Динара Акулова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “КАЙРАДАН ЖАРАЛСАМ КЕСИБИМДИ ӨЗГӨРТМӨКМҮН”

Жагымдуу образы менен гезитибиздин башкы бетин бул апта белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Динара Акулова кооздоду. Маегибизде Динара айым жаш ырчыларга кеңешин айтып, жарандарды билим алууга үндөдү. Мындан тышкары, жашоосундагы жагымдуу, өкүнүчтүү учурлар, небереси Айгүн тууралуу да баарлаштык.

– Саламатсызбы, Динара эже? Көптөн бери маектеше элек экенбиз, кандай жаңылыктарыңыз бар? Алдыда кандай ырларды угабыз сизден?

–Саламатсыздарбы! Азырынча жаңылык деле жок. Жашоонун нугу менен эле жүрөбүз, изденүүнүн үстүндөбүз. Көбүнчө үйдө кол эмгек менен ар кандай иштерди жасаганды жакшы көрөм. Азыр картина сайып, жаңы костюм тигип үйдө эле болуп жатам. Жаңы чыгармалардын үстүнөн иштегенге аракет кылуудамын. Бирок оюмдагыдай чыгарма жазылбай жатат. Жакында таланттуу сиңдим Жазгүл Жумаканова “Сыйлашалы” аттуу чыгарма жазган. Аранжировка жасап ырдап көрдүк. Элге тез жете турган, азыркы турмуш-тиричилик, ден соолук жана сыйлашуу жөнүндө татынакай чыгарма болду. Көптөгөн жакшылыктарда ырдалып жатат.

– Эл артисти, жаштайыңыздан маданият чөйрөсүндө эмгектенип келген ырчы, өлкөнүн таанымал жараны катары жаш ырчыларга кандай кеңеш бергиңиз келет?

– Элибиз таланттарга бай. Келечекте элибизге кызмат кыла турган таланттарыбыз өсүп келе жатат, буюрса. Кандай таланттуу болсо да, эң башкысы жөнөкөй жана адамгерчиликтүү болсо деп айткым келет. “Ии, жакшы ырдайт экен” десе эле акчанын күчүнө салбай, билим алышса деймин. Искусствонун, сахнанын эрежелери, музыканын тарыхы, жол-жобосу, туура ырдоо үчүн ноталары болот. Элибизди дүйнө жүзүнө таанытуу үчүн же бир сынакка, фестивалга барыш үчүн да музыканын тарыхын, нотасын билиш керек. Билимдүү болсоң өсөсүң. Чет өлкөгө бир жолу сынакка барып келип, андан кийин токтоп калса, анда сөзсүз бул жакта бир нерсе бар. Себеби биз көп жактарга барып көрүп келдик. Башка мамлекетке барганда биринчи артисттин билимин сурайт. Экинчиден, колуна нота берип окуганды билеби деп текшерет. Көп жерлерде жандуу үн менен ырдаш керек. Оркестр менен өздөрүнүн ырын ойноп, нотасын карматып койсо окуй албай, ырдай албай калсаң туура болбой калса керек. Искусство, спорт – элдин, мамлекеттин жүзү, намысы. Биздин спортту карасаңыздар, кандай күчтүү уул, кыздарыбыз намысты колго алып, өлкөбүздү даңазалап жатат. Искусстводо да мамлекетибизди дүңгүрөткөн мыкты таланттар чыкса деген жакшы тилегим бар. Элге татыктуу кызмат кылам десеңиздер, билим алыңыздар. Көп тил үйрөнүүгө аракет кылыңыздар, ошондо бийиктиктерге жете аласыздар. Дагы 5-10 жылга жашыраак болгондо турмуштан, искусстводон алган тажрыйбам менен дагы көп жерлерге барып кызмат кылмакмын деп ойлой берем.

– Буга чейинки маектерде айтыптырсыз, өзүңүз жөнүндө кино тартуу оюңуз бар экен...

–Кино тартыш үчүн да, жакшы роль жаратыш үчүн да окуш керек. Мен актриса эмесмин, музыкантмын. Ырчылыкка аракет кылып жүрүп ырдап кеттим. Кино тартсам, өзүмдүн турмушум тууралуу сценарий жазып, актрисаларды ойнотуп тартсам деген оюм бар. Киного тартылып өзүмдү сынап көрдүм. Бир тартылсам жакпай калды. Аны оңдойм деп кайра макул болуп тартылдым, дагы окшошпой калды. Искусство ийне менен кудук казгандай өтө оор кесип. Баары чыдай бербейт. Чыдап көп жыл кызмат кылып келген таланттарды бааласак жарашат.

– Айгүн небереңиз кандай чоңоюп жатат. Азыр сизге жардамчы болуп калса керек?

–Неберем Айгүн чоңоюп калды. Биринчи классты бүтүп, азыр каникулда. Ал бар – үй толтура байлык. Окууга кеткенде сагынып кетем. Кол арага жарап калды, мектепте үйрөнгөн нерселерин быдылдап айтып берет. “Чоңойгондо ким болосуң?” деп сурасам, “визажист же модельер болом, көп кооз кийим тигем. Визажист болсом, сиз жумушка баратканда өзүм макияж жасайм” дей берет. Сүрөт тартканды жакшы көрөт.

– Кээде кылчайып артты карап, анализдесеңиз керек, кичине кезинде кыздарыңызга кандай апа болуптурсуз? Азыр неберелериңизге кандай таене болуп жатасыз?

–Кылчайып артты карасам, балдарымды жакшылап чоңойтуп алсам экен, атасы жок өксүп калбаса экен, эч нерседен кем болбосо экен деп тыным жок иштеген күндөрүм көз алдыма элестейт. Өзүмдү аябай жүрө берген экенмин. Учурунда туура кеңеш берген деле адам болбоптур. Кыздарыма кандай апа болдум билбейм, аны сырттан карап эл баалайт, бир туугандар, жакындар баалайт. Ашыкча эч нерсеге уруксат бербеген аябай эле катуу апа болгон окшойм. Мындай кылган да туура эмес экен. Азыр неберелериме өтө эле жумшак таене болуп калдым. Эркелетип өөп-жыттап, сураганын кылып артынан жүрүп эле убакыттын кандай өткөнүн билбей калам.

– Мүмкүнчүлүк болсо, азыркы жашооңуздан эмнени өзгөртмөк элеңиз?

–Мүмкүнчүлүк болсо, кесибимди өзгөртмөкмүн. Бул кесипте өзүңдүн жеке жашооң экинчи планда калат. Шоу дүйнөдө жүрүү аябай оор. Же аял болуп, апа болуп үйдө отуруш керек, же искусствонун жолун тандап, биротоло элге кызмат кылыш керек экен. Экөөнү чогуу алып жүрүш өтө оор болду. Көп нерсеге жетишпей кыйналып калдым. Мүмкүнчүлүк болуп, кайрадан төрөлсөм кесибимди өзгөртмөкмүн.

– Шоу дүйнөдөгү сиз үчүн эң жагымдуу нерсе эмне?

–Аз да болсо элиме кызмат кылганым, эл сүйүп уккан ырларды тартуулаганым. Улуу муунда да, орто муунда да, жаштар жана бөбөктөр арасында да күйөрмандарымдын бар экенине, кайсы жерде жүрсөм да таламымды талашып, колдоп жүргөн элимдин бар экенине сыймыктанам, кубанам.

– Жашооңуздагы эң чоң белек кайсы болду?

–Жашоомдогу эң чоң белегим – балдарым. Кудайыма миң мертебе ыраазымын. Көп ооруп, төрөгөнгө болбойт десе да көгөрүп жүрүп чырактай кыздарды төрөп, колтугума кысып гастролдордо чогуу алып жүрүп чоңойттум. Көп балалуу болсом деп кичине кезимден кыялданчумун. Азыр, Кудайга шүгүр, жетинин бири кыдыр деп жети неберелүү болдум.

– Кыздарыңыздын, неберелериңиздин жакшылыгын көрүп, эл-журттун сыйында жүрө бериңиз. Маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Совет
2023-06-05 17:24:00
Бар болунуз сиздин ала тоо и жанымда дагы бир аз денег ырыныздын оргиналын еч тапай койдум интернет тен тапсам жыргап жыргап укмакмын
0
AiKur
2023-06-09 03:44:00
Динара эженин ырларын угуп чонойдук. Азыр да жакшы коробуз. Кайнатам ыраматылык жакшы корчуу да:) Ырлары койулуп калса телевизордон, кызым бул экинчи кайненен болот деп дайыма айтчуу. Кайненем кызганып калат эле:))))
0
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан