БИР БҮРКҮМ. БИШКЕКТЕ СУУ КЫМБАТТАДЫ...

  • Манасбек Сыдыгалиев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
  • Нарындын Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды.
  • 2-3-июнь күндөрү Чолпон-Атада экинчи “Европа союзу – Борбордук Азия” саммити өтөт.
  • Бишкектен Сеулга үзгүлтүксүз аба каттамы ачылары маалымдалды.
  • Бишкек ЖЭБи жылына 25 миллион метр куб суу пайдаланары маалымдалды.
  • Президент Садыр Жапаров быйыл июль айында Монголияга иш сапары менен барары маалымдалды.
  • Бишкекте 1-июндан тарта таза суунун тарифи жогорулады.
  • Жогорку Кеңеш мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды 3-окууда кабыл алды.
  • 1-июнда Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
  • Астана-Бишкек-Астана багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамы 10-июнда жанданат.
  • Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды.
  • Кеминдин Боролдой айылы таза суу менен камсыздалганы маалымдалды.
  • Ошто опузалоо жана күч колдонуу менен жарандардын мүлкүн тартып алууга шектелип 2 жаран кармалды.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: "Эл үмүтү" стипендиясына талапкерлерди кабыл алуу башталды.
  • Депутат Дастан Жумабеков Таласта 2010-жылдан бери иштебей турган "Кичи-Капка" чек ара пунктун кайра ачууну сунуштады.
  • Парламент депутаттары 1-июнда Конституциялык соттун төрагасынын отставкасын талап кылышты.
  • Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздарга алгачкы 2 үйдүн курулушу башталды.
  • Депутат Эрулан Көкүлов "Алтын тамга" мамлекеттик сынагын жоюп салуу керек дейт.
  • УКМК: Жасалма шенген визасы боюнча Кыргызстан аркылуу чет элдик жарандарды Европага жөнөтүү каналы аныкталды.
  • Германия төрөт үйлөрү жана кургак учук ооруканасы үчүн Кыргызстанга 4,5 миллион евро бөлөрү маалымдалды.
  • Кыргызстанда вирустук гепатит менен ооругандардын саны 2 эсе өскөнү расмий кабарланды.
  • Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы: Учурда 1 килограмм кумшекердин өздүк наркы 78 сом.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан