ПРЕЗИДЕНТ: “БИЙЛИКТИН БАКИЕВДЕРДИ АЛЫП КЕЛЕЛИ ДЕГЕН ПЛАНЫ ЖОК”

"Бийликтин Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келүү планы жок”. Мындай пикирди президент Садыр Жапаров “Кабарга” берген кезектеги маегинде белгиледи. Президент Бакиевге ырайым берүү укугу бар экенин да баса белгиледи.

Аскар Акаевден айырмаланып, Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими менен 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Баарыбыз мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Менин болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек,- деди Садыр Жапаров.

Айта кетсек, качкын президент Курманбек Бакиев Жогорку Сот тарабынан 24 жылга эркинен ажыратылган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан