ЛЕНИН ОКРУГУНАН ДЕПУТАТ ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ АРСАР

28-май күнү Бишкектин Ленин районунан Жогорку Кеңешке депутат шайлоо шектүү окуя менен аяктады. БШК алдын ала берген маалыматка таянсак, алдыга талапкер Дамира Ниязалиева, экинчи орунга Улан Сариев, үчүнчүгө Эртай Искаков суурулуп чыкты. Бирок Ниязалиева кубанууга жетишкен жок, интернет желесине Ниязалиева жана анын командалашы делген эки адамдын телефондук сүйлөшүүсүнүн аудиосу тарап, таза жеңишке күмөн жаралды. Аталган аудиодо добуш сатып алууга шек жараткан сөздөр айтылат.

БШК бул ишти укук коргоо органдары териштирип жатканын маалымдады. Ленин РИИБи Ленин шайлоо округунан добуш сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Ал эми Дамира Ниязалиева аталган аудиожазууну монтаж деп атады.

Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо жарыяланышы да мүмкүн.

Айта кетсек, 28-май күнү добуш берүүгө шайлоочулардын 13,95 пайызы гана катышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан