"СЕНСИЗ ЖАШАЙ АЛБАЙМ ДЕП КОРКОМ”

– Жаным, жаңы алган батирде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатпадым беле?

– Ооба, айткансыз. Бүткөнү калдыбы?

– Жакын арада бүтпөйт го. Бир чети өкмөттүн жумушу, бир чети үйдөгү иштер, усталар деп бошобой жүрөм, сага бара албай жатам, түшүнүп тур, ээ?

– Ммм...

– Жан, бүгүн эртеден бери ушул жакта жүрөм да. Усталар ачка болуп калышыптыр. Базарга барганча дагы көп убактым кетип калчудай. Бош болсоң суранайын, ичкен-жегенге бир нерселерди таштап кетчи.

– Макул.

Жан талашып өз жумуштарымды таштап, кафеден тамак салдырып, базардан азык-түлүк алып жетип бардым. Кыялымда сүйгөнүмдөн ыраазычылык сөздөрүн укмакмын, ал мени канчалык жакшы көрөрүн айтмак. Кайдан, андай болгон жок. Мен ага милдеттүүдөй эле чуркап келип алып баргандарымды көтөрүп кетти да, андан кийин кабарлашкан да жок. Бирөөгө жакшылык кылам, көңүлүн көтөрөм деп жанталашып аракет кыла берсең, ал киши муну сенин милдетиңдей эле сезип, кийин талап кылып да калат тура, ыраазычылык билдирүүнү ойлонбой да калат экен. Ушундай деңгээлге жеттик. Сүйгөнүмдүн ар бир сөзүн аткарууга милдеттүүдөй болуп калдым. Ага деле каршылыгым жок. Ушул кишинин көңүл буруусуна, сүйүү сөздөрүн арноосуна, жолугушууга чакыруусуна зар болуп жашап жатканыма 1 жылдай болуп калды. Күнү-түнү чалуу күтөм, бассам-турсам анын чалбай, жолугушууга келбей жатканын ойлоп жаман болом. А башында баары сонун башталган.

– Мен сендей сонун кызды жолуктура элек болчумун. Бактыма табылдың сен менин.

– Мен дагы өзүмдү эч бир адамдын жанында мынчалык бактылуу сезген эмесмин.

Сүйлөшсөк сөзүбүз бүтпөй, күндө жолуксак да сагынычыбыз тарабаган сонун күндөр эле. Менин жашоомдо мындай бакыт тартуулаган күндөр буга чейин болгон эмес. Анын үстүнө жигиттердин мени ал тиктегендей сүйүп караганын көргөн эмесмин. Көрсө, мен ушул күнгө чейин ушундай сүйүүнү күтүптүрмүн. Мени баалаган, сүйүү бере алган, мени менен эсептешкен адамга жолугууну күтүптүрмүн. Ошол себептүү мамиле курууга макул болгом, анын бир эмес, 2 аялы, алардан 7 баласы бар экенине карабай макул болгом. Буга чейин олуттуу мамиле куруп көрө элек болгонгобу, ал кишинин айткан ар бир сөзүнө ишендим. Сүйүүбүздүн бүтпөшүнө ишенгем.

– Жан, жолугалычы,- азыр мен ушинтип жалдырап билдирүү жазып калгам.

– Бошобой жатам. Анын үстүнө.... Толгон-токой шылтоолордун тизмеси келет. Мен болсо баарына ишенем, бошобой жатат деп аны актап, өзүмдү алдайм.

Ушундай күндөр өтүп жатты. Аябай кыйналдым. Жашоодо бул адамдан бөлөк жумушум, максатым, кыялым жок болуп калды. Жашоо мага ушундай сокку жасаарын кайдан билиптирмин. Бир күнү Инстаграмдан билдирүү келди.

– Сен кимсиң? Актанга ким болосуң?

– Сиз кимсиз?

– Мен анын сүйлөшкөн кызымын,- ушинтип жооп берди мага жазып жаткан кыз.

Мындайды күткөн эмесмин, дене боюм дүркүрөп кетти. Актанга чалсам, келди.

– Кечир, мен аны сүйүп калдым,- деп гана отуруп берди Актаным.

Кыйкырдым, ыйладым, Актандан болгон күчүмдү чыгарып ургуладым да, шалдырап отуруп калдым.

– Макул, буга да макул. Менден кетпесең гана болду,- дедим да унаанын эшигин тарс жаап чыгып кеттим. Анткени “сенден кетем” деген сөздү айтып жибереби деп корктум. Чындыгында баарын кечирем, болгону менден кетпесе болду. Ансыз жашай албайм го деп корком.

Мыскал

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан