Минур Алтынбеков, ырчы: “АТАМ ЫРЧЫ, КЕЛИНЧЕГИМ ТАМАДА БОЛУШУМА КАРШЫ БОЛУШТУ”

Каарманыбыз Минур Алтынбеков учурунда “Жебе” тобунда ырдачу. Учурда жеке ырчы катары да, тамада катары да таанымал. Обончулук өнөрү да бар. Минур мырза менен ырчылык, тамадалык, кыялдары жана балдарына болгон сүйүүсү, жубайынын кеңештери тууралуу сүйлөштүк.

– Минур, салам! Учурда тамадалыкка көбүрөөк басым жасап жаткандайсыз?

– Ооба, ошондой болуп жатат. Тааныштар, жакын санаалаштар да “ырчы эмес эле, тамада болуп кеттиң го” деп жатышат. Ырчылыкты деле алып кеткенге аракет кылып жатам. Жакында “Аппагым” деген ырым чыкты, обону өзүмө таандык. Быйыл өзүмдүн обондорума көбүрөөк басым жасасамбы деп турам. Буга чейин да обон жаратчумун, бирок элге алып чыккандан уялчумун. Дос балдарга, аранжировка жасаган байкелерге угузсам, “жакшы экен, чыгара берсең болот” дегенинен чыгарып баштадым. “Сен мага керексиң”, “Аппагым”, келинчегиме арнаган “Жазгүлүм” деген ырларымдын обону мага таандык. “Кызганчаагым”, “Жүрөгүмдү дарыла” деген ырларым бар, алар да алдыда элге тартууланат.

– Обон жарата аларыңызды качан байкадыңыз?

– 3 жыл мурун байкагам. Бардык нерсе убакыт-сааты менен болот экен. Унаа айдап баратканда, өзүм жалгыз калганда обон жаратам. Кайрыктар келгенде дароо диктофонго жаздырып коём.


– Тамадалыкка эмне болуп ыктап кеттиңиз?

– “Жебе” тобунда жүргөндө Кенже Дүйшеева апам “сен кийин ырчылык менен чогуу тамадалыкты да алып кет, дикцияң жакшы, келечегиң ошол жакта” дечү. Мен “койчу, апа, ырчы эле болом” дечүмүн. Мектепте окуп жүргөндө эле маданий кечелерде, кароо-сынактарда алып баруучу болчумун. Ал кезде диджей болуп радиодо иштейм деген кыялым бар эле. Ошол кыялым орундала элек. Топко киргенде концерттерди алып барып да, ырдап да жүрдүм. Ошентип анан үйлөнгөндөн кийин ойлонуп, “тамада болом” деген оюмду келинчегиме айтсам, “тим эле койчу” деп жүрдү. Бир күнү келинчегиме айтпай-дебей Инстаграмга жарыялап койдум. Ошентип келинчегимдин каршы болгонуна карабай буюртма алып иштеп кеттим.

– Диджей болом деп кыялданып жүрүп ырчы болуп кеттиңиз анан?

– 11-классты аяктап жатканда бир кароо-сынакта ырдап, классташ кызым экөөбүз Гран-прини алганбыз. Ошондон кийин алып баруучу болом деген кыялымдан кайтып, ырчы болушум керек экен деп калгам (күлүп). Атам мага дайыма “милиция кызматкери болосуң” дечү. Ал Бишкекте иштечү, мен айылда чоң эненин колунда чоңойгон баламын. Бир күнү атам айылга барып, ушул темада сүйлөшүп калдык. Ал “милиция кызматкери болосуң” дейт, мен “ырчы болом” дейм. Экөөбүз урушуп да кеттик, атам мага таарынган бойдон шаарга кетти. Мектепти бүтүрүп артынан келдим. Туугандарымдын ар кимиси ар кайсы кесипти сунуштап жатышты. Бир күнү телевизордон “Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна студенттерди кабыл алабыз” деген жарнаманы көрүп калдым да, “мен ушул жакта окушум керек” деп издеп барып, документ тапшырдым. Ошентип Искусство университетинде эстрадалык вокал бөлүмүндө окудум. 2-курста кастингден өтүп, Кенже Дүйшеева менен иштешип, топко кирип калгам. “Жебе” тобунда келишимдин негизинде 5 жыл иштедик.

– “Жебе” тобунда жүргөндө эмнелер, кандай эрежелер сиз үчүн кыйын болду?

– Мен бийге жокмун, ошол кыйнады. Бирок кийин бийлегенди да үйрөндүм. Спорт менен машыгышыбыз керек болчу, күндө Жаш Гвардия бульварын айланып чуркачубуз. Репетицияга күнүнө 5 сааттай убакыт кетчү. Бир ырды даярдаш үчүн көп убакыт керектелчү. Негизи оор эле, бирок баары бир жагымдуу.

– Ырларыңызда текстке көбүрөөк көңүл бурасызбы же обонгобу?

– Биринчи кезекте ырдын сөзүнө көңүл бурам. Сөздөрү жалжаңдаган, жеңил-желпи болбошу керек. Обону жакпаса да ырдабайм. Кийин менин ырларымды уккандар “Минур убагында жакшы ырларды чыгарган экен” деген ойдо калса деп тилейм.

– Кимдей тамада, кимдей ырчы, кимдей ата болгуңуз келет?

– Өз атамдай ата болгум келет. Ырчылыкта башка бирөөнү туурагым келбейт. Бирок Алексей Чумаковдун, Сосо Павлиашвилинин чыгармачылыгы жагат. Сосо Павлиашвилинин үй-бүлөсүн орустар сыйлап, жакшы көрүшөт. Кудай буюрса, менин да үй-бүлөмдү ошентип сыйлап жакшы көрүшсө, ошондой даражага жетсем дейм. Сосо Павлиашвилинин укмуш ырлары жок, бирок өзүн эл аябай жакшы көрөт. Ошондой сый-урматка ээ болгум келет. Чумаков үй-бүлөсү тууралуу көп айтпайт. Анын чыгармачылыгы, ырдоо манерасы, техникасы жагат. Тамадаларга келсек, Чыңгыз Мырзаев агабыздын алып барганы жагат.

– Мындан башка дагы кандай кыялыңыз бар?

– Балдарым менен жакшы мамиледе болсом дейм. Чоңойгондо балдардын башкача мүнөзү чыгып, өткөөл куракта ар кандай кыялдарын көрсөтүшөт го. Мамилебиз жакшы болсо, пикир келишпестиктер болбосо экен деп тилейм. Алар менен чогуу тамашалуу видеолорду тарткан сонун үй-бүлө болсок экен. Чыгармачылыкта болсо, аша чапкан ырларды ырдабай, тең салмакты кармап ортодо эле эл кызматында жүрө берейин.

– Балдарыңыз үйдө кимди көбүрөөк жакшы көрүшөт?

– Бул жылы уулум 4кө, кызым 2ге чыгат. Мени көбүрөөк жакшы көрүшөт го дейм. Анткени алар айткандын баарына макул боло берем. Баласаакмын, балдарымды сагынып кетип кээде бала бакчадан эрте алып кетип калам. Жакшы ата болгонго аракет кылам, айтор.

Жубайыңыз сиздин кайсы сапатыңызды өзгөрткүсү келерин байкайсыз?

– Кээде аша чаап тамашалайт окшойм. Мисалы, жолдо баратканда жол чыракта туруп калсак тушубузда туруп калган айдоочуга “кандайсыз, байке? Айбек жезде жүрөбү” деп тамашалап коюшум мүмкүн. Келинчегим “Минур, сен эл адамысың да, минтпей эле койчу. Булар сени ичип же чегип алыптыр деп ойлошу мүмкүн. Тамашаларыңды баары эле түшүнө бербейт да” дейт. Бирок мага ушинтип тамашалаган жагат.

– Жашооңуз ушундай эле позитивде улана берсин. Чыгармачылык ийгиликтер болсун!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан