“Агай”, “Акыркы сабак” сериалдарында, “Мекен”, “Адилет” тасмаларындагы ролу менен көрүүчүлөрдүн купулуна толгон актёр Бактияр Шаршенбаев өз дүйнөсүн ачат. Актёрдун жан дүйнөсүндө эмнелер бар?
“Апам мени түшүнөт, ички сезимдеримди билет”
– Менин эң жакын адамым, ишенгеним – апам. Анткени мени тарбиялап өстүргөн чоң атамдын да, чоң энемдин да, атамдын да көзү өтүп кеткен. Апам мени кандай учур болбосун колдоп турат. Театрда кенедей маяна алып, эч нерсеге жеткире албай апамдан акча сурап жүргөндө да колдоп турду. Азыркы кичинекей болсо да жетишип жаткан ийгиликтериме апамдын батасы аркылуу жетип жатам. Эң башкы максатым – апамды бактылуу кылуу, мен бактылуу болсом апам бактылуу болот. 32ге чыксам да апам “качан үйлөнөсүң?” деп такыр башымды ооруткан жок, мени түшүнөт, менин ички сезимимди билет. Тескерисинче, мен “ии, үйлөнүш керек эле” десем, “маңдайыңа дагы бирөө жазылып тургандыр” деп мени сооротуп коёт.
“Чоң атамдын жомогу бүтсө, чоң энемдин жанына кетип калчумун”
– Чоң ата, чоң энемдин колунда өстүм. Эсимде, күнүгө кечинде чоң атамдын жомогун угуп, бүткөндө чоң энемдин жанына кетип калчумун. “Атаңоозун урайын, жомокту уккандан кийин эле болду, бул кетип калат” деп күлүп калчу чоң атам. Экөө тең мугалим болчу. Ал эми атам боорукер, бирөөгө катуу сүйлөбөгөн, жумшак адам эле. Апамдын ар бир тамагын мактап жечү. Үйгө конок келсе да, конокко барса да апамдын тамагын мактай берчү. Мени да кичинемде эле “менин балам актёр болот” деп калчу. Атам мен театрга жаңыдан иштей баштаганда каза болуп калды. Апам менен сырдашкандай атам менен ачык сүйлөшө алчу эмеспиз. Анткен менен ортобузда такыр пикир келишпестик болгон жок.
“Театрга кирсең, сырттагы көйгөйдүн баары унутулат”
– Спорт – менин хоббим, а театр – жумушум. Бала кезде театр жөнүндө түшүнүгүм жок эле, актёр десе кинодогу каармандарды гана элестетчүмүн. Студент болгондо гана спектакль, театр тууралуу кеңири билдим. Башында менде театрда иштеп калам деген ой жок болчу. Кыргыз Эл артисти Гүлайым Каниметова менин эжем, ал мага ишенчү. Дипломду колго алгандан кийин жумуш жок, курьер, соода агенти сыяктуу ар кандай жумуштарда иштеп жүрдүм. Бир күнү Гүлайым эже чалып, “Кыргыз драма театры актёрлорду кабыл алып жатыптыр, келип экзамен тапшыр” деп калды. Мен “баарын унутуп калдым” десем, “башымды оорутпай кел” деди. Ошондо эже монологдорду айттырып, даярдап мени экзаменге киргизип, өтүп кеттим. Театрда иштеп жүргөнүмө 9 жылдан ашып калды. Театр азыр жан дүйнөмө жакын, роль аткаргандан ырахат алам. Биздин жумуш өтө кызыктуу. Ар кандай адамдардын ролун ойнойсуң, элге жеткире ойноп берсең көрүүчүлөрдүн каалоо-тилеги, ордуларынан туруп кол чапканы – сөз жеткис ырахат. Театрдын жакшы жери, театрга кирдиң, сырттагы көйгөйлөрдүн баары унутулат. Карызсыңбы, насыяң барбы, үйүңдө азык-түлүк барбы-жокпу, баарын унутасың.
Актёрлукка өтпөй калсам аскерге кетмекмин. Андан кийин чет өлкөдө кара жумушта иштеп жүрмөкмүн. Кино дүйнөсүнө театр аркылуу аралаштым, театр болбосо, балким, киного тартылбайт элем. Эң биринчи “Махабат” деген киного тартылгам. Андан кийин көпкө тыным болду. Кастингдерге барып, өтпөй жүрдүм. Анан “Мекен” деген тасманын кастингине “ушул акыркысы, өтпөй калсам мындан ары кастингдерге катышпайм” деп өзүмө сөз берип баргам. Кастингден өтүп кеттим. Ошондон кийин киного чакыра башташты.
“Капа болгондо спорт залга барганды жакшы көрөм”
– Кичинемден спортко жакынмын. Негизи таякем спортко аябай жакын болчу. Бала угуп эмес, көрүп тарбия алат экен да, мен ошол таякемди көрүп спортко кызыктым. Эсимде, 1-класска барганда, мага “биринчи атаман болуп келбесең таяк жейсиң” деген. Ошол таякемден коркконумдан эле класста биринчи атаман болгом.
5-класста Чүй облустук мектеп-гимназиясында окуп калдым. Жатаканада жашачумун, ал жердеги балдар биздин бөлмөдөгү балдарды басынта башташты. Ошондо досум экөөбүз “машыгып, тиги балдар менен мушташалы” деп сүйлөштүк да, дүкөндөн скакалка жана башка керектүү шаймандарды сатып келип, элдин баары уктаганда машыга баштадык. Азыр да бир нерсеге капа болгондо спорт залга барып тер чыгара машыкканды жакшы көрөм.
“Жаңы чөйрөгө дароо аралашып кете албайм”
– Эң жакын деген досторум саналуу эле. Гимназияда окуп жүргөндө бир бөлмөдө жатып, бир ашканадан, бир идиштен тамак жеп, бир туугандай болуп калган досторум бар. Театрдагы бир жакын досум тууралуу айтып берейин. Мен театрга жаңы келгенде бул жердегилер бир окуу жайды бүткөн балдар болчу, бири-бирин таанышчу. Мен эле "чужак" болуп калдым, эч кимисин тааныбайм. Ошондо аралаша албай кыйналдым. Эсимде, балдар сахнада репетиция кылып жатышат, а мен көшөгө артында жалгыз турам. Анан Аскар Качкынбаев жаныма басып келди да, "байкап жатам, кошула албай жатасың, бирдеме болсо менден сурай бер" деди. Ошол күндөн ушул күнгө чейин театрда экөөбүз эң жакын доспуз. Ушундай адатым бар, азыр деле жаңы чөйрөгө дароо аралашып кете албайм. Киного тартылсам деле тартуучу топко көнүшүп кетишим кыйын.
“Сүйүү быйыл келип калса сонун болмок”
– Бирөөнү сүйгөм деп айта албайм. Кыздар менен сүйлөшүп жүргөн учурлар болгон, бирок сүйүү мага келе элек. Мүмкүн, 60 жашта, мүмкүн, 50 жашта келет, билбейм. Кудай сактасын, 40 жашка чейин эле келсин эми. 1-2 жылдын ичинде келип калса экен, быйыл келип калса андан да сонун болмок (күлүп). 32ге чыктым, неге дагы деле бойдокмун? Эртеден кечке чейин жумуш, кечинде чарчап үйгө барасың. Шаан-шөкөттү жактырбайм. Өмүрүмдө бир жолу клубга баргам, ал жерден эс албай, тескерисинче, “нерв” болуп чыккам.
“Чоң энем жубайыма өз колу менен жоолук салса дечүмүн”
– Жашоодо сөзсүз өкүнүч болот экен. Убагында атама, чоң ата, чоң энеме туура эмес мамиле кылып, алардын айтканын укпай койгон учурларым мени көбүрөөк өкүндүрөт. Алардын жашоодон эрте өтүп кеткени үчүн өкүнөм. Мен үйлөнгөндө чоң энем келинине өз колу менен жоолук салса дечүмүн. Ал дагы болбой калды. Чоң энем келип театрдагы эмгектеримди, кинодогу ролдорумду көрсө, мени менен сыймыктанса, мен актёр боло электе мактап жүргөн атам азыркы ийгиликтеримди көрсө кандай жакшы болот эле деген ойлор келет.
Гулийпа Маметосмон кызы