СЫРАНЫ СҮЙГӨН ЧЕХИЯ

Дүйнө боюнча сыра ичүүдө эч кимди алдыга салбайт... Жомоктогудай кооз сепилдер... Маданиятту жана билимдүү эл... Чехия! Бул өлкөгө кызыктыңызбы, анда чогуу саякаттайлы.


Борбору – Прага

Аянты – 78 866 чарчы чакырым

Калкынын саны – 10 533 000 (2022-жыл)

Тили – чех тили

Президенти – Пётр Павел

Башкаруу системи – парламенттик республика

Валютасы – чех крону (1 чех крону 3,98 сомго барабар)

Тутунган дини – католик

Тарыхы бай мамлекет

Германия, Польша, Австрия, Словакия менен чектешип турган Чехия Европанын чок ортосунда жайгашкан. Мындай жайгашуу Евробиримдиктеги мамлекеттер менен алышып-катташуу жолун жеңилдетип, өлкөнүн өнүгүшүнө таасир этсе, климаттык ортолукту да кармап турат – кышкысын өтө суук болбойт, жайкысын өтө ысыбайт. Тарыхы бай мамлекеттин аймагында 2-кылымда рим доору башталса, 5-кылымдан тартып славян эли отурукташып калган. Ал эми чех славян элинин күчтүү делген урууларынын бири болгону тарыхый булактарда жазылат. Чехтер 1918-1992-жылга чейин Чехословакиянын курамында болуп, 1993-жылы 1-январда бөлүнүп, өз алдынча мамлекет катары эгемендигин жарыялаган.

Эски менен жаңыны айкалышы
Чехия – орто кылымдагы архитектура менен заманбап имараттарды, эскичил айылдык жашоо образы менен шаан-шөкөттүү шаар турмушун айкалыштырган. Өлкө архитектурасы, орто кылымга таандык 2500гө жакын байыркы сепилдери жана жогорку деңгээлдеги тейлөөсү менен жылына 50 миллион туристти өзүнө кабыл алат. Чехиянын борбору Прага – ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган. Аймакта жапыс тоолор гана бар, эң бийик саналган Снежка тоосунун бийиктиги 1602 метр. Жаратылышка аяр мамиле кылышат, өлкөдө коруктар жана улуттук парктар арбын.

Экономикасы туруктуу жана өнүгүү жолунда
Пост-коммунисттик мамлекеттердин арасынан Чехиянын экономикасы туруктуу жана өнүгүү жолунда. Машина чыгаруу, электроника, химия, тамак-аш өнөр жайлары, кара металлургия жана тейлөө тармагы экономикасынын негизин түзөт. Ички дүң продуктусу жан башына 25 миң доллар. Чехия 2004-жылы Евробиримдиктин курамына кошулуп, ошондон тартып экономикасы гүлдөө жолуна түшкөн. Орточо айлык акы бул өлкөдө 1400 долларды түзөт (2022-жыл).

Сыра – Чехиянын визиттик картасы
Сыра – Чехиянын визиттик картасы. Көп жана сүйүп ичилген ичимдик – киши башына жылына 160 литр туура келет. 16-майдан 1-июнга чейин Прагада сыра фестивалы өтүп турат. Бул учурда сыра сүйүүчүлөр бул суусундуктун 70тен ашык түрүн даамдай алышат. Чехтер сыраларды минерал булактарынын суусундай эле дартка даба деп эсептеп, аны каалаган убакта иче беришет. Ушул температурада суусундук даамдуу жана жыттуу болот деп 6-10 градуска чейин муздатылып берилет. Ошондой эле көптөгөн тамак-ашты жасоодо колдонулат, ага камыр жуурулат жана андан соустар жасалат.

“МУШТАШКАН АДАМДЫ КӨРБӨЙСҮҢ”

Чехиянын эли, өзгөчөлүктөрү тууралуу аталган өлкөнүн Колин шаарында “Toyota Motor” заводунда оператор-логист болуп иштеп жаткан мекендешибиз Камбар Стамбек уулу буларга токтолду:

– 4 жылдан бери ушул өлкөдө эмгектенем. Чехияда көпчүлүгү эски тарыхый шаарлар. Европада жаңы салынчу имарат тарыхый имараттардан бийик болбой, канча бир чакырым алыс курулушу керек деген эреже бар, ошого ылайык, жаңы салынгандары аз, болсо да шаардан сырткары жайгашкан. Тарыхый сепил, коргон, ак сарайлар өлкөнү кооздоп турат.

Эли болсо өтө карапайым, маданияттуу. Тазалыкка, тартипке, коопсуздукка, билимге, спортко басым жасашат. Бала эле эмес, иттерине да аяр мамиле кылышат. Эгерде ит кароосуз көчөгө чыгып кетсе коопсуздук кызматкерлери аны кармап, кимге таандык экенин моюнтугундагы чиптен билип, ээсине айып пул салат. Автоунаа айдап баратканда коопсуздук курун тагынуу милдеттүү эрежелерден. Эгер жүргүнчү кур тагынбаса айдоочуга эмес, жүргүнчүгө айып пул салынат. Автобуста жүргүнчүлөр да сөзсүз түрдө коопсуздук курун тагынышы керек. Жаштар өз тилинен башка англис, немис же француз тилин билишет. Футбол талаалары, спорттук аянтчалар, машыгуу залдары абдан көп. Футбол менен хоккейди негизги спорттук оюндарынан.

Жумушсуздук жокко эсе, селсаяк же аракечтер эле жумушсуз жүрбөсө, калганы баары иштейт. Жаштар кара жумушта дээрлик иштешпейт, андай жумуштарга көбүнчө мигранттар тартылат. Мындайча айтканда, өнөр жайларын мигранттар эле иштетүүдө. Тейлөө тармагы, курулушта да мигранттар көп. Ал эми жаштар башка өнүккөн өлкөлөргө барып иштөөгө кызыкдар. Көчөдөн бирөө бирөө менен мушташып жатканын көрбөйсүң, кылмыштуулук жокко эсе, ошондой эле булар жең ичинен иш бүтүрүү дегенди билишпейт.

Айыл чарбасында кызылча, жүгөрү, арпа көп айдалат. Арпадан жасалган чехтердин сырасы Европада жогору бааланат. Өздөрү да көп ичишет. Ичкендин эртеси биз сыяктуу жумушка барбай коюу деген буларда жок (күлүп). Эң аз айлык маяна 1000 евродон башталат. Украина менен Орусияда болуп жаткан согуштун кесепетинен бул жакта да былтыртан бери кымбатчылык болуп, азык-түлүк, мунай, кызмат көрсөтүү жана башкалар эки эсе көтөрүлдү. Ошентсе да айлыктан капитал топтоого болот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан