(Башы өткөн сандарда)
Эмил Айдайдан айрылганы өзүнө батпай жатты. Ачуусун кимден чыгарышты билбей, алдастап жатканын көрдү Ажар. Ооруканадан чыгып кыйла жакшы болуп калган эле. Күйөөсүнүн кыялын жаттап бүткөн ал бир нерсе болгонун сезди. Өзү сөз баштады.
– Сага эмне болгон?
– Эмне болуптур?
– Расмий түрдө ажырашуу тууралуу сөз козгоп жаттың эле. Эмнегедир токтоп калдың? Айдай сени миллиондоруң менен да кабыл албадыбы?
Аялынын үнүндөгү жеңиш Эмилдин ооруп турган талуу жерине тийди.
– Сенин ишиң эмне?- деди бурк эте.
– Ишим жок, болгону эмне болгонун билейин дедим. Тиги аялыңды жанчып салыпсың, ооруканада жатат деп уктум.
– Сен да ошону каалап калган окшойсуң.
– Мага тие албайсың, Эмирден коркосуң сен. Аны да билем.
– Хе, Эмирден коркот имишмин. Ким ал? Жадакалса ал сенин өз балаң да эмес! Коргоочуну тапкан экенсиң.
Ажар башына таяк тийгендей селдейди. Эмил ушунча ачууланса да бир да жолу Эмир анын баласы эмес экенин айткан эмес. Мынчалык оор сөздөрдү айткан эмес. Буга эмне болгон? Аны таң кала тиктеп калды.
– Сен антип айтпа! Эмир менин уулум! Аны эч ким башка деп айта албайт. Ал тургай сен да айта албасың.
– Күлкүмдү келтирбечи, эмнеге мен айта албайт экем. Кааласаң мен андан да жаманын айтам.
Эмил жырткычка айланып кетет мындай учурларда. Каалаганына жетпей калса анын ичинде белгисиз айбан ойгонуп кетмей жайы бар. Бул жолу да ушундай болду. Эмне кылып жатканын, мунун аркасы эмне болорун ойлонгусу келбей калды. Болгон максаты – Ажарга күтүлбөгөн жерден сокку уруп, анын кыйналып жатканын көрүү эле.
– Андан да жаманы эмне? Эмнени айта албай жүрөсүң? Айт да, кутул! Сен көптөн бери бир нерсени жашырып жүрөсүң менден.
Эмил жылмая берди.
– Сен бир нерсеге таян, жок, жакшысы отуруп ал. Анткени мен айткан нерседен эсиңден танып калышың мүмкүн. Кел, кел, отур.
Куду кичине баладай жетелеп келди да, дал маңдайына отургузду.
– Эмирдин өз энеси табылды!
– Эмне?!
– Сенин уулуң Эмирдин өз энеси, төрөгөн энеси табылды. А сен мурдуңдун учунда турган нерсени көрө албадың. Жок дегенде балаң кимге окшоп музыкант болуп калганын байкабадың. Сен өз колуң менен балаңды өз энесине түрткөн экенсиң. Эмирдин апасы Айдай!
Ажар көздөрүн бакырайта ачып нес болуп калды. Бардык нерселер көз алдынан чууруп өтүп жатты. Айдай менен Эмирдин жүздөрүн элестеткенде эле күйөөсүнүн сөзү туура экенин билди. Мындай окшоштук болушу мүмкүн эмес. Эки колу менен башын мыкчый берди.
– Хе, дал ошондой. Сен болсо жүрө бер. Жакында Эмир өз апасы тууралуу бардык чындыкты угат. Анан мен сени көрөм, жапжалгыз каласың. Мага жалдырайсың! Ошондо акыркы болуп ким күлөт, көрөбүз.
– Жок, мүмкүн эмес!- Ажар көздөрүн жумуп жиберди. – Кана, далилде! Чынбы бул айткандарың?
– Мына, бул телефондон көр.
Эмил телефонунан баягы каргашалуу видеону суна берди. Канча жыл өтсө да видеодогу кыз Айдай экенин тааныды. Өз бөлмөсүндө Эмирдин сүрөтүн көргөндө эси ооп жыгылганы эсине келди. Андан кийин Эмирди кантип караганы эсине түштү. Бардык нерсе майда-чүйдөсүнө чейин эсине түшө баштады.
– Ааааа!
Куду жырткычтыкындай үн менен бакырып жиберди. Колуна тийген бардык нерсени ыргытып, кыйкыра баштады.
– Бербейм мен! Эмир менин уулум. Ал меники.
Токтоо аялынан мындай реакция күтпөгөн Эмилдин да оозу ачылды. Аялын кармай калды. Эптеп өзүнө келтирди.
– Болду эми, өзүңө кел.
– Сен алып келгенсиң баланы, мага кучагыма бергенде аны менден эч ким талашпай турганын айткансың. Сөзүңө тур! Эмил, мен эмне кааласаң кылам. Сен сөзүңө тур дагы, мени уулумдан айрыба.
Эмил оор үшкүрдү. Айдайды колуна кармап туруунун бирден бир жолу Эмир болчу. Бирок ал колунан чыгып кетти. Ар күнү тиги журналист сөрөй Илим менен жүрөт. Кызганычы, эгосу жанын коёрго жай таптырбай жатты.
– Мен бир жолун табам,- деди аялына.
Эмил кеткенден кийин деле Ажар тынч ала албай жатты. Кайра-кайра көз алдында Айдай менен Эмир. Экөө бири-бирине карап сүйлөгөнү, күлгөнү. Чыдай албай кетти. Кандай болсо да Айдайдан кутулуш керек. Баасы кандай болсо болсун, Эмир өзүнүн бакма экенин билбеши керек. Ушул учурда Эмир сабагынан келип калды.
– Апа, мен келдим,- деди адатынча. Дайыма ушундай кыйкырып кирет. Ажардын жүрөгү мыкчыла түштү. Жашын тез-тез сүртүп, эч нерсени билгизбей отуруп калды.
–Апа, кандайсыз?- деди Эмир адатынча жаркырай күлүп.
– Сонун да, балам, сен келгенде баары сонун болот да.
– Атам келдиби?
– Жок, эмнеге сурап жатасың?
– Өңүңүз купкуу го. Атам сизге бир нерсе дедиби?
– Деди.
– Ажырашам деди да, ээ? Мен билдим эле ошентип айтарын.
– Сен кайдан билесиң?
– Айдай эже экөөнү көрдүм. Ресторанда кол кармашып укмуш болуп отурушуптур. Мени байкашкан жок.
– Демек, сен баарын билесиң.
– Ооба, бүгүн сизге айтам деп жаткам. Атам келип айткан экен да. Апа, ага эмнеге капа болосуз, кайра жакшы эмеспи. Болгону Айдай эже...
– Айдайга эмне болуптур?
– Билбейм, аяп жатам аны. Мындай нерсеге барбай эле койсо болмок. Атамдын андай куурчактары көп болду го. Ал муну менен эле токтоп калбайт да. Сизге кылганын караңызчы, экинчи аялынын абалын караңыз. Айдай эжени...
– Болду, токтот! - Ажар кантип кыйкырып жибергенин өзү да байкабай калды. Уулунун кайра-кайра Айдай дей бергени безине тийди. Апасынан мындай мамиле күтпөгөн Эмир оозун ача тиктеп калды.
– Болду, ал аялды да, атаңды да оозуңа алба. Эмне болсо болсун. Сен ал аялдын жанына жакын басып барба. Мен сенден суранам, уулум. Айдай деген аялды мындан ары айтпа.
– Макул, бирок...
– Эмир!
– Макул, апа.
Эмир апасына таарына түштү. Ар дайым токтоо апасы эмнеге минтип жатканын түшүнө албай турду. “Өлөсүң” деген диагноз менен да өзүн токтоо кармаган апасы эмнеге мынча өзүн жоготуп жатат? Эмнеге минтип чектеп жатат?
ххх
– Мен аябай коркуп жатам. Эмил маньяк. Эмне кылары белгисиз. Акылдуу дагы...
Айдай тынчсыздана бөлмөдө ары-бери баса берди.
– Мен сенин жаныңдамын, эч нерсе кыла албайт дедим го.
– Бир планы бар. Минтип үнсүз жатып албайт болчу.
– Келчи бери...
Жакын келген аялды кучактай берди Илим. Айдай анын кучагында жеңилдей түштү. Мына ушул адамдын жанында гана өзүн ишенимдүү, корголгон абалда сезет. Илим аны бир топко сооротуп отурду да, бир маалда ордунан турду.
– Кеттиңби?
– Ооба.
– Бүгүн калсаң болбойбу?
– Менин да калгым келип турат, бирок уулума сөз берип койдум эле. Мен барбасам апасы анын кулак-мээсин жеп салат. Ошондуктан уулумду бул кечте куткарып калайын. Калган кечтердин баары сеники гүлүм.
– Макул.
Ошол күнү Айдайдын жанында калсам эмне деп кийин өкүнүп каларын Илим билген жок...
(Уландысы кийинки санда)