Чолпонбек Абыкеев: “ӨЛКӨДӨ КАЙРАДАН ТОПОЛОҢ ЧЫКСА, МАСЕЛЕНИ КУРУЛТАЙЧЫЛАР ЧЕЧЕТ”

Өлкөдө кайрадан төңкөрүш болуп, баш аламандык жаралса, бийлик органдары иштебей калса, анда маселе чечүүнү Элдик курултай институту колго алат. Бул тууралуу 30-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Элдик курултай жөнүндө мыйзам каралып жатканда президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев айтты.

Депутат Мейкинбек Абдалиев “эгер өлкөдө кайрадан төңкөрүш болсо, курултайчылар эмне кылышат?” деген суроо берди.

– Кудай сактасын, өлкөдө күтүүсүз кырдаал болуп калса, ушул мыйзамга ылайык, элдик курултай чакырылат. Элдик курултайдын делегаттары келип, маселени... Өткөнкү окуяны билесиздер, Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары кетип калган, элдин үнүн уга турган бийлик бутагы болбой калды. Курултайдын делегаттары 1 жылга шайланышы керек деген норма ушундан улам киргизилип жатат,- деди Абыкеев.

– Максатыңар эми түшүнүктүү болду. Ушундай кырдаал жаралса Жогорку Кеңеш же башка орган болбошу керек, силер чогула калып, Кыргызстандын келечегин, президенттин милдетин аткаруучуну... Мыйзамдын түпкү максаты ушулбу?- деп суроо узатты депутат Мейкинбек Абдалиев.

Бул суроого Абыкеев “Конституцияда бийлик бутагынын ээси – эл деп турат. Демек, элдин өкүлдөрү келип чечим чыгарганга толук укугу бар” деп жооп берди.

– Анда Жогорку Кеңеш ким? Элдин өкүлү эмеспи?- деген суроого президенттин кеңешчиси “бул жерде Жогорку Кеңеш жөнүндө маселе жок. Өткөндө (ред.: октябрь окуясында) Жогорку Кеңеш качып кетип таппай калбадык беле” деп какшык аралаш жооп узатты.

– Жогорку Кеңеш качып кетпей эле, чечим чыгарып берген,- деп эскертти депутат Абдалиев.

Комитет төрайымы Чолпон Султанбекова “айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле” болуп жатат окшойт” деп чакырылгандарды абайлап сүйлөөгө чакырды.

Ал эми депутаттарды “Октябрь окуясында качып кетти” деп айыптаган жыйындын башка катышуучусу депутаттардын талабы менен залдан чыгарылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан