Ильяс Кудретов, ырчы: “ДОБУЛБАС” ТОБУ ТАРАГАН ЖОК, ТЫНЫГУУДА”

Чыгармачылыктан алыстай түшкөн “Добулбас” тобунун жигиттери учурда кайда? Топ эмне үчүн узакка тыныгуу алды? Ушул сыяктуу суроолорго жооп алуу үчүн топтун солисти, жеке ырчы катары да таанылган Ильяс Кудретов менен маектештик.

Саламатсызбы, Ильяс мырза? Учурда кайда, эмне менен алексиз?

– Саламатчылык. Учурда АКШдамын, келгениме 5-6 айдын жүзү болуп калды. Былтыр июль айында үй-бүлөм менен АКШга келүүнү максат кылганбыз, тилекке каршы, ал ишке ашпай калды. Келинчегим, балдарым Бишкекте калышты. Кудайга шүгүр, баары жакшы, көнүп калдым. Учурда Чикаго шаарындамын. Буюрса, күзүндө үй-бүлөм да келет.

– Чыгармачылыгыңыз тыныгуу алып калгандай, акыркы жолу качан жаңы ыр жаздырдыңыз?

– Чыгармачылык, ооба, чын эле тыныгуу алып калды. Акыркы ырымды жаздырганыма 2 жыл болуптур. Буюрса, жаңы ыр жазып, даярдап койдум, “Жубайыма” деп аталат, кийинки айларда элге тартуулайын деп турам. Бул жактан жазып бүтүрдүм, жакшы чыгарма болот деп үмүт кылам.

– "Добулбас" тобу деле тынч, тарап кеттиңиздерби? Курамдагы жигиттер кайда?

– “Добулбас” тобу тараган жокпуз, болгону азырынча ар кимибиз өз жумушубуз менен алекпиз. Кубат Тургумбаев дагы, Эдил Маматов дагы жекече ырдашат. Эдил Маматов чыгармачылыкта эле, аранжировка, үн жазат. Кубат Тургумбаевдин деле үн жаздыруучу студиясы бар, экөө тең чыгармачылык менен алек. Мен деле бул жакта мекендештердин тойлорунда кызмат кылып жатам. Бул жакта да той-топурлар болуп турат экен.

Буюрса, “Добулбас” тобу менен да биргеликте бир ыр даярдап жатабыз, мен бул жактан, алар Бишкектен туруп эле интернет аркылуу иштеп туралы деп чечкенбиз. Элибизге нукура, кыргыз жыттанган чыгармаларды тартуулайлы деп ниет кылып, жакында эле биздин жетекчибиз Мирлан Ниязов ырды жазып баштады. Алдыңкы күндөрдө топтун да чыгармаларын угуп каласыздар.

Чыгармачылыктан сырткары эмне менен алексиз?

– Чыгармачылыктан сырткары жеткирүү кызматында иштеп жатам. Эл катары мигранттын жашоосун көрүүдөмүн, башында өзүнүн кыйынчылыктары болот экен. Азыр, буюрса, жакшы.

– Балдарыңызды сагынып жатсаңыз керек?

– Үч балам бар, улуусу кыз, андан кийинкилери уул. Кызым Наима 6га чыгып калды, уулдарым 4 жана 2 жаштарда. Келгениме алты эле ай болсо да мекенимди, жубайымды, бала-чакамды, ата-энемди сагындым. Азыр жакшы да, видеобайланыш деген бар, ошол аркылуу сүйлөшүп сагынычты кичине болсо да таратып турабыз.

– Жубайыңыз эмне менен алек?

– Жубайым азырынча үйдө эле, балдарды багуу менен алек. 3 баланы караш деле жеңил эмес. Ата-энем жардам берип, ата-энемдин жанында. Ата-энең жаныңда болгон жакшы да. Сени караган алар сенин балаңды сенден да жакшы карашат. Жубайым негизи сулуулук тармагында, косметолог болуп да иштеп жүрдү.

– Кандай атасыз, бала тарбиялоодо кандай ыкмаларды колдоносуз?

– Колдон келишинче жакшы ата болгонго аракет жасап жатам, болушунча чоң кишилердей сүйлөшүп, акылдашып дегендей. Балдарды тарбиялоодогу ыкмам ушул. "Балаңды эмес, өзүңдү тарбияла" дешет го, ошого өзүбүздү тарбиялаганга аракет кылып жүрөбүз. Балдар бизди көрүп эле тарбияланат экен. "Туура бас, туура жүр" деп айтып жүрүп, өзүң кичине бирдеме болуп кылтыйсаң балдарың “ата” деп суроолуу караган учурда уялып калат экенсиң. Анан түздөнүп туура жүргөнгө аракет жасайсың.

– Мурунку берген маектериңизде ырларымды башка тилдерде аткарам деген экенсиз, ишке аштыбы?

– Ооба, казак, өзбек тилдеринде ырдайын деген ниеттерим бар болчу. 2018-жылы Казакстанга бардым. Ал жактан теле-радиолордон ырларым жаңырып жатты. “Өмүр, ай” деген ырды ошол кезде казак туугандар да сурап жатышкан. 1-2 продюсерге жолукканмын. Бирок өзүм казакча аткарып, клибин тарткан үчүн кийин берген жокпуз. Ал ыр Казакстандын теле-радиолорунан жаңырып жүрдү. Ошондон кийин буга басым жасаган жокпуз. Ошол жылдын сентябрь айында өзүмдүн агам, мага көмөк көрсөтүп жүргөн продюсерим Бакыт Мойдунов менен иштешүүнү токтотуп, жеке ишкерлик менен алектенип кеттим. Ошол учурда ырчылыкты токтотом деген ойлор болгон. Жеке ишкерлик кылып Ошто парфюмердик дүкөн ачканбыз. Аны эки жылдай иштеттим. Ошко баргандан кийин кайра эле тойго буюртмалар болуп кетип, кайрадан ырдап калдым. Ошол учурда “Жаман кыз” деген ырды жаздым, анын артынан дагы 2-3 ыр жаздым. Анан пандемия башталып кетип, токтоп калдым. Студияда өзүбүздүн ырчы кыз-жигиттерге ырларды жазып жаттым. Бирок өзүмө ыр жазбай калдым.

– Бала кезде тентек белеңиз?

– Бала кезде тентек болчумун. Жалгыз бала болуп чоңойдум. Бирок өтө эрке деле болгон жокмун. Үйдөгүлөр көп деле эркелетишкен жок, атамдын инилерин аке деп чоңойдум. Ата-энем азыр Бишкекте. Ар дайым колдоп, жакшы насааттарын айтып турушат.

Тентектик кылган бир окуя, 3-4-класстарда окусам керек. Ошол учурда алюминий, темирлерди сатып алып башташкан. Мурда жөн эле таштандыда жатат эле да, ошондо темир чогулта баштадык, эски кумган, казандарды сатып, акчасына балмуздак алып жейбиз, паркка барабыз дегендей. Ошондо бир күнү алюминий чогултуп жатып, кошунанын бир эски алюминий казанын сурабай алып барып тапшырып салганым эсимде. Азыр эстесем уялам.

Дагы бир окуя эсиме түшүп кетти, ыраматылык чоң атам айылда “скважина” деп коёт го, сууну тарттырып, тээ бийиктеги кайракы жерлерге суу чыгарып берет эле. Өзү механик болчу. Ал “скважинага” балдарды сууга түшүрбөйт эле, анткени суу тартып кетет да. Бир жолу чоң атам жокто ошол жерге балдар топтолуп барып алып сууга түштүк, 1986-87-жылкы балдар да бар, мен 7-8 жаштарда болсом керек. Сууда сүзө албайт элем да, бир маалда сууга түшүп эле чөгүп баратам, баягы насос тартып баратат. Анан тиги балдардын бири келип араң куткарып чыкты. Суудан алып чыккан маалда чоң атам келип калды, ал уруша баштаганда эле баарыбыз качып кеттик. Ошол окуя мага чоң сабак болгон, улуулардын сөзүн угуш керек экен деп калгам. Чөгүп кете жаздаганымды кийин айтышыптыр чоң атама.

– Өкүнгөн нерселер барбы жашоодо?

– Көп деле өкүнө бербейм, бирдеме болсо баары Кудайдын буйругу менен болот деп ойлойм. Өкүнгөндө эмне, биздин колубуздан эмне келмек? Эмне болсо да баары жакшылыкка, аркасында бир жакшылык бар деген ураан менен жашайм.

– Ырчылык – сиз үчүн?

– Ырчылык мен үчүн – жан дүйнөмдөгү сезимдер, ичимдеги катылган сырларды туура жагынан элге тартуулоо, сыртка чыгаруу.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан