Мурадил Данияров, ырчы: "КРУТОЙ” УНАА АЙДАСАҢ ЭЧ КИМ ТИЙИШПЕЙТ"

Ырчылар сахнада өздөрүн абдан эркин сезишет, билебиз. Ал эми башка жерде кандай? Мисалы, рулда. Бул сапар ырчы Мурадил Данияровдун темир тулпары менен таанышып, анын кандай айдоочу экенине кызыгып көрдүк.

Үлгүсү – Toyota Camry 55

Чыгарылган жылы – 2016-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү
2500 сантиметр куб

Жогорку ылдамдыгы
саатына 240 чакырым

Баасы – 17 миңдоллар


– Саламатсызбы, Мурадил мырза? Алгач бешик боо бек болсун дейли. Кызыңыздын атын ким койдуңуз?

– Саламатсыздарбы? Чоң рахмат. Кызымдын атын Айла деп койдук. Кыздуу болгондогу сезимдерди айтып жеткириш кыйын. Дагы деле башкача болуп жүрөм. Себеби аял төрөгөндөн кийин 40 күн төркүнүндө болот деген салт бар эмеспи. Азырынча үйгө келише элек. Ата болгон кандай экенин алар үйгө келгенден кийин көбүрөөк сезсем керек. Бирок кыздуу болгондон бери бардык эркектер баласы үчүн тытынып, алар үчүн жашап жүргөндөй сезилип калды.

– Дагы кандай жаңылыктарыңыз бар, чыгармачылыкта, дегеле жашооңузда?

– Бир бизнес ачайын деген планым бар эле. Азыр бүт күчүмдү ошол планды ишке ашырууга жумшап жаткан учурум. Имаратын куруп бүтүп калдык. Буюрса, жакынкы күндөру ачылабыз. Ата-энем бир топ убакыттан бери Орусияда болчу. Бул жакта туруктуу жумуш жок болгондуктан, келип эле кайра кетип калышчу. Ошолорго бул жактан иштеп, алаксыганга бир жумуш орун түзүп берсем дечүмүн. Эмне бизнес экенин жакында жарыялайм. Ал эми чыгармачылыкта "Балалыгымды сагындым" деген жаңы ырым жарык көрдү, клибин да тарттык.


– Жакшы. Эми унааңызды тааныштырсаңыз. Жакында алдыңызбы муну?

– Үлгүсү Тойота Камри, 2016-жылкы. Алганыма 5-6 ай болуп калды. Бензинди аз керектейт, ыңгайлуу. Буга чейин Лексус 570 айдап жүргөм, ал бир аз чоңдук кылат экен, бензинди да көп ичет эмеспи. Бул унааны өкүл атам тандап алып берди.

– Негизи бул унаа өзүңүзгө жагабы?

– Мага Тойота, Лексус, Хонда үлгүлөрү жагат. Себеби булардын бардык тетиктерин базардан табууга мүмкүн. Негизи кайсы үлгү болбосун унаанын жаңысы эле жакшы болот экен. Эски баары бир эскилигин кылат. Аны улам-улам оңдотуп туруш керек болот. Жаңы унаа минсең “бузулат” менен ишиң жок айдап жүрө берет экенсиң. Эски унааларды да айдап жүрдүм. Бузулуп көчөдө калган учур көп болгон. Азыр Кудайга шүгүр, капотун деле ачпайм, убагы менен майын эле алмаштырып турам.

– Алгачкы унааңыз кайсы үлгүдө эле?

– Митсубиси болчу. Орусияда ашпозчулук кылып иштеген акчама сатып алгам. Ал кез өрт учур экен, ылдамдыкка абдан кызыкчумун. Анан дагы салонго он чакты баланы салып алып жүрө берчүмүн. Бир ирет кырсыкка кабылып, ошондон кийин чеги менен айдап калгам.

– Алгачкы жолу рулга отурган күнүңүздү эстесеңиз.

– Анда биздин айылда бир-эки эле унаа бар болчу. Унаа айдаганга аябай кызыкчумун. Айылдагы бар байкеге "айдатыңызчы" десем, "бензин куюп бер" дечү, анткени үйдө бензин сатчубуз. Эч кимге көргөзбөй бензин алып чыгып куюп берчүмүн. Ал 200-300 метр эле айдатып койчу. Ошентип жүрүп эле үйрөнүп кеттим.

– Айдоочулук күбөлүктү окуп алгансызбы?

– Калп айтпайын, окубай эле алгам.

– Анда жол эрежелерин канчалык деңгээлде билесиз? Бул кооптуу эмеспи?

– Негизги жол эрежелерин билем, баарын билем дебейм. Бирок унааны этияттап жакшы эле айдайм. Катуу айдасаң деле, жай айдасаң деле жетчү жериңе ошондой эле убакытта жетесиң. Ылдамдыкта айдагандарды деле көрүп жатпайбызбы. Сен жакшы айдасаң деле, сени аңыраңдап айдаган бирөө келип сүзүп кетип жатпайбы.

– Этияттап айдайм деп жатасыз, айып пул көп төлөбөйт экенсиз да анда?

– Негизи эреже буза бербейм. Өтө шашып калган учурда гана бурулууга болбой турган жерден бурулуп алган учурлар болот. Кээде айына 4-5 миң сом айып пул төлөп калам. Эң көп 16 миң сом төлөгөм.

– Унааны сиз үчүн статус дагыбы?

– Статус болуп калыптыр. Эл деле унааңа карап мамиле кылат экен. Тико айдап жүрсөм, Матиздегилер чоң сүйлөйт, Матиз айдап жүрсөм, андан чоңураак машина айдагандар кыйын болушат. Ал эми кымбат, чоң унаа айдап жүрсөң эч ким тийишпейт. Ушул нерсени иш жүзүндө көрүп ынандым.

– Ошондо буга чейин айдаган жол тандабасты сагындыңызбы?

– Ал көпчүлүк кыялданган унаа да. Аны кайра эле айдагым келет. Курулуш иштерине каражат керек болуп сатып жибергем. Адамда напси деген болот да, улам чоңураагын, андан жакшыраагын алсам дейбиз. Унаа деле адамга мотивация экен, жакшысын алайын деп кубалап кете бересиң.

– Рулда кызуу кандуусузбу же сабырдуубу?

– Жолдо ар кандай болот, кээде шашып жатканда катуураак айдап калсам "көзүңө карабайсыңбы" дегендер, артымдан кууп келгендер болот. "Кечирип коюңуз, шашылыш элем" деп түшүндүрөм. Таанып калып "ой, иним, сен белең" деп ачуусу тарай түшөт. Мен эч качан айтышып урушпайм, уруш-талаш, ызы-чууну абдан жаман көрөм.

– МАИчилерге көп түшөсүзбү?

– Негизи өзүбүз жол эрежесин бузуп алып, кайра тааныштарга чалып эле каадалана беребиз. Ушул нерсе туура эмес экен. Эрежени буздукпу, айыбын тарталы. Айып пул жазып, көзөмөлдөп МАИ кызматкерлери деле өз милдетин аткарышы керек да. Азыр эреже буздумбу, дароо айып пулун жаздырып, төлөйм.

– Унааны оңдоо жагынан кандайсыз?

– Дөңгөлөк амаштырам, анча-мынча жерлерин түшүнөм. Техникалык абалынын 10 эле пайызын билем десем болот. Калганын устага тапшырам. Унааны аздектеп, аяп айдабайм. Себеби машинаны мингени алабыз да. Ошондуктан каалагандай колдоном, бузулса оңдотуп алам дегендей.

– Жолуңуз ачык болсун! Маегиңизге рахмат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
baltabai
2023-06-05 11:53:00
Данчик кут болсун
+1
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан