Канат Мадымаев, куудул, пародист: “АТАМ МЕНИН КУУДУЛ КАТАРЫ САХНАГА ЧЫККАНЫМДЫ КӨРБӨЙ КЕТТИ”

Белгилүү куудул Дөөлөт Мадымаевдин уулу ата жолун улап куудулдук өнөрдү аркалап жүрөт. Бирөөнү тууроо таланты да сөз кылууга арзыйт. Маектешим – Канат Мадымаев. Атасы, апасы, өнөрү тууралуу баарылаштык.

– Саламатсызбы, Канат? Учурда эмне менен алексиз?

– Саламатчылык. Быйыл чыгармачылыкка биротоло киришейин деп аракет кылып жатам. Буга чейин той-мааракелерге чакырышса тамадалык кылып, концерттерге катышып жүрдүм. Агаларым “биротоло ушул жумушту алып кетпейсиңби? Сенде талант бар, атанын уулусуң” дешкенинен быйыл катуу киришип, күзүндө жеке концертимди берсем деп турам.

– Той, концерттерге чакырышса гана катышсаңыз, негизги жумушуңуз кандай?

– Үйдөгү тиричилик менен алекмин. Мал-жан карайм, устачылык жайым бар. Москвада, Астанада да иштеп калдым. Микрофонду сагынып калганда таланттуу балдарды чогултуп, чогуу иштегендерди, жакындарымды чакырып концерт койгон учурларым да болду. 2011-жылы атамдын көзү өткөндөн кийин “негр жумуш” деп коёт, күнүмдүк жумуштарда иштеп жүрдүм, устачылыкты ошондо үйрөндүм.

Учурда куудулдар менен чогуу концерттерге сценарий жазып, идея сунуштап, уюштуруу иштерине жардам берип жүрөм. Ыраматылык Рахман Разыков “Кыргызстанда куудул калбай калбасын. Бири-бириңерди жемелебей, жетелей жүргүлө” деп калчу эле. Ошол куудулдардын эркеси, атасынын кенжеси, куудул, пародист Канат Мадымаев болуп жүрөм.

– Сизге өнөр ааламында жол көрсөткөн адам ким болду?

– Окуучу кезимде интермедия аткарууга даярданып жатканымды көргөн атам “мындай ойно” деп кеңеш берчү. 9-класста мектептеги чогулуш боюнча интермедия ойногом. Атасы, апасы, баласы болуп ойнош керек болчу. Балдар менен ойноюн десем, алар уяла беришти. Ошондо атам “досторуң уялып ойной албай калса, сен кошо уят болосуң. Андан көрө өзүң эле ойноп кой” деп өзү текст жазып берген. Атамдын стили ошондой эле го, 3 адамдын ролун өзү ойночу. Мен да ошентип ойногом. Роза Отунбаева президент болгон кезде 10-11-класста болчумун. Нооруз майрамында мектепке Отунбаевадай болуп кийинип, парик кийип, көз айнек тагынып алып, Тико менен келип, жан сакчыларымды жаныма ээрчитип алып аны туурап Нооруз майрамы менен куттуктагам.

11-классымда атамдын көзү өтүп кетти, менин сахнага чыгып элди күлдүргөнүмдү көрбөй калды, ушуга өкүнөм. 2014-жылы Гүлжигит Сатыбековдун концертинде Ошто чоң сахнага чыгып, атамдын сатирасын ойногом. Куудул, пародист Талант Анарбаев залда отурган экен, сахнанын артынан келип “сен даяр бала турбайсыңбы. “Талант шоу” куудулдар тобу концерт коёлу деп жатабыз, бизге кошул” деп калды. “Талант шоу” куудулдар тобунда 2015-2016-жылдары иштедим. Андан кийин Москвага кеттим. 2019-жылы Рахман Разыков “Ар бир айдын алтысы” деген долбоорго чакырып калды. Ошол долбоордо, кийин той-топурга чыгып жүрдүм.

– Атаңыз жөнүндө сөз кылганда кайсы учурлар, анын кайсы сөздөрү эсиңизге келет?

– Атам жүрөгүмдө жашайт, эсимден кетпейт. “Балам, колуңдан келип турса талантыңды элге тартуулаганга умтула бер, бөлүш” деп уктаар алдында айтар эле. Көрсө, олуттуу, жүрөккө сактап алчу сөздөр экен. Ошол сөздөрдү эстейм. Элге көп нерсе тартуулагым келет, куудулдар менен бөлүшөм. Кудайдан келген өнөрдү бөлүшүш керек да. Азыр сатып жатышпайбы.

– Кайсы мүнөзүңүз атаңыздыкына окшош?

– Апам “сахнада эле эмес, жашоодо деле атаңдын өзүсүң, өз акыңды да бирөөдөн түзүктөп сурап ала албайсың, жүрөгүң жумшак. Ачык эле сура, ал сенин эмгегиң да” деп калат. Атам да акчага кызыкчу эмес, жөнөкөй, сабырдуу, ак жүрөк адам эле. Адамдардын баарына бирдей мамиле жасачу. Пародисттик өнөрү күчтүү болчу. Атактуумун деп өзүн көтөрчү эмес. “Сизге Эмгек сиңирген артист наамын берели деп жатабыз” деп жогору жактан өздөрү келишкен. Комиссияга атам тракторчунун документин алып барыптыр. “Ушул жерден да күлдүрөсүз, диплом жок беле?” десе, “мага наамдын кереги жок, эл бааласа болду” деп келе бериптир.

– Узак убакытка гастролго кеткен учурларда сагынчусуз да?

– Телефон чалчу. Биздин үйдө телефон бир эле жерден тарчу, терезенин жанынан, ошол жерге илип койчубуз. Чалганда тутканы апам алса, “сени менен 27 жылдан бери сүйлөшүп жатам, Канатка берчи” дечү. Экөөбүз аябай сүйлөшөр элек. Апам “акча салбайсыңбы” дей баштаганда “мейли” деп өчүрүп койчу (күлүп). Гастролдо 3 айлап жүргөн учурлары болчу. Көчөнүн башынан атамдын сумкаларын көтөрүп аксап басып келатканы көрүнгөндө “атаа” деп алдын тосо чуркачумун. Атам “муну өзүнчө сал” деп мага 20, 100 сомдуктарды берчү.

– Бир туугандарыңыздан дагы таланттуусу барбы?

– Биз 4 бир тууганбыз, эң кичүүсү мен. Биздин үй-бүлө чогуу отурган жерге келсеңиз аябай күлөсүз. Баары күлдүрүп сүйлөшөт. Үйгө келгендер “чайды да жөн ичирбейт экенсиңер же атайлап жатасыңарбы” деп кетишчү.

– Шоу-бизнестин кайсы тарабы оор экен?

– Кесиптештерге аралашып, мамиле түзүү оор. Ак көз, кара көздөр бар. Бирөө чын жүрөктөн сыйлайт, бирөө тетири карасаң эле аркаңдан ылай чачкысы, пайдалангысы келет дегендей. Кемчиликсиз пенде болбойт дегендин мисалы да бул. Аларга деле менин мүнөзүм жакпайттыр, балким. Мага атаандашкандарга таң калам. Атактуу адамдын уулу болсом да, мага атактуулуктун кереги жок. Кудай берген өнөрдү элге тартуулоону гана максат кылам.

– Апаңыз кандай жүрөт?

– Апам жакшы. Былтыртан бери Ош шаарында жашап жатабыз. “Канаттын бир башын эки кылып койсом жакшы болот эле, баласын багышат элем” деп жүрөт.

– Анда сиз?

– Апа, Кудай кемчилиги аз, акылдуу кызды даярдап жатса керек, мен ага азырынча татыктуу боло элек окшойм. Балким, ошондуктан сааты чыкпай жаткандыр дейм.

Жылмайып коюңуз...

– Биринчи жолу келин алып ресторанда той бергени жаткан үй-бүлө менен сүйлөшүп калдым. Улам эле “эмне кылабыз, эмне керек?” деп эле сурайт. Анан тамашалап “паспортуңардын көчүрмөсү керек” деп койсом, эртеси чын эле көчүрмөсүн алып келип алышыптыр.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан