«ФОРСАЖ - X»

Физиканын мыйзамдарынан алыс айланып өткөн, 20 жылдан ашык убакыттан бери Доминик Торетто жана анын командасы тууралуу баянды камтыган “Форсаж” тасмасынын 10-бөлүгү жарыкка чыкты. Тасмага кошулган жаңы каармандар, кемчиликтер, кызыктар... Мунун баары макалада.


Тарткан өлкө: Япония, АКШ

Чыккан жылы: 2023-жыл, 19-май

Жанры: боевик, триллер

Режиссёру: Луи Летерье

Сценаристтери: Жастин Лин, Дэн Мазо, Зак Дин

Узактыгы: 2 саат 22 мүнөт

Бюджети: 340 миллион доллар

Башкы ролдордо: Вин Дизель, Мишель Родригес, Жордана Брюстер, Тайриз Гибсон, Лудакрис, Сон Кан, Жейсон Момоа, Жейсон Стэтхем, Шарлиз Терон жана башка

Кыскача мазмуну

“Форсаждын” 5-бөлүгүндө Торетто командасы менен мафиози Эрнан Рейестин акча салынган сейфин уурдап кеткен. Эсиңизге түштүбү? 10-бөлүгүндө Тореттонун негизги душманы катары ошол мафиозинин баласы Данте Рейес чыга келди. Мамлекеттик коопсуздук агенттиги Тореттонун командасына Римге алынып бараткан компьютердик чипти уурдап келүү өтүнүчү менен кайрылат. Доминик аялы, баласы менен үйүндө калып, топтогу калган балдар тапшырманы аткаруу үчүн жөнөп кетишет. “Форсаж” франшизасында душмандар бир заматта доско айланган же болбосо өлгөн каармандар кайра тирилген учурлар кездешет эмеспи. Бул бөлүгүндө да мындай сыйкырдан куру калган жокпуз. Тореттону өлтүрүүгө эки көзү төрт болгон Сайфер бул ирет Доминиктен жардам сурап кайрылды. Экөөнүн душманы Данте Рейес экенин айтып, Римге кеткен достору коркунучта турганын кабарлайт. Айтылуу Dodge Charger R/T үлгүсүндөгү автоунаасын айдаган Доминик Торетто досторун куткаруу үчүн Римге багыт алды... Калганын экрандан көрөбүз, ээ, окурман?

Супермен Доминик Торетто

Доминик Торетто жана анын командасы тууралуу баяндын акыры бир сюжет менен 2 бөлүмгө бөлүнгөн. Биз азыр биринчисине гана күбө болуп жатабыз, окуянын уландысын, Доминиктин жана анын досторунун тагдырын тасма жаратуучулар кайсы өңүткө бурат, келечек көрсөтөт. Ага чейин отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн, мындайча айтканда супермен Торетто көз алдыбызда.

Буга чейин “Форсаждын” бир нече бөлүгүнө режиссёрлук кылган Жастин Лин 10-бөлүгүндө да иштешмек. Бирок тасманын баш каарманы, продюсери Вин Дизель экөөнүн ортосунда келишпестиктер чыга бергендиктен режиссёрлук пультту өткөрүп берип, сценарист, продюсер катары гана иштеп калган. Анын ордуна буга чейин “Перевозчик”, “Невероятный Халк” тасмаларын жараткан француз режиссёру Луи Летерье келген. “Тасманы тартууга макулдугумду берип коюп, кайра корктум. Ушунча масштабдагы долбоорду тарта аламбы? Көрөрмандын купулуна толгон эмгек жарата албай калсам эмне болот, кой андан көрө баш тартайын дегем. Бирок өзүмдү да сынап көргүм келди” дейт жаңы режиссёр.

Кыскача...

Чындыгында эле “Форсажга” жаңы дем берген актёр Жейсон Момоанын каарманы Данте Рейес болду. Момоанын актёрдук таланты, харизмасы, келбети тасмадагы психопат, мыкаачы терс каармандын образына куп жарашат экен.

Тартуу иштери 2022-жылдын апрель айынын аягында башталган. Рим, Лондон, Турин жана Португалиянын бир нече шаарларында тартылган.

Голливуд актёру Дуэйн Жонсон (Скала) кесиптеши Вин Дизель менен тил табыша албаганы үчүн “Форсаж-10го” тартылуудан баш тарткан.

Автоунаа сүйүүчүлөрү тасманын бул бөлүгүндө да дүйнөдөгү мыкты делген темир тулпарларды көрө алышат. Кошумча долбоорго алгачкы жолу электромобилдер кошулду.

Вин Дизель “Форсаж-11де” актёр Роберт Дауни (кичүүсү) тартылышы мүмкүн экенин айтты.

“Форсаждын” дагы бир жылдызы, маркум актёр Пол Уокердин кызы Мидоу Рэйн Уокер Торнтон-Аллан 10-бөлүккө тартылган.

"BTS" тобундагы Чимин ырчылар NLE Choppa, Kodak Black, JVKE жана Muni Long менен биргеликте "Форсаж-10" тасмасына "Angel Pt 1" ырын саундтрек ырдады.

Сынчылардын көзү менен

1. “Форсажга” башынан эле кино сынчылар жылуу сөзүн аз айтышат. 10-бөлүмгө токтолсок, эң алгачкы кемчилик катары кыска аралыкта режиссёрлордун алмашуусуна көңүл бурулду. Жастин Лин профессионалдык көз карашын айтып, Вин Дизелди көп учурда “ооздуктап” турган дешет. Ал эми Луи Летерье тескерисинче Дизель эмне десе ошону аткарып жатып, тасма үйрөнчүк режиссёр тарткандай болуп калган.

2. Доминик Торетто тасмада көптүк кылат. Вин Дизель өзүнүн каарманы Доминик Тореттону тасманын Кудайына айлантып салган. Каармандар жарашкан да, жарашпаган да жерден Доминик Тореттону мактай беришет. Тасманын жарымы Тореттонун философиялык ойлоруна, анын эрдиктерине арналган.

3. Автожарыш эмес, боевик. Франшизанын баштапкы бөлүктөрүндө автожарышка, унааларга көңүл бурулса, акыркы бөлүктөрүндө уруш-мушташ сценаларына эле басым жасалып калган.

4. Жаңычылдык жок. Жаңы режиссёр “тасманы мурунку бөлүктөрүндөй фантастикага жетелебей, жөнөкөйлөткөнгө аракет кылдым” дейт. Бирок анын бул кадамы сынчыл көрөрманга жакпай калды. Башында айткандай буга чейинки “Форсаждарда” физика закондорунан алыс фантастикалык трюктарды көрүп келгенбиз да. 10-бөлүктө мурункудан өткөн “өрт” учурлар көп болуш керек эле. Андай вау деген эч нерсе жок.

5. Үй тапшырма: кайталоо. Мугалимдер чейректин аягында “үй тапшырма: өткөн темаларды кайталоо” дейт го. “Форсаж-10до” дал ошондой мурунку бөлүктөрүнө ностальгия кыла беришкен.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан