Маалыматка таянсак, Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 4 беренеси боюнча кылмышка шектелип жатат. Алар: 36-беренеси – кылмышка даярдык көрүү, 278-беренеси – массалык баш аламандыктар, 326-беренси – бийликти күч менен басып алуу, 338-беренеси – бийликтен аша чабуу беренелери.
Депутаттык комиссия Мадумаровго аталган беренелерди тагуу канчалык негиздүү экенин иликтейт деди спикер.
Комиссиянын курамына Кундузбек Сулайманов (“Ата Журт-Кыргызстан” фракциясы), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу), Динара Ашимова (“Ыйман нуру”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Фархат Алимжанов (“Альянс”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Карим Ханджеза (“Мекенчил” депутаттык тобу), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”) кирди.
Эске салсак, Башкы прокуратура депутат Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча 2022-жылы да парламентке сунуш киргизип, депутаттар макулдук беришкен эмес. Анда Мадумаровго Кыргыз-Тажик чек арасына тийиштүү протоколго кол койгону боюнча күнөө тагылган.