ЖАЙДЫН АПТАБЫН КӨРБӨГӨНДӨР...

Кыргызстаныбызда 4 мезгилдин өз орду менен алмашканы кандай бакыт экенин дагы бир жолу эскертип кетели. Анткени Жер шарында же жай мезгилин, же кыштын кандай болорун билбеген жерлер да бар. Төмөндө 4 мезгил бою кычыраган кыш каптаган аймактар...

“Чыгыш” станциясы (Антарктида)

Антарктидада жаз, жай, күз деген түшүнүк жок. Декабрь, январь айын башка айларга салыштырмалуу жай деп эсептесе болот. Анткени бул убакытта абанын температурасы -35-40 градуска түшүп калат. Буга чейин бир жылы гана -13 градус болуп, бул көрсөткүч рекорддук болуп калган. Калган айларда абанын муздактыгы -70-80 градус. Эң төмөнкү көрсөткүч -89,2 деп белгиленген.

Горн (Чили)

Туруксуз аба ырайы менен өзгөчөлөнгөн дагы бир аймак Чилидеги Горн. Бул жерде кескин суук болбойт. Жыл бою абанын температурасы -2 +18 градустун тегерегинде кармалат. Бирок бир жылда 280 күн же андан да көп убакыт дайыма бороон-чапкын, нөшөрлөп жааган жамгыр адамдардын жашоосуна кыйынчылык жаратат.

Саха (Орусия)

Орусиянын курамына кирген Саха Республикасында (Якутия) кыш мезгили 7-9 айга созулат. Башкача айтканда, октябрь айынан апрель айына чейин кыш чилдеси улана берет. Кышкысын эң төмөнкү температура -65-70 градус көрсөткүчүнө жетет. Жайы 2 ай, бирок биздикиндей күнгө күйүп жаткан ысыкты элестетпеңиз. Бул аймакта бир-эки саатка күн жылып, аба ырайынын “маанайы түшүп” калса кайра тон кийгизген суук болуп калышы ыктымал.

Исландия

Исландия аталышынын мааниси “муз өлкө” дегенди билдирет. Бирок кышкысын муздак делген аба көрсөткүчү -20. Ошентсе да Исландия климаты начар аймактардын катарында. Жергиликтүү тургундардын аба ырайына байланыштуу тамашалуу сөзү бар, “аба ырайы жакпай жатса, 5 мүнөт күтө тур” деген. Анын сыңары, 5 мүнөт күн тийип, 10 мүнөт шамал же жамгыр жаап, эмне кийим киерин билбей жаткан кызга окшоп кыйнала берет. Кышы аябай суук болбогон сыяктуу эле, жайы да ысык абасы менен өзгөчөлөнбөйт. Эң жылуу июль айы, +15 градуска чейин жылышы мүмкүн. Жайдын көпчүлүк күндөрү абанын табы +7 градустан жогору көтөрүлбөйт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан