“Жашоо кызыксыз болуп баратканда музыка жаралган. Музыка да жардам бербей баштаганда футбол ойлоп табылган” дегендей, учурда бүйүр кызыткан клубдар арасында мелдештер көп. Дүйнөнүн атактуу клубдары тууралуу баяныбызды “Падышалык клуб” деген атка конгон “Реалдын” күйөрмандарын кубантуу менен баштоону чечтик. Анткени №1-спорт түрүндө мадриддиктер №1-болуп саналат...
“Реал” (Мадрид)
Өлкөсү – Испания
Шаары – Мадрид
Негизделген жылы – 1902-жыл, 6-март
Лакап аттары – “Актар”, “Галактикос”, “Каймактар”
Стадиону – “Сантьяго Бернабеу”
Президенти – Флорентино Перес
Машыктыруучусу – Жозе Моуринью (Порт.)
Капитаны – Икер Касильяс
Жетишкендиктери – Испаниянын 31 жолку чемпиону; Испаниянын кубогунун 17 жолку ээси; УЕФАнын ЧЛсынын 9 жолку жана Суперкубогунун 1 жолку жеңүүчүсү. Континент аралык кубокту 3 жолу жана Испаниянын Суперкубогун 8 ирет утуп алган.
Расмий сайты – www.realmadrid.com
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
ПАДЫША ЖАКТЫРГАН КЛУБ
Азыркы “Реалдын” “ата-энеси” болуп 1896-жылы түзүлгөн “Футбол скай” клубу саналат. Бирок расмий түрдө “Реалдын” туулган күнү деп 1902-жылдын 6-марты кабыл алынган. Ошондо жаңы түзүлгөн командасына ага-ини Падрос менен Хулиан Паласиостор “Мадрид футбол клубу” деген ат коюшкан. “Реал” деген аталышына 1920-жылы Испаниянын падышасы Альфонс XIII “Падышалык клуб” наамын ыйгаргандан кийин ээ болгон (“real” сөзүн испанчадан которгондо “падышалык” дегенди билдирет. Ал латынча “regalis” – “падышалык” деген сөздөн келип чыккан).
КЫЛЫМДЫН МЫКТЫ КОМАНДАСЫ
"Реалды” дүйнөдөгү №1-клуб деп атоонун себеби эмнеде? Бул испаниялык клуб эң абройлуу делген УЕФАнын ЧЛсын баарынан көп, башкача айтканда, 9 жолу жеңген. Дал ушул жагынан ал №1-болуп турат. Ушул себептен болсо керек, ФИФА “Реалды” “ХХ кылымдын мыкты командасы” деп тапкан. Мындан тышкары “Галактикос” Испаниянын Жогорку Лигасынан “учуп кетпеген” 3 клубдун бири (калган экөө – “Атлетик” менен “Барселона”) болуп саналат. “Галактикос” демекчи, кылымдан ашуун мезгил аралыгында команда 3 лакап атка ээ болду. “Азан чакырылып” коюлган аты “Актар” болгону менен, аброю өсүп, “Галактикос” жана “Каймактар” деген аталыштар жаралды.
“ПЛАНЕТАНЫН МЫКТЫЛАРЫН ЧОГУЛТАМ”
Көп жылдардан бери “Реал” дүйнөнүн мыкты футболчуларын сатып алуу жагынан эч кимди алдына салбай келет. “Реал” футбол жылдыздарына “аңчылык” кылуусу менен атагы чыккан. Атактуу топ чеберлерине карата мындай ач көздүк команданын президенти Флорентино Перестин ысымы менен байланыштуу.
2000-жылы “Реалдын” президенттик кызматына амбициясы күч болгон Флорентино Перес келип, командага планетанын мыкты футболчуларын чогултууну чечет. Бул максатта алгач 71 миллион евро коротуп, португалиялык Луиш Фигуну сатып алган. Фигунун артынан командага Зинедин Зидан келип кошулган. Анын трансфери 75 миллион еврону чапчыган. Дагы бир жылдан кийин Мадридге Роналдо, Дэвид Бекхэм жана Майкл Оуэн көчүп келген. “Дүйнөнүн мыкты футболчусу” аталган бул футболчулардан чогулган команда “Галактикос” деп атала баштаган.
ҮЙРӨНГӨН АДАТ КАЛАБЫ, УЙГА ЖҮГӨН САЛАБЫ?
2006-жылы Перестин ордуна Роман Кальдерон келет. Кальдерон ошондо командага жаңы чыгып келаткан жылдыз Криштиану Роналдуну алып келүү убадасын берип, упай топтоп бийликке келген эле. Бирок анын тушунда күйөрмандар “Сантьяго Бернабеудан” Роналдунун оюндарын көрө алышкан жок. Тескерисинче, Кальдерон Перестен калган “мурастарды” (Бекхэм, Роналдо жана башкалар) сатып жиберген. Натыйжада ал 2009-жылы отставкага кетип, “Реалга” кайрадан Перес келет. Ал чү дегенде эле көнгөн адатын баштайт. Кака үчүн 68 миллион, Роналду үчүн 93 миллион евро аябайт. Аталган эки мегажылдыздан тышкары командага Рауль Альбиоль менен Карим Бензема келип кошулат. Ошондой эле ири сатып алуулардын катарына “Ливерпулдан” Хаби Алонсонун келишин да кошсок болот. Бирок миллиондогон каражаттар коштогон өзгөрүүлөр натыйжа берген жок.
10 жыл ичинде мыктылардын мыктыларынан чогулган “Галактикос” УЕФАнын ЧЛсын 1 жолу, Испаниянын чемпиондугун 4 жолу гана жеңди. Чынында, “Реал” миллиондогон акчаларды каяктан алат жана оюнчуларды кымбатка сатып алуудан эмне пайда?
КҮЙӨРМАНДАР ЭЭЛИК КЫЛГАН КОМАНДА
Пайда болбосо, “Реалдын” кожоюндары жогорудагыдай тобокелге барышмак эмес. Команда азырынча ири жеңиштерге жетише албаса да, стадионго келген көрүүчүлөрдөн, телеге алып берүүлөрдөн жана жарнамалардан чоң киреше таап келет. Мындай ийгиликке команда туура жана ачык жүргүзүлгөн саясаттын негизинде жетишип келет. Айта кетсек, “Реал” акционердик коом эмес. Команда кадимки күйөрмандардын менчиги болуп саналат. Күйөрмандар жыл сайын взнос төлөп, команданын саясатын өзүлөрү шайлаган президенти аркылуу аныктап турушат. Ал эми шайланган президент Башкаруучу Кеңеш менен иш алып барат. “Deloitte” уюмунун маалыматында, “Реал” “дүйнөдө эң чоң бюджетке ээ болгон клуб” деп табылганы бекеринен эмес.
АТАКТУУ ОЮНЧУЛАРЫ
Бай тарыхка ээ болгон атактуу командалар сыяктуу эле “Реалдын” да легендага айланган улуу оюнчулары бар. Алар – Замора, Раймон Копа, Ференц Пушкаш, Альфредо Ди Стефано, Гарсия Ремон, Пауль Брайтнер, Рауль жана башкалар. Акыркысын “Реалга” 16 жыл өмүрүн арнагандыгы үчүн “команданын иконасы” деп аташат. Мындан тышкары “Реалдын” курамында “Дүйнө чемпиону” аталган 11 футболчу ойногон жана төмөнкүлөрдүн акыркы бешөө учурда да ойноп келет (Гюнтер Нетцер, Пауль Брайтнер, Хорхе Вальдано, Роналдо, Зинедин Зидан, Фабио Каннаваро, Икер Касильяс, Рауль Альбиоль, Альваро Арбелоа, Серхио Рамос, Хаби Алонсо).
Спорт жаңылыктары
“НЕФТИЧИ” ОРУСИЯДА РЕВОЛЮЦИЯ ЖАСАЙ АЛБАДЫ
2010-жылы Кыргызстанда эрдик жасап, футбол боюнча улуттук чемпиондукту жеңип алган “Нефтичи” Шериктештик кубогунда революция жасай албады. Команда “жок дегенде 1 жеңишке жетишүү” деген максатын да ишке ашыра алган жок. Өзгөчө 3-турда тажикстандык “Истиклолго” 5:0 эсебинде жеңилиши зээнди кейитпей койбойт. Айта кетчү нерсе, мындай эсеп эң ириси эмес (1994-жылы “Алга-РИИФ” Орусиянын жаштар курама командасына 10:0 эсебинде жеңилсе, 1995-жылы “Кант-Ойл” беларустук “Динамого” 9:0 эсебинде баш ийген. Ал эми Шериктештик кубогунун эң көп катышуучусу “Дордойдун” жеңилген эң ири эсеби 7:0 болгон. Ошондо “дордойчуларды” молдовалык “Шериф” “ыза” кылган).
Ошентип, кочкор-аталыктардын эл аралык мелдештердеги дебюту ийгиликсиз аяктады. Команданын машыктыруучусу Александр Крестинин айткандай, “Нефтичи” үчүн ар бир беттеш чоң тажрыйба болду.
Шериктештик кубогунун ээси 23-январда билинет. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында чейрек финалдык жуптуктарды төмөнкү командалар түздү:
“Шахтёр” (Беларусь) – “Динамо” (Украина)
“Сконто” (Латвия) – “Истиклол” (Тажикстан)
“ХИК” (Финляндия) – “Зенит” (Орусия)
“Интер” (Азербайжан) – “Мика” (Армения)
“Нефтичинин” Шериктештик кубогундагы натыйжалары:
“Интер” (Азербайжан) – “Нефтичи” – 3:0
“Нефтичи” – “Искра-Сталь” (Молдова) – 0:1
“Истиклол” (Тажикстан) – “Нефтичи” – 5:0
Бильярд
КАНЫБЕК САГЫНБАЕВ ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?
Өткөн аптада ММКларда бильярдчы Каныбек Сагынбаевге “КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери” наамы ыйгарылгандыгы тууралуу кабар тараган. Мунун чын-төгүнүн билүү максатында анын өзү менен байланыштык. Бул тууралуу ал: “Менин мындай даражага көрсөтүлгөндүгүм чын. Ошондой эле машыктыруучум Константин Коробовго да “КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу” наамы берилгени жатат. Угушубузча, буйрук чыккан, бирок расмий түрдө качан тапшырылары белгисиз. Чынын айтсам, мен эч кимге ишенбей калдым. Былтыр Дүйнө чемпиондугун жеңип келгенимде “бийлик тараптан чоң колдоо болот. Президент өзү кабыл алат” дешкен. Бирок ушул күнгө чейин “рахмат” дешкен да жок”,- деп айтып өттү.
Эске салсак, былтыр Каныбек Германияда өткөн Дүйнө биринчилигинде туубузду бийик көтөрүп, 4-ирет Дүйнө чемпиону аталган.
Футбол
“АБДЫШ-АТАДА” ӨЗГӨРҮҮ ЖАНА “ДОРДОЙДУН” БАШ ТАРТУУСУ
Канттык “Абдыш-Атада” өзгөрүү болуп өттү. Команданын башкы машыктыруучулук кызматына өзбекстандык Ислам Ахмедов (сүрөттө) дайындалды. Ал голландиялык Жейлан Ариканды алмаштырды.
“Дордойдун” 20-февралдан 1-мартка чейин өтө турган Түркмөнстандын президентинин кубогуна (баш байгеси 20 миң доллар) катышары тууралуу кабарланган. Бирок жогоруда аталган күндөрү КРнын олимпиадалык курама командасы “Лондон-2012” Олимпиадасынын тандап алуу оюндарында беттеш өткөрүүсү керек. Ал эми олимпиадалык курама команданын өзөгүн “дордойчулар” түзгөндүктөн, “Дордойдун” жетекчилиги Түркмөнстандын кубогуна катышуудан баш тартууга аргасыз болду.
Ошондой эле “орусиялык адис Сергей Дворянков отставкага кетет” деген кептерге карабастан, ал “Дордойдун” машыктыруучулук кызматында калгандыгын кошумчалай кетмекчибиз.
АВСТРАЛИЯ МЕНЕН ӨЗБЕКСТАН – БАШКЫ ТАЛАПКЕР
Ушул тапта бизде кыш болуп жатса, ысык климаттуу Катар өлкөсүндө Азия кубогу кызуу уланууда. Араб өлкөсүндө майданда абанын температурасынан кем калышпаган “ысык” күрөштөр жүрүп жатат. Гезит басууга кетип жатканда чейрек финалдын 8 жолдомосунун жетөөсү белгилүү болуп калган эле. Тактап айтканда, чейрек финалда кылыч кайрачу 4 жуптуктун үчөө толугу менен түзүлгөн. Болгону, Австралия өз атаандашын күтүп жаткан.
Тайпалык оюндардын негизинде көпчүлүк адистер тарабынан Австралия менен коңшулаш Өзбекстандын чемпиондукка мүмкүнчүлүгү жогору экендиги айтылууда.
ЧЕЙРЕК ФИНАЛДА КИМДЕР БЕТТЕШЕТ?
21-январда
1. Япония – Катар
2. Өзбекстан – Иордания
22-январда
3. Иран – Түштүк Корея
4. Австралия – (Ирак, БАЭ же Түндүк Корея болушу мүмкүн)
Эреже боюнча, жарым финалда 1-оюндун жеңүүчүсү 3-оюндун жеңүүчүсү менен, 2-оюндун жеңүүчүсү 4-оюндун жеңүүчүсү менен кезигет.
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg