25-май. Зарлык классташ балдары менен 11-классты бүтүп жатканы үчүн отуруш кылабыз дегенди угуп маанайы көтөрүңкү. Азыр барып атасы айткан үй жумуштарын жасай койсом анан сурансам деп кыпылдап жатты. Суранып, анан дагы акча сурашы керек. Азиз болсо баласынан бул толкундоону байкабай койгон жок. Бирок эч нерсени байкабагандай түр көрсөттү. Зарлык бардык иштерди бүтүрүп келип, ата-энесинин маңдайына отурду.
– Ата, биз майрамга карата чогулуп отурмай болдук. 2000 сомдон чогултканы жатабыз. Особняк алып, ошол жакка укмуш кылып уюштурабыз деп чечтик,- деп эле бапырап сүйлөп баштады. Ата-энеси бири-бирин кызыктай карап алганын байкады. Бир жакка жибергиси келбегенде ошентип алышат. Токтоп калды.
– Мен барам да, ээ?- деди ал.
– Жок, сен барбайсың!- атасы корс унчукту. Апасы бир нерсе дейин деп келе жатып атасынын жалт карап койгонунан жалтандыбы, унчукпай калды.
– Эмнеге? Бул жолу да жибербейсиңерби, ээ, мен 11-классты күн сайын бүтүрүп жатамбы? Дайыма эркиндигимди чектеп келесиңер. Жалгыз уул болгонум үчүн мен күнөөлүүмүнбү? Менин да башкалардай болгум келет. Эс тартканы кайтарасыңар да турасыңар,- Зарлык ызаланып кетти.
– Барбайсың дедим! Андай жерлерге барбай койсоң бир жериң кемип калбайт.
– Ой, деги мен эмне кылсам болот? “Кызга кырк үйдөн тыюу” дешет, мейли дейли, силер мага да ошону колдончу болдуңар го. Мени шылдыңдай башташты классташтар,- Зарлык буркулдады.
Эрке, жапжалгыз бала. Атасы аны бир тиктеп койду да, ары карап кетти.
– Барбайсың дедим, болду да...
Азиз негизи эле аз сүйлөйт. Куду тилиндеги нерсенин баары колуна чыгып кеткендей. Элдин тили сүйлөсө, анын колу, жасаган буюмдары сүйлөп жаткандай өзгөчө, көркөм. Аты чыккан уста.
Зарлык да көк беттенип алды. “Барам, болбосо үйдөн кетем” дегенге чейин барды. Бирок атасы анын таптакыр укпагандай тунжурады да, койду. Болбой эле ата-энеси уктаганда качып кетмей болду, эшикти кыйч эттире ачып эми чыгарында бериде атасы турганын көрдү. Ал оор үшкүрүп алды.
– Зарлык, мен муну сага эч качан айтпайм деп ойлочу элем, бирок айтышка туура келет окшойт. Жүрү, мен сага өз окуямды айтып берейин.
Ата-бала короодогу чакан устаканага келип отурушту.
– Бул окуянын болгонуна көп убакыт өттү. Бирок менин эсимде күнү бүгүнкүдөй сакталуу. Анткени кайсы бир нерселер канча аракет кылсаң да унутулбайт тура. Мен дагы сендей жаш болгом. Ошондо канатым катуу кайрылып калды. 11-классты бүтүрүп, Акыркы коңгуроого катышып, эң мыкты окуган жигит катары алтын медалды колго алдым. Жакшы окучумун, бирок аябай ичимтап, жоош, өзүмдү коргой албаган өспүрүм элем. Мектепке да эрте кирип алганым үчүн 16 жашта бүттүм. Уу-дуу болуп укмуш майрамдап жатышты. Мен дагы майрамдадым. Биринчи жолу ичимдиктин даамын татканымдан улам эңги-деңги абалда элем. Кусуп огород жакка басканымды билем. Ошондо бир кыздын чыңырып жатканын кулагым чала калды. Темтеңдей ошол жакка бет алдым. Чыңырган үн чыгып барып эле жок болот. Ошентип алма бак жакка басып бардым. Бардым да, көргөн көзүмө ишенбей туруп калдым. Эки-үч классташым бир кызды буту-колунан кармап уйпалап жатышкан экен. Тиги бечаранын үнү бир чыгып бир чыкпай жатканы – оозун байлап салышыптыр. Делдейип эле туруп калдым. Мени көрүп баягылар коркуп кетишти.
– Көрүп калды бул, эми эмне кылабыз,- деди бири. Бири-бирин карап үрпөңдөшө калышты. Мен болсо турам, боюмду көтөрө албай чайпалып.
– Эч нерсе болбойт,- деди Жээнтай.
– Эй, ботаник, бери келчи. Сен дагы каалайсыңби? Эй, коркпо, качпа. Биз жөн эле сүйлөшүп жатпайбызбы.
Жээнтай классыбыздагы ашынган жинди кыял, өзүм билем бала эле. Атасы райондо аты чыккан бай болчу. Кимди болсо да кармап уруп койчу. Эч ким ага даттанып да барчу эмес.
– Жээнтай башым ооруп турат, мен кете берейинчи,- дедим мен. Башым айланып турган мени кармап кайра кыйнап жатып ичирип коюшту. Эртең менен турсам милиционерлер жүрөт. Баягы кыздын жанынан мени табышты.
Менин колумдан мындай жаман иш келбесин баары билет эле. Мугалимдерим, классташтарым, ошол курмандык болгон кыздын да өзү. Бирок бирөө да “Азиз бул ишти кылган жок” деп айтып менин таламымды талашкан жок. Жээнтайдан, анын бай атасынан коркушту. Болгону апам... Оорукчан апам гана мага ишенди. “Менин уулум мындай кылбайт болчу, Жээнтай арам оюнан ушул ишти былгытты. Менин балам күнөөсүз” деп чырылдап жатты. Райондук сотто ишим каралды. Кийин облустук сотто... Кыскасы, мени жөн жерден түрмөгө кесип ийишти. Жаштыгымды ошол жактан жашадым. Мен көрбөгөн нерсе калган жок. 16 жашымдан камалып, эр жигит болуп калганда чыктым. Турмуштун сыноосуна сынып калган жокмун. Район боюнча алдынкы окуучу, олимпиадалардын жеңүүчүсү элем. Жогорку окуу жайга тапшырдым. Анан сенин апаңа жолуктум. Жашоодо мени түшүнгөн апамдан кийинки эле адам болду ал. Бишкекте жашап калдык, үй сатып алдык, тиричилигибизди оңдодук. Айылга ошол боюнча барбадым, апам мен абактан чыкканча эле каза болуп калыптыр.
Акыркы коңгуроо менин канатымды ушинтип сындырган. Мен сени ошол үчүн жибербей жатам, балам. Сен канча жыл күтүп көргөн жалгыз балабызсың. Он жылдан кийин сени көрдүк апаң экөөбүз, атыңды Зарлык койдук. Сен дагы жылдызың жанып, алдынкы окуучулардан болуп келе жатасың. Биз болгону сени калкалагыбыз келет. Ошол үчүн көп убакта сен каалагандай эркиндик ала албай калып жатасың.
Зарлык башын көтөрдү. Атасынын эмнеге мындай элге сыртын салган, көп сүйлөбөгөн адам экенине таң калчу. Азыр түшүнүп отурат. Ыйлагысы келип кетти.
– Адилетсиздик ошентип жазаланбай кала бердиби, ата?- деди ал.
– Жок, уулум. Адамдар адилетсиз болсо да, жогоруда бизди жараткан Кудайдын адилеттиги бар. Мен ушуга аябай ишендим. Жээнтай жана ошол окуяга күнөөлүү үч баланын тең жашоосу жакшы болгон жок. Жээнтай жол кырсыгына кабылып, эки буттан ажырап, үй-бүлөсү карабай коюп жалгыз калыптыр. Азыр карылар үйүндө баш калкалайт. Мени тааныгандардын баарынан кечирим суратып, жолуккандын баарына “Азиз мени кечирсин” дей берет экен. Кудай аны өзү жазалап койду. Мен ошол кезде алсыз болсом да, Жараткан тарабынан баары бир адилеттүүлүк болот деп ишенген элем.
– Анан Жээнтайды кечирдиңизби, ата?
Атасы жылмайып койду.
– Кечирдим, уулум. Ар ай сайын билгизбей карылар үйүнө барып, ага анча-мынча керектүүлөрдү алып берип турам. Бирок өзүнө көрүнбөйм. Бет келишкенде эмне... Мен жашоодо эң жакшы сабак алдым, кечиргенди үйрөндүм. Ошентсе да жамандыктын тагы калат экен. Коркуу калат тура. Сени ар нерседен калкалай бергенимдин себеби да ошол. Сен буга жинденесиң. Мен коркуудан улам...
Зарлык атасын кучактай калды. Акыркы коңгуроого барбай калган ызасы да эстен чыкты.
– Мени кечирип коюңуз, ата. Сизге кыялымды көрсөтүп таарынганым үчүн. Сиз дүйнөдөгү эң күчтүү адамсыз. Мен сиз менен сыймыктанам!
Азиз да уулун кучактай берди. Ата-бала сырдашып бүтүп сыртка чыкса таң атып келе жаткан экен. Зарлык бул таңды классташтар менен эмес, атасы менен тосконуна кубанды.
Айлин Д.