Бакыт Төрөбаев, ЖКнын депутаты: «ӨКМӨТТҮН АКЧАСЫНАН БАЙЫГАН ЭМЕСМИН»

Бейне

Бүгүнкү каарманыбыздын саясий тажрыйбасы аз. Ошого карабастан, эки ирет депутат болуп, атүгүл Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектөөгө жетишти. Сөз “республикачы” Бакыт Төрөбаев тууралуу болмокчу. Азыр ал Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарларынын бири.

КЫСКАЧА
1973-жылы 5-апрелде Жалал-Абад шаарында төрөлгөн.
1995-жылы “Жамиля и К” фирмасынын директору болгон.
1996-2007-жылдардын аралыгында “Экспорт-Табак” ишканасы, “Азия-Сузак” дыйкан чарбасы, “Мариям” ЖЧКсында эмгектенген.
2007-жылы “Ак жол” партиясынан депутат, ал эми 2009-жылы Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган.
Учурда Жогорку Кеңеште “Республика” фракциясынан депутат.
Кесиби – экономист.
Үй-бүлөлүү, 3 уулдун атасы.

– Бакыт мырза, сизди эл депутат жана министр катары билет. Өмүр баяныңызга карай келсек, 22 жашыңызда коммерциялык фирманын директору болуптурсуз. Бул эрте жаштан башталган эмгекчилдик сапатпы же ата-эненин түзүп берген шартыбы?
– Мен мектепти аяктаган жылдар өлкөбүз жаңыдан рынок багытын тандап алган учурга туура келген. “Өзүңөрдү өзүңөр баккыла” деген заман басып кирбедиби. Баары бутуна туруу үчүн бизнеске өтүштү. Ошол 22 жашымда Бишкекте студент болчумун. Бирок мен да алып-сатуу багытына өтүп, сырттан окуу бөлүмүнө которулдум. Ата-энемден акча сурай бербейин, тиричиликти оңдойлу деген ниет менен иш баштадым. Өнөктөштөр менен фирма ачып, бензин сатууга өттүк. Тапкан пайдабызга май куюучу жайларды ачтык. Кийин бул бизнесимди сатып, тамеки эккендер менен иштештим.
– Кандайча саясатка аралашып калдыңыз?
– Атам 4 жолу депутат болгон. 2007-жылы парламенттик шайлоо партиялык тизме менен өтүп, ошол учурда Жалал-Абаддын жаштарынын арасында мени депутаттыкка көрсөткөндөр болду. Мен сунуш болгон “Ак жол” партиясынын программасы менен таанышып чыктым. Чынында, түрдүү тармактарды камтыган жакшы программа болчу. Анан макулдугумду бердим. Бирок ачык эле айтайын, саясатка келип калышыма атамдын да колдоосу болгон.
– Демек, саясатка келип калышыңыз ата жолун улантуубу же анын буйругубу?
– Биринчиден, атамдын жолун жолдоп келе жатам жана муну Кудайдын буйруганы деп койсо да болот. Атам депутат болуп жүргөндө шайлоочулар менен жолугушууларында көп коштоп жүрчүмүн. Анча-мынча буйруктарын аткарып, кимдир бирөөлөрдүн муктаждыгын бүтүрүп койчубуз.
– Башка бир туугандарыңыз кандай чөйрөлөрдө?
– 6 бир тууганмын. Улуу агам – куруучу. Экинчиси Каржы полициясында иштейт. Ортончу агам – ишкер. Атамдан кийин эле ушул бир тууганым көп кеңешин берип жүрдү. Анан мен. Менден кийин карындашым жана иним бар. Иним – бизнесмен.
– Атаңыз учурда эмне менен алек?
– Ал азыр ардактуу эс алууда. 74 жашка келгенине карабастан, кышында “Норуста” лыжа тебет. Жайында Ысык-Көлдө болот. Жылына 2-3 жолу чет өлкөгө жиберип турабыз. Мага саясат боюнча акыл кептерин да айтып турат.
– 2009-жылы Камчыбек Ташиев менен Данияр Үсөновдун пикир келишпестигинен улам Ташиев министрликтен кеткен. Анын ордуна сиз келдиңиз. Учурда кесиптешиңиз Камчыбек Ташиев менен мамилеңиз кандай?
– Ооба, мен Ташиевдин ордуна министр болуп келгенмин. Бирок мамилебиз бузулуп, тиш кайрашып калган эмеспиз. Анткени министрликти президент Курманбек Бакиев сунуш кылып, анан жумушка келип калганмын. Бүгүн Ташиев деле депутат, мен дагы. Экөөбүздүн мамилебиз ага-инидей.
– Бакиевдин командасынын бир топ өкүлдөрү “Ата Журт” партиясынын катарында шайлоого барууну чечишти. Сиз кандайча “Республиканы” тандап калдыңыз?
– Тандады десе туура эмес болор, “Республиканы” негиздегендердин биримин. Өмүрбек Бабанов менен ЖКнын 4-чакырылышында тааныш болуп калганбыз. Мамилебиз жакшы. 7-апрелден кийин түндүк-түштүк дебей жаш жигиттер жана кыздар биригип, борбордук партия болуп чыгууга аракет жасадык. Көп сын-пикирге туш болгонубузга карабастан, эл добуш берди. Коалицияны да биз түздүк.
– Коалициялык өкмөттү куроодо мурун министр болуп турганыңызга карабастан, сизге өкмөттөн кызмат берилген жок. Эмне үчүн депутат боюнча калдыңыз? Же сунуш болгон жокпу?
– Жакшы суроо экен. Биздин партиянын Жогорку Кеңеште 23 депутаты бар. Анын көбү жаштар. Мурун депутат болуп жүргөндөрдөн эки-үчөө гана. Коалиция курулуп жатканда «Республиканын» депутаттары “партиянын кызыкчылыгын жактап парламентте иштеп бериңиз” деп суранышты. Мен сунушту кабыл алып, депутат боюнча калууну туура көрдүм. Анын үстүнө өзүм деле кызматка барууну сураган жокмун.
– Экономика тармагында иштеп келиптирсиз. Бүгүнкү бюджеттин таңсыктыгын кантип жойсо болот? Жеке сунушуңуз...
– Дефициттен бардыгы коркуп жатышат. Экономиканы түшүнгөн адам дефициттен коркпошу керек. Кантип биз аны жоёбуз? Өкмөт тышкы жана ички каражаттарды карап чыгышы шарт. Айрыкча ишкерлерге колдоо көрсөтүп, ички инвестицияны тартууга жол ачуубуз керек. Ушундай жол менен гана мамлекеттин кирешесин түзө турган салыктарды көбөйтүүгө болот.
– Менин айтайын дегеним, “Ар-намыстын” лидери Феликс Кулов коррупциялык схемаларды иликтеп, бюджетке кошумча 300 миллион доллар табууну айтып чыкты...
– Укпаптырмын. Бирок ошол коррупциялык схеманы да так далилдеп бериш керек. Учурда Энергетика министрлигинен башка өлкөлөргө электр тогун дүйнөлүк баада сатууну талап кылып жатабыз. Мурун энергетика тармагында коррупциялык схема бар эле. Анда көңүл бурчу бир жагдай, акыркы жылдары энергетикада “коммерциялык жана техникалык жоготуу” деген илдет пайда болду. Союз учурунда техникалык жоготуу 3-4 пайызды түзсө, бүгүн ал 14 пайызга жетти. Кандайча көбөйүп кеткен? Же “жоготуу” деп коюп, анын эсебинен акча жеп жатышкандыр? Муну түп тамырынан бери аңтарып чыгууга муктажбыз. Биздин партия коррупциялык схемаларды карап чыгып, аларды жок кылууга күчүн жумшайт.
– “Фергана” гезитинин версиясы боюнча, Төрөбаевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандын эң бай адамдарынын катарына кирген. Эгерде азыр мүлкүңүздү каттай (декларацияга киргизүү) турган болсоңуз, тизме канча үй жана машинадан турмак?
– Бишкекте өзүмө караштуу үйүм жана машинам бар. Муну эч кимден бекитпейм. Дагы эмнем бар? Шайлоо учурунда, кодекс боюнча, башкаруучу кызматтардан кеткенмин. Декларацияга каттай турган болушса, менин фамилияма катталган мүлктү жашырып калуу оюм жок. Баарын көрсөтөм. Мурун ишканаларым 5 миллион сом салык төлөсө, бүгүн 100 миллиондой сом беришет. Мен бизнес чөйрөсүнөн келгем, өкмөттүн акчасынан байыган эмесмин.
– Саясаттан тышкары ыр жана бийге жакындыгыңыз бар экен (“Кош жылдыз” теледолбоору). Бош убактыңызда дагы эмне менен алек болосуз?
– Тилекке каршы, бош убакыт жокко эсе. Мен азыр балдарымдын тарбиясына көбүрөөк көңүл бура баштадым. Анткени биз өкмөттүн жумушу менен жүрүп, балдардын окуусу жана тарбиясы көңүл сыртында калып кетет.
– Акыркы жолу коомдук унаага качан түштүңүз эле?
– 1992-1993-жылдары болсо керек.
– Канча балаңыз бар? Үй-бүлөңүзгө токтоло кетсеңиз...
– Келинчегим Асел – башкы эсепчи. 3 уулум бар. Улуусу мектепте жакшы окуйт. Мектептин Билим берүү министри болгон. Экинчиси “министр” болбосо дагы, достору менен жакшы мамиледе. Мен аны “Тышкы иштер министри” деп коём. Кичүүсү быйыл мектепке барат.

УЧКАЙ СУРОО-ЖООП
– Кичинеңизде ким болгуңуз келчү?
– Энергетик.
– Өзүңүздү үч сөз менен сүрөт­төсөңүз...
– Улууларды сыйлайм. Эгерде мени алдап кетсе, кекчил эмесмин, бирок ал киши менен экинчи иш алып барбайм. Үчүнчүдөн, жөнөкөймүн.
– Эмнени баарынан көп жек көрөсүз?
– Популисттерди.
– Эмнени баарынан жакшы көрөсүз?
– Атамды ыраазы кылууну.
– Жашоону кайра кайтарууга мүмкүн болсо, кайсы учурга кайтмак элеңиз?
– Кайтаруунун кажети жок.
– Спорттун кайсы түрү менен алектенесиз? Ууга чыгып көрдүңүз беле?
– Жок, ууга чыккан эмесмин, бирок мылтык атам. Мурун футболчу болчумун, азыр убакыт жок.
– Балдарыңыз кыргызча жакшы билишеби?
– Жакшы эле. Жалал-Абадда айылда жашачубуз. Бирок жакында кайра көчөбүз. Өзүм орус мектепти бүтүргөндүктөн, кээде кыргызча туура эмес сүйлөп алам. Андыктан балдардын кыргызча жакшы билиши үчүн мугалимдер кошумча сабак беришет.
– Депутаттык айлыкка муктажсызбы?
– Шайлоо мезгилинде бир айылга барып, жардамга муктаж бала бакчага кирип калдык. Азыр депутаттык айлыгымды ошол бала бакчага которуп турам. “Айтылган сөздү аткарыш керек” деген принципти карманам.
– Анда өзүңүздү бай адаммын деп эсептейсизби?
– Депутаттык айлыкты албай, аны башка бирөөгө берсем эле, мени бай деп атоого болбойт. Шайлоодо айрым саясатчылар “мен депутат болсом, мага айлыктын, машинанын кереги жок” дешти эле. Бирок иш жүзүнө келгенде андай болбой калды. Ал эми өзүм айткан сөзүмдү аткарууга аракет жасайм.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
cosmopolit
2011-01-22 00:36:42
хммм да.. чын эле озу айткандай адам болсо анда жакшы экен...ушундай чыныгы уулдар кыргызда коп болсо гана аттин...
0
arlekino
2011-01-24 11:34:47
Ишенбейм.......
0
nurjigit
2011-01-24 13:02:55
Бул чын, анткени жумуш сурап барганда жардам берген, адам керчиликтуу.
0
Nazulya
2011-01-25 11:41:30
билбейм чо то сомнения бар
0
ХАНЗАДА
2011-01-26 18:23:35
Окмоттун ачасынан байыбаган болсо, атасынын артынан депутат болгону, саясатка аралашып калганы билинип эле турат. Жеген эмесмин, тийген жокмун деп актангандарычы
0
№ 429, 21-27-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан