28-29-май күндөрү Иран менен Ооганстандын чек арасында атышуу орун алды. Тиреш масштабдуу согушка айланбаса да, ооган аскерлери Ирандын чек ара постторун басып алышып, айрымдары “Тегеранды 3 күндө басып киребиз” деп коркутушту. Суу талаштан чыккан жаңжал деп жарыяланып жатканы менен, айрым дүйнөлүк эксперттер Ооганстандын бул кадамын “Иранды алсыздандыруу аракети, анткени алар чыгарган дрондор АКШнын өнөктөштөрүнө уйку бербей жатат” деп сыпатташууда. Дүйнө дагы бир масштабдуу жаңжалдын оозунда турабы? Учурда дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп турган окуя боюнча эксперттерден пикир сурадык.
Артур Медетбеков, генерал, УКМК төрагасынын мурунку орун басары: “Бир канистра күйүүчү майга бир канистра суу деп жатышат”
– Иран менен талибдердин (ред.: Кыргызстанда тыюу салынган уюмдун мүчөлөрү) конфликти суу маселесинен келип чыкты. 1950-жылдары америкалыктар оогандарга эң чоң Гильменд плотинасын куруп беришкен. Ушул плотина суунун нугун буруп, азайтып туруучу эң чоң стратегиялык объект болуп эсептелет. Оогандыктар эл аралык келишимге кол коюшкан, анын негизинде алар ирандыктарга жылына 850 миллион метр куб суу берип турушу керек. Тилекке каршы, ошол көлөмдөгү суу берилбей Ирандын эки провинциясында кургакчылык болуп, кыйналып калышты. Талибдер сууну Гильмендден буруп бербей жатканын жаратылышка шылтап, суу аз болууда, плотинанын астындагы ылай, чөптөр көп суу соруп, суунун көбү жер астына кетип жатат дешүүдө. Иран буга ишенбей “өзүбүздүн адистер менен барып плотинанын текшерип көрөлү, чын болсо сөз жок, калп болсо силер жазаңарды аласыңар” деп коркутканда жогорудагы чек арадагы атышуу орун алып жатат. Ооганстанда азыр “бир канистра күйүүчү майга бир канистра суу алмашабыз” деп калышыптыр. Бул мазактоо болсо да, суу кайсы бир убакта күйүүчү майдай эле кымбат болуп калары анык.
Экинчиден, Ооганстанда Батыш менен кеңешип иш кылган топтор бар, ошол күчтөр да талибдерди Иранга каршы тукурушу мүмкүн. “Иранды 3 күндө басып алабыз” дегени – жөн эле фантастика. Бул сөздү Ооганстандын расмий бийлиги айткан жок, мурунку командири айтыптыр, ал азыр блогер экен. Армиясы боюнча, Иран бир топ эле кубаттуу, аба, аскер техникалары көп. Бир күндө миңден ашык “Шахид” дрондорун көккө учура алышат. Иран азыр талибдерди сүйлөшүү аркылуу маселе чечүүгө үндөп жатат. Анткени эки өлкө диндеш, өмүр бою кошуна жашашат. Ошондуктан Иран талибдерди ойлондура турган катуу сөздөрдү айтты. Талибдер эч качан Иранды басып кире албайт, алар Ооганстандагы ички күчтөрдү жеңе албай күндө атышуу, жардыруу болуп жатат, анан кантип Иранга алы жетсин. Социалдык, экономикалык абалы да кейиштүү.
Бул окуядан Кыргызстан кандай сабак алышы керек? Азыр дүйнөдө көп чыр-чатактар жаратылыш ресурстары, анын ичинде суу жана кен байлыктар үчүн чыгып жатат. Суу маселеси бизде да бар, ошондуктан чек араны эрте такташып, коопсуздугубузду бекемдешибиз зарыл. Биздеги 2021-2022-жылкы окуялар дал ушул суу, жер маселесинен келип чыккан. Адамзатынын сууга болгон муктаждыгы мындан ары күчөй берет, бул ресурс бизде кенен, туура пайдаланып, ага ээ болууну билишибиз кажет.
Токтогул Какчекеев, саясат таануучу: “Иранды алсыратуу аракети катары бааласак болот”
– Иран геосаясатта чоң орду бар өлкө. Аскердик кубаты бекем, ири державаларга тиш кайрый ала турган табы бар. Талибдердин ирандыктардын чек арасына кол салуусун Иранды алсыратуу аракети деп бааласак болот. Бирок мындан тыянак чыкпайт, эки өлкөнүн аскерий кубатын салыштыра келгенде эле билинип калат. Ирандын армиясында 220 миң аскер ыкчам кызмат өтөшөт, 120 миңдей атайын машыктырылган профессионал аскерлери бар. Мындан тышкары 600-700 миңдей адамды бир заматта аскерге чакыра алышат. Деңиздеги атайын аскер кемелерин, дрондорун, башка техникаларын айтпай эле коёлу. Анан да Ооганстандын өзүндө 5-6 миллион иран тектүүлөр жашайт, алар да Иранга болушат. Чынында, Ооганстан менен Ирандын суу талашы көп жылдардан бери уланып келе жатат, эгерде масштабдуу согушка айланып кетсе талибдерге эле кыйын болот. Кытайдын лидери Си Цзиньпин былтыр арабдар менен ирандыктарды жараштырган. Андыктан талибдердин Иранга кол салышына арабдар деле кызыкдар эмес. Азыр Жакынкы Чыгыш биригип, ынтымактуу болуп, АКШ, Израили жок деле өз алдынча саясат жүргүзө аларына ишарат берип коюшту. Бул ынтымак айрым дүйнөнү башкарам деген державаларга тынчтык бербей жатса керек. Израилдин палестиналыктарды кордоп, кырып жатканын эч бир мусулман өлкө кечирбейт. Ошол үчүн да Жакынкы Чыгыш биригиши керек. Ал эми Иранга кол салуу кайсы бир топтун кутуму экенин көбү түшүнүп калды. Окуянын өзөгү суу талаш болсо, ал көйгөйдү тутанткан башка күчтөр. Бул окуя Кыргызстанга олуттуу таасирин тийгизбейт, бирок бизде да ушуга окшош көйгөйлөр бар, демек, эртерээк чечип, такташып алган жакшы.
Марс Сариев, саясат таануучу: “Иран эми Ооганстанда гибриддик согуш жаратышы мүмкүн”
– Ооганстан-Иран чек арасындагы кагылышуу кокусунан эмес. Мен америкалыктар Ооганстандан чыгып кеткенде эле алдын ала божомолумду айткам. “АКШ курал-жарактарын талибдерге жөн эле калтырып кеткен жок, мунун баары Борбор Азияга жана Кытайга каршы багытталат” деген элем. Бирок окуя башка өңүткө бурулуп, Иранга каршы колдонуп жатышат. АКШ эмнеге Ооганстандан чыгып кетти? Анткени ошондо эле Украинадагы аскердик кампанияга даярданып, эки фронтко жетише албай каларын билген. Талибанда масштабдуу, системдүү ойлоно алган интеллектуал катмар абдан аз, алардын дин менен гана чектелген тар ой жүгүртүүсүн америкалыктар билип Борбор Азияны, андан ары Кытайды туруксуздаштырабыз деген пландары болгон. Суу талаш көйгөйү буга чейин болуп келген, бирок аскердик атышууга, анан да чек араны бузуп кирип кол салууга жеткен эмес. Иранга кол салуунун артында АКШ жана Батыш өлкөлөрү турушу мүмкүн. Окуя болордон 2 жума мурун Талибан жетекчилери өздөрүнүн “Баграм” авиабазасында АКШнын жогорку деңгээлдеги бийлик өкүлдөрүнөн турган делегация менен жолугушуптур. Ага чейин Катарга барып америкалыктар менен жолуккан. Балким, ошондо Батыш кеңешчилеринен ушундай “буйрук” алышса керек. Эмне үчүн АКШ Иранда тынч жашоо болбошуна кызыкдар? Анткени Иран өзөктүк куралы бар өлкөгө айланарына аз калды. Бул АКШны аябай кооптонтот. Эми Иран жөн жатпайт, Ооганстанда 15 миллондон ашык адамдан турган этникалык топ бар, алар дайыма бийлик талашып келишет. Мына ошолорду колдонуп өлкө ичинде гибриддик согуш (гибрид – куралдуу күчтөрдүн, атайын кызматтардын жана катуу экономикалык басымдын аракеттери менен айкалышкан маалыматтык, электрондук, кибернетикалык операциялардын жардамы менен белгилүү бир аймакты баш ийдирүү) баштап жибериши мүмкүн. Эгер Иран Ооганстанда гибриддик согушту баштаса, анда талибдер биринчи эле Тажикстанга кол салышат, анан Фергана өрөөнү, Кыргызстанга да өтөт, Кытайга чейин жетиши мүмкүн. Ошондуктан биздин да коопсуздугубуз коркунучта. Дүйнө тынч эмес, кайсы жерде согуш оту күйөрү белгисиз. “Тынчтыкта жашагың келсе, согушка даяр бол” деген сөз бар, биз дайыма ар тараптан коргонууга даяр болушубуз керек.
Лунара Бекиева