ЫРЛАРДЫН БАГЫН АЧКАН АРАНЖИРОВКАЧЫЛАР

Ырчылардын багын ыр ачат, ал эми ырлардын багын жакшы обон, жакшы текст, анан ал ырларга жазылган аранжировка ачат. Же тескерисинче, жакшы текст менен обонго начар аранжировка көлөкө түшүрүшү мүмкүн. Ырларга көрк кошкон, шөкөттөгөн аранжировкачыларга микрофон сундук.

Ильяз Абдыразаков: “Аранжировка өзүнчө дүйнө, ага фантазия керек”

– Аранжировканы көптөн бери жасап келем, мындайча айтканда, улуу муундан баштап, азыркы муунга чейин, үч муундун ырларына аранжировка жасап калдым. Эң биринчи кайсы ырды шөкөттөгөнүм эсимде жок. Көбүнчө өзүмдүн чыгармаларыма жасачумун.

Аранжировка жасоодо фантазияны өөрчүтүп, изденип турууга туура келет. Музыкага кичинемден баш-отум менен киришип калганыма байланыштуу бул тармак да мен үчүн жагымдуу. Көп ырларды кооздоп, ал ырдын хит болушуна, популярдуу болушуна салым кошсо болот. Азыр эми кээ бирөөлөр даяр минусту эле сатып алып ырдап коюшат да, а мен ошону өз колум, акылым, табитим менен жасаганды жакшы көрөм. Кээде ырчыга жакпай, табиттер туура келбей калган учурлар болот. Негизи аранжировкачы алдын ала баарын тактап, ырчынын каалоосун, стилин таап алганы жакшы. Антпесе милдетиңди так аткарбаган болуп каласың. Аранжировкаң да ийгиликсиз болуп, убаракерчилик жаратышы мүмкүн. Издеген нерсеңди таап алсаң – бул чоң ийгилик.

Өктөм Сапар уулу: “Жакшы аранжировка жасалса ырдын багы ачылып кетиши мүмкүн”

– Мен акы алып аранжировка жасап баштаганыма, профессионалдык аранжировкага отурганыма 22 жыл болуп калды. Ага чейин да жасап жүргөм, бирок бекер жасайт элем, анткени жаш бала болчумун. Акы алып 18 жаштан бери жазып келатам ошондо. Эң биринчи жасаган аранжировкам популярдуу болгон эмес. Ал учурдагы жасалган ырлар азыр жок. 2001-жылдары “Максат Баткен”, “Жаштык” деген топтордун ырларын шөкөттөчүмүн. Анда бир ыр эмес, бир альбомдон жазат элек, кассетага бир жазганда 15 ыр жазылчу.

Анан Бишкекке көчүп келгенде алгач Махабат деген кыздын ырына жазгам, ал азыр ырчы эмес. Андан соң ыраматылык досубуз Фархат Кеңешбек уулунун ырларына, кийин Артык-Сапар дуэтине, Борончу Кудайбергеновго жаза баштагам. Бул 2006-жылдын аягы, 2007-жылдын башы болуп калат. Бул Бишкекте башталган карьерам.

Негизи мектепте окуп жүргөндө эле клавиша, музыкалык аспаптарды өздөштүргөм, эмнегедир ырдаганга эмес, аранжировкага, ырчынын ырларын кооздоп, аспаптарда ойноого кызыкчумун. Ал кезде аранжировкачы деген кесип жок болчу да. Кийин заман өнүгүп, ырчылар жылдыз боло баштаганда бул кесип пайда болду да, мага жакшы болду. Ырчылыкка 2007-2008-жылдары келдим.

Аранжировканы бир жерден жылбай отуруп жазасың, буга бардык эле адам чыдай бербейт, фантазия күчтүү болушу кажет. Бир учурда фантазия түгөнүп калган учурлар болду, токтобой иштей берсең андай учурдан да өтүп кетет экенсиң. Адамга деле жакшы кийим кийгизсең көрктүү болуп көрүнөт го, миң сулуу болсо деле жүдөп-какап, жамачы кийимдерди кийгизип койсоң сулуулугу билинбей калат эмеспи. Ошол сыяктуу эле ыр да аранжировкадан көз каранды. Жакшы аранжировка жасалса ырдын багы ачылып кетиши мүмкүн. Кээ бир ырлардын мурун анча популярдуу болбой, кайра жаңыланып ырдалса популярдуу болуп кеткени ушундан да болушу ыктымал.

Эркин Мээрканов: “Аранжировка ырды, обонду, ырчыны көтөрүп турушу керек”

– Мен аранжировканы 1986-жылдан бери жасап келатам. Ал кезде компьютер, азыркы заманбап техникалар жок. Биз аспаптарды жандуу ойноп аранжировка жасап, баарын нота менен жазып чыкчубуз. Негизи көп эле ырларга аранжировка жасадым, андан сырткары “Инсан” тобу менен ырларды да жазам. Биринчи ырыбыз “Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай” болгон, обону меники. Айчүрөк Иманалиеванын 1991-жылдардагы дээрлик популярдуу болгон ырларын кооздогом. Мисалы, “Тоо булагым арманым”, “Роза гүлү”, “Кызыл гүл”. Кийин Гүлнур Сатылганованын, 100 пайыз хит болгон ырлардан Гүлжигит Калыковдун ырларына аранжировка жасадым. Казакстанда 2 жылдай иштедим. Ошол убактарда казак ырчылары Айкын Толепберген, Макпал Исабекова, Иван Бреусов сыяктуулардын ырларын шөкөттөдүм. Жакшы кабыл алынгандардан 2018-жылдары Кайрат Кыргыздын “Жаштык кез” деген ыры болду, андан бери ыр жазып, аранжировкаларды жасап келатам. Бирок негедир 100 пайыз хит болгондору чыга элек. Азыр ушунун үстүнөн иштеп жатам.

Аранжировка ырга боёк кошот. Эгер музыкасы кызыктуу болсо, мага жакса, ал ырга толугу менен сиңип, ырахаттануу менен аранжировка жазам. Мындайда аранжировка дагы жакшы чыгат. Бирок дайым эле мага жаккан аранжировка ырчыга, буюртма берген кишиге жага бербейт. Эки ача пикирлер пайда болгон учурлар болот. Бул эми ырчынын, музыканттын стилинен көз каранды. Аранжировка ырды, обонду, ырчыны көтөрүп турушу керек. Жасаган кишинин стили, эч нерсеге көз каранды болбогон табити болушу шарт.

Кээде эски ырларды кайра ырдап чыгуу үчүн аранжировка жасатканы келишет. Эски ырды заманбап стилде жасатууну каалашат. Албетте, заманбап стилде жасап чыгууга болот, бирок чеги менен, эгер ашыкча тездетип же аспаптардын үнүн ашыкча кошуп салсаң ыр бузулат, же мурункусундай уккулуктуу болбой калат. Андай ырлардын өмүрү да кыска болот.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан