Турганбүбү Бообекова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «ТЕАТРДА АРТИСТТИ БАР КЫЛГАН ДА, ЖОК КЫЛГАН ДА РЕЖИССЁР»

– Саламатсызбы, Турганбүбү эже? 75 жашыңыз кут болсун! Мааракеңизге карата коюлган “Бернарда Албанын үйү” спектаклинде патриархалдык мезгил чагылдырылыптыр. Дегеле гендердик теңсиздик боюнча оюңуз кандай?

– Саламатчылык, рахмат! Өзүң көргөндөй, спектакль оор, режиссёрлор көп ала бербеген пьеса. Негизи бул болгон окуя экен. Пьесада гендердик маселе курч чагылдырылган, аялдардын тагдырына салттын, көз караш, түшүнүктүн залакасы тиет. Бул илгертен эле бар нерсе, кыргыздарда да салт-санаага баш ийген эрежелер, кысымдар көп эле болгон да. Ошонун айынан бири-бирин жакшы көргөн жаштар бир боло алышкан эмес. Ата-эненин кызыкчылыгынын айынан канча тагдырлар бузулган. Бул пьесаны бүгүнкү күндүн мыкты режиссёрлорунун бири Шамиль Дыйканбаев мага арнап алып чыкты. Ал жигит менин студентим, кийин мугалимдикте кесиптешим болду. Бул актуалдуу тема. Кыздарга карата зомбулук боюнча ар кандай окуяларды угуп эле жатпайбызбы. Ата-эненин, коомдун түшүнүгүн өзгөртүү аябай зарыл болуп турат.

– Актрисалык кесипти бала кезден өзүңүз кызыгып тандагансызбы?

– Биз эми 20-кылымдын адамдарыбыз да, согуш жаңы эле бүтүп, элдин жашоосу кыйын учурда төрөлдүк. Ал кезде мугалим деген биз үчүн укмуштуудай адам эле да. Аларды аябай сыйлап, айтканын угат элек. Окуучу кезде мугалимдерим “сен артист бол, сен артист болосуң го ушу” дей беришчү, ошондон улам “демек, артист болушум керек экен” деген ой пайда болгон. Биз мектепти бүткөн учурда окуу жайларга тандоо болбой калып, артисттикке эмес, медициналык факультетке тапшыргам. Анын үстүнө байкем да артист болушума каршы эле. Анан бир күнү эле гезит, радиолордон артисттик окууга тандоо болуп жатат дегенди угуп калдым. Барсам, 500дөн ашык адам бар экен. Москвадан ГИТИСтин ректору өзү келип тандап, 24үбүз өттүк. Менин курсташтарым Дүйшөн Байдөбөтов, Гүлсара Ажыбекова, Марат Алышпаев сыяктуу таланттар эле.

Окууну бүтүп келгенде Ошко жиберишти, Ош драма театрын түптөдүк. Легендарлуу инсандар чыгып, абдан күчтүү театрга айланды. Ал театр менен дүйнөнү кыдырдык. Анан эле Союз урап, баары быт-чыт болду. 1993-жылы Бишкекке баса бердим. Ал кезде Кыргыз драма театры аябай дүңгүрөп турган кез, ал жерге жумушка кире албай ар кайсы жерде иштеп жүрүп, 1994-жылы кирдим. Кайра бул театрда баягы курсташтар чогуу иштеп калдык. Акыркы жылдары курсташ жигиттерибиз катар-катар өтүп кетишти. Театрда азыр саналуу эле аксакалдар калдык. Театрга кызмат кылып бергенге кудуретибиз жетсе эле, биздин бактыбыз ошол. Театр жаштардыкы, алар 90 жылдык тарыхы бар театрды мурунку деңгээлиндей дүңгүрөтүп алып кетсе деген тилегибиз, үмүтүбүз зор.

– Баарынан көп купулуңузга толгон ролуңуз кайсы болду?

– Роль дегенди иргебей сүйөсүң, кайсы роль берилсе, кичине-чоң дебей иштейсиң. “Роль тандаган актёр, актриса – бул кылмышкер” деп окутат эле бизди. Кандай роль болбосун баары пенде. Пенделердин өмүрүнө, жашоосуна, тагдырына кирип, ошолордун ордуна ошол жашоону жашап, тагдырын башыңдан өткөрүп көрүүгө далалат кыласың. Ал эми актёр катары роль жеткиликтүү болдубу, бул башка суроо. Ролдордун ичинен өзүң жакшы көрүп, ичиң чыгып калгандары деле бар, ошентсе да мен эч бирин бөлө албайм.

Мен өзү экинчи пландагы ролдор менен жашаган актрисамын, “героиняга” жатпайм. Анткени боюм кичинекей. Башкы каармандын ролу театрда бойлуу, өңдүү-түстүүлөргө берилет. Мурунку режиссёрлор ушуга аябай басым жасашчу. Москвада окуганда эңсеген, көксөгөн ролдорум көп эле, бирок алардын бирин да ойногон жокмун. Бой-турпатымдын айынан беришкен жок. Экинчи пландагы роль деле жакшы, аны аябай сүйөм. Алар жөнүндө көп айтылбаганы менен, алар дагы жашоодогу тагдыры бар бир адам. Андыктан алардын образын кыска убакытта ачып үлгүрүш керек, тескерисинче, бул оорураак. Чочуп кеткенсип башкы ролду берип калган учурлар деле болгон. Андайда көрүүчүлөрдүн кабыл алуусунан улам “ии, мен деле башкы роль ойносом болот турбайбы” деп калчумун. Бул эми режиссёрдон болот. Театрда артистти бар кылган да, жок кылып салган да режиссёр. Бул өтө чоң маселе. Максатына жетпей келе жаткан актрисалар да бар. Театрда көшөгө артындагы жашоо башка. Баарыбызда эле ошондой эл көрбөгөн пенделик жашоолор бар да.

Тасмалардан “Талас-Бишкек”, “Айыл өкмөтү”, “Кокуй кошуна”, “Беш бармак”, жакында эле чыккан “Особняк” жана башка тасмаларда тартылдым. Кичинекей роль жараткан бир топ эле кинолор бар. Андан сырткары жарнама, клиптерге көп чакырышат.

– Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз...

– Бир уул, бир кызым бар. Жолдошум менен 9 жыл жашадым. Москвадан 3 кыз бой келип, үчөөбүз тең оштук жигиттерге турмушка чыктык. Тилекке каршы, үчөөбүздүн тең жеке турмушубуз ошол жолдошторубуз менен болгон жок. Анткени биздин кесипти түшүнүү, чыдоо өтө кыйын. Анын үстүнө ал кезде 3-4 айлап гастролдорго жөнөтчү. Башында чыдап, аракет кылып жүрүп, аягында дарман жетпей калды. Анан ажырашканга туура келди. Ошентсе да жолдошума рахмат. Менин кесибиме чыдап жашап, 2 балалуу болдук. Болбосо, балким, жапжалгыз калмак белем?..

Негизи карьера кубалап, роль алайын деп тытынган адам эмесмин. Берсе иштейм, бербесе каниет кылып, башка тармактан иш таап иштей берем. Ошон үчүн мугалимдик кылам, радиодо 24 жыл жүрдүм.

Өзүм жетим өскөндүктөн көп балалуу болгум келчү. Ал кыялым ишке ашпай калды, ошентсе да уул, кызым жакшы инсан болуп чыгышты. Жогорку окуу жайды чет өлкөдөн окуп келишти. Кызымдын 3 уулу, уулумдун 2 уул, 2 кызы бар. Уулум менен чогуу жашайм. Бешенеме келиним жакшы чыкты, күйөө балам андан да керемет.

– Жетим өскөм деп калдыңыз...

– Ооба, жетим өскөм. 3 жарым жашымда апам, 4 жарым жашымда атам кайтыш болуп калыптыр. 6 бир туугандын кичүүсүмүн. Атам каза болгондо эң улуу байкем 16 жашар экен, ал кезде Караколдо техникумда окучу. Бизди ар кимдин колунда кор кылбайын деп окуусун таштап айылга барган. Балалыгын бизди кароого арнады. Мектепти бүткөн бир туугандарын улам интернатка киргизип, андан кийин окуу жайга тапшыртып, ушуну менен алек болду. Мен мектепти бүтөрүм менен Бишкектеги №1 интернатка киргизди да, өзү Айыл чарба институтуна окууга тапшырды. Ага чейин айылда тракторист болуп иштечү. Күндүзү иштеп келип, түн ичинде чырак менен окууга тапшырам деп даярданчу. Ошол максатына жетти, мына азыр 87 жашка чыгып калды. Калган төрт бир тууганыбызды жайына бердик. Азыр ошол агам экөөбүз бири-бирибизге тирекпиз, телефондон күнүнө он жолу сүйлөшүп турабыз.

– Ден соолукта болуңуз!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан