КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Неге бизге эле?! Сенин эриң деле биздин эрлердей, окшош эле.

– Жок, менин эрим силердин эриңерге окшош эмес!.. Менин эрим жакшы болчу...

Айшаттын жаны чыгып кетти.

– Эй, андай жакшы болсо неге кетип калдың андан?! Неге ажыраштың?!

– Неге ажырашмак элем? Көпкөнүмдөн ажыраштым...

Ал күлүп жиберди. Адатынча «ө-ө-өлаа!» деп күлдү. Бозоруп, ыйлап отурганыбызды унутуп эле, «кыйратыпсың!» деп ыкшып күлдү. Аларга Тилектен эмнеге кеткенимди айткан эмесмин. Жашоомдун ошол бөлүгүн эстегим келбейт, ошол жерин бирөөгө айтып бергим келбейт. Ар кимге бежиреп айта бере турган окуя эмес. Ошого эч кимге айткан эмесмин. Аргасыз Айшатка ушинтип жооп бердим. Ал күлүп жиберип ырас кылды. Болбосо дагы урушуп кетмекпиз... Макмал үндөбөй экөөбүздү тиктеп отурган, анан акырын мени кучактап, «ушинтип көөп эле жүрө берчи, сага көпкөн жарашат» деп башымдан сылады. Өзү өлө албай отуруп, ошентип мени аяды. Үчөөбүз түнү менен шыбырашып урушуп, шыбырап бири-бирибизге кыйкырып, шыбырашып сүйлөшүп чыктык. Жаныбызда бала уктап жаткан. Атасын тааныбаган, атасын көрүп-көрбөй жүрүп акыры тааныбай калган бала бышылдап уктап жаткан. Ошону ойготуп албайлы деп шыбыраштык. Баланын өзү тааныбаган атасын үчөөбүз түнү бою жамандап чыктык. Мен Макмалдан «ошондой жаман экенин билсең, аны менен эмнеге жашап жүрдүң?» деп сурадым. «Уялганымдан, элден уялганымдан жашап жүрдүм, экинчи жолу ажырашкандан намыстандым» деди. Намыстан айланат бекенбиз?! Намыстанып жүрүп көргөн күнүбүз ушул. Баарыбыздын көргөн күнүбүз ушул... Же намыстан өлбөдүк. Айшат акчасын, алтындарын, сүйүүсүн, өзүн алдатып жибергенинен намыстанып жигитинин үстүнөн арыз жазган эмес. Алданып калганынан намыстанган. Болбосо «арыз жазалы» деп канча жолу айттым? Макмал болсо улам ажыраша бергенден намыстанып жүрүп минтип отурат. Мен кор болуп жашап, бирөөнү кор болуп сүйгөндөн, чыдап сүйгөндөн намыстанып Тилектен кетип калгам. Намыстан айланат бекенбиз? Же намыстан өлбөгөндөн кийин... Үчөөбүз үч башкача намыстанат экенбиз...

ххх

– Мурда ойлочумун, таптакыр көрбөй турган, укпай турган адамдар менен мамиле күтүп, сүйүш керек деп. Жаңылыпмын. Сүйгөнгө деле, мамиле күткөнгө деле тааныштар жакшы экен. Таанышты көрүп, тааныштардан ал тууралуу угуп турат экенсиң. Алар деле жаңылат-жазат, алардын каталарын көрсөң, уксаң табаң канат. Таптакыр эле кемчиликсиз адам болуп туруп алса, ошону бир кезде сүйгөнүң үчүн сыймыктанып, көрүп турганыңа каниет кылат экенсиң. А чоочундуку башка тура. Ал сага дайым бактылуудай, дайым телегейи тегиздей сезиле берет экен. Эч нерсесин укпайсың, эсиңде дайым жакшы бойдон жашай берет. Бир жолу көрө албаганыңа ичиң ачышат. Мен Артурду эми көрбөйм да. Жер беш жолу тоголок болсо деле ал экөөбүздүн жолубуз эми кесилишпесе керек. Тааныштарды эле сүйүңүз, эже...

– Бүгүн сүйүүнү сүйлөбөй эле коёлучу...

– Эмнеге?

– Аңгырап турам... Сүйүү мага келиш керек болчу. Менчелик аны эч ким күткөн жок.

– Буюрса, келет.

– Келбеди, мени алдап кетти окшойт.

– Мен сүйүү кандай болорун билбейт экенмин. Менин сүйүүлөрүмдүн баары эле туура эмес болуп чыгып калып жатат го…

– Неге «сүйүүлөрүм» деп жатасың? «Сүйүүм» дешиң керек го?

– Сүйүүлөрүм да. Көп болуп жатпайбы.

– Адамда бир нече сүйүү болушу мүмкүн эмес, менимче. Сенин бир эле сүйүүң бар, а калганы «имитация» болуш керек.

– Ким ошол сүйүүм? Таап бериңизчи.

– Кимге кайра-кайра кайрылып келсең, ошол сенин сүйүүң. Эң көп кайрылган адамыңды эсте.

– Эми кайсынысы чындап сүйүү эле деп кыйнала баштадым.

– Балким, тиги сүйүүнүн келечеги болгондо эч кимге кайрылып карамак эмессиң.

– Балким... Эми Кудайдан туура сүйүү сурайлычы.

– Макул, сурайлы. Бизди да биздей сүйгөн бирөөнү сурайлы, ээ? Өзүбүз эле ары-бери күйүгө бербей. Мисалы, мени эч ким сүйө элек. Сүйө алган жок. Өпкүсү келген, жаткысы келген, тарбиялаган, оңдогусу келген, «тирүү аялын өлтүрө койгондор» эсепке кирбейт. Башкага үйлөнүп, анан мага келип «сени сүйөм» деп былжырагандар башында калсын. Алар аялдарынан тажаганда келип «мен сени сүйдүм эле» деп коюшат.

– Мен аялы барларга жолобос болдум.

– Сүйүү тандата койсо кана эми? Мен аялы бар болсун, же жок болсун деп деле сураган эмесмин. Татынакай эле сүйүү сурагам. Бир болсо тактап сураш керек окшойт. «Бир даана эркек, башы бош, жүрөгү биздики, биздин жүрөк аныкы» деп.

– Анда мен тактап алайын, анан сурайын. Мен тактагыча өмүр, жаштык өтүп кетпесе болду.

– Кой, мен жаштыгыма күйүп, араң басылдым. Эми баарын кайра түздөп, оңдоп жашаш үчүн дагы бир өмүр керек окшойт...

ххх

– «Өзгөчө кылмышкеримди» кылмыш иши менен тааныштырып келдим. Ушуну менен бүттү. Кылмыш иши сотко өтөт. Экөөбүз мындан ары кезикпейбиз. Ал менин сөздөрүмдү уккан-укпаганын билбейм. Адатынча көзүн жумуп отурду. Көзүн ачса же жер карап отурат, же терезе жакты карап отурат. Ушу түрмөлөрдүн терезелери кызык. Кылмышкерлерден асмандын бир кесимин, бир үзүгүн аягансып, түрмөлөрдүн көбү терезелерин сыр боёк менен боётуп салган. Бул терезенин боёгу көчө баштаптыр. Сызык-жолок болуп боёк көчкөн жерлери бар экен. Бармак басым жерлер ачык. Ошол бармак басым жерден көгөрүп асман көрүнөт, булут бир булаят. Улам ошону тиктеп жатты. Колун ушалап, бутунун учун титиретип отурду. Том-том болгон кылмыш ишинин баарын окудум. Котормо тиркелген жерде котормону, котормо жок жерде которуп айтып бердим. Менин аёом ушуга эле жетет, аны ушинтип эле аяй алам. Жылуу сөз айтып деле аясам болмок, бирок ал баары бир укпайт. Дагы тамеки ала келдим. Бир кутусу өзүмө, бирөө ага. Тамекини алды. «Ыракмат» деген жок. Кезектешип тамеки тарттык. Тамагым кургап калганда, улам кофе алдырып ичип жаттым. Ага да кошо алдырдым. Кылмыш иши менен тааныштыруу учурунда тергөөчү бош калат. Ошого кофеге тергөөчүнү жумшап жаттым. Отура берип зериккен неме чын жүрөгүнөн кофе ташыды. Биринчи жолу кофеге жибергенде гана «буга да ала кел, сураныч» деп айттым. Андан кийин өзү билип эле эки кофе көтөрүп келип жатты. Экөөбүз бири-бирибизди тиктебей отуруп кофе ичип, тиктебей тамеки тартып жаттык. Мен токтобой окуп, которуп жаттым. Бирок өзүмдү кылмыш ишин окубай эле, өкүм окуп жаткандай сездим.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан