. 2 кызым да скрипкада ойнойт.

– Ишиңизге ийгилик каалайбыз! Бар болуңуз!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nur1111
2023-11-05 00:35:00
баарЫлаштык --- баарлаштык Самара ТоктаНкунова ...музыкан сүйүш үчүн"...
0
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан