ЧАГАТАЙ УЛУСОЙ

Түрк актёрлорунун май айындагы рейтингинде популярдуулугу боюнча Чагатай Улусой жогорку баскычтын биринде турат. Буга экранга чыгып жаткан “Тикмечи” сериалы себеп. Netflix платформасындагы сериалдын баш каарманы Чагатай Улусой Азияга да, Европага да белгилүү актёр.

Туулган жери: Түркия, Стамбул

Туулган жылы: 1990-жыл, 23-сентябрь

Жылдыз белгиси: бийкеч

Бою: 190 сантиметр

Кесиби: актёр, модель

Тартылган белгилүү тасмалары: “Анадолу бүркүттөрү”, “Атыңды Фериха койдум”, “Даңазалуу доор: Көсөм империясы”, “Ичинде”, “Коргоочу”, “Йешилчам”, “Тикмечи” жана башка

“ТИКМЕЧИ”

Алыс кетпей “Тикмечи” сериалы тууралуу сөз кылсак, Чагатай сериалга тартылардан мурун апалар колдонгон Singer үлгүсүндөгү тигүүчү машина сатып алган. Бир жарым айдан ашык үйдө отуруп алып тыкылдатып тиккенди үйрөндү. Тартуу аянтчасына келгенде дасыккан тикмечилер кездемени туура кескенди, өлчөгөндү, кыскартканды, айтор, тикмечи кесибинин майда-чүйдөсүнө чейин үйрөтүп турушту. Анткени Чагатайдын каарманы Түркиядагы атактуу модельер-дизайнер. Тикмечиликтен сырткары дизайнер түрктөрдүн най музыкалык аспабында ойношу керек эле. Аспапты үйрөнүүгө 2 ай талап кылынган. Мындай көндүмдөргө актёрдук таланты кошулуп, “Тикмечи” Netflix’те жогорку рейтингде турат. Чагатай Улусойду жаңы амплуада көрөм десеңиз, кайсы сериалга көз токтошуш керек экенин түшүндүңүз да.

ТАСМАЛАРЫ

Чагатайды буга чейин “Атыңды Фериха койдум”, “Даңазалуу доор: Көсөм империясы”, “Ичинде”, “Коргоочу” же болбосо “Йешилчам” аттуу бир нече өлкөнү багындырган сериалдардан көрүп келгенбиз. Актёр “карьерам “Анадолу бүркүттөрү” тасмасынан башталган” деп айтып калат. Бул тасмага чейин башка эпизоддук ролдорду жараткан. Бирок аскер учкучунун ролундагы “Анадолу бүркүттөрү” Чагатайга өзгөчө таасир калтырган. Анда актёр 20 жашта болчу. Чагатайды дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнө тааныткан “Даңазалуу доор: Көсөм империясы” жана “Коргоочу” сериалдары болду.

ЛАНДШАФТ ДИЗАЙНЕРИ

Чагатайдын жогорку билими актёрдук кесибине такыр эле жакындабайт. Тагыраагы, ал университетте ландшафт дизайны факультетинде билим алган. Бирок диплому чаң баскан боюнча колдонулбай турат.

МОДЕЛЬ

Кичинесинде гиперактивдүү бала эле. Ата-энеси анын энергиясын туура багытта бөлүштүрүү үчүн түрдүү спорт ийримдерине беришкен. Сууда сүзүү, баскетбол боюнча мугалимдердин сыймыгы болуп, сынактардан мектебинин атын чыгарып турчу. Бирок классташтары да, мугалимдери да бир ооздон “сага модель болгон жарашат” дей беришчү. Анткени Чагатай түрктөрдө көп кездешпеген келбетке ээ. Буга атасынын Болгариядан, апасынын Босниядан болгону салым кошкондур. Студент болуп жүргөндө спорттук дене түзүлүшүн, 2 метрге жакын боюн, харизмасын моделдик кесипте сынап көрүүнү чечет. Бул чечими туура болуп, 20 жашында “Түркиядагы эң мыкты модель” наамын жеңип алган. Ошондон ушул кезге чейин ал моделдик кесиби менен да каражат табат.

АКТЁР

Кызыгы, “Түркиядагы эң мыкты модель” наамын уткандан 2 сааттан кийин Чагатайга киного тартылуу сунушу түшкөн. Буга чейин ал актёрдук чеберчилик боюнча курстарга барып жүргөн эле. Бирок мен тартылат элем деп бир да режиссёрдун эшигин каккан эмес. Анан тагдыр өзү эле мына сага деп мүмкүнчүлүк берди. Ошентип, анын актёрдук карьерасы 20 жашында башталган. Учурда 33 жашка чыккан Чагатай Netflix’тин дагы бир долбооруна тартылууда. “Күбра” сериалында адамдын жасалма интеллект менен байланышы сүрөттөлөт.

БАҢГИ

Актёрдун жашоосундагы оор учурду жазбай кетсек болбос. 2013-жылы түрк полициясы 13 адамга “баңгизатын колдонуу жана таратуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Атактуу адамдардын арасында Чагатай Улусой да бар эле. 5 жылга созулган иштин жыйынтыгында Чагатай жана бир нече адамга сыноо мөөнөтү катары 4 жыл 2 ай берилген. Эгер дагы бир жолу кармалса, темир тордун артына кетти дей бер.

БОЙДОК, БИРОК БОШ ЭМЕС

Актёр журналисттерге жеке жашоосу тууралуу суроо бергенге, жазганга тыюу салып келет. Ошентсе да интернет заманында көпчүлүк адамдар “эркин журналист” эмеспи. Андыктан Чагатайдын айрым сүйүү романдары баары бир көпчүлүккө маалым. Мисалы, кесиптеши, актриса Серенай Сарыкая менен “Суу көтөрүлгөн маалда” сериалынан кийин табышкан. Экөө канча ирет урушуп, кайра жарашты, акыры эки башка жолго түштү. Андан сырткары модель Дерья Шенсой менен мамиле курду. Америкалык модель Тэйлор Мари Хилл менен бир жарнамага тартылгандан кийин ага да жабыштырып жүрүштү. Эми актёр түгөй тандоодо бир чечимге келген сыяктуу. 2016-жылы “Ичинде” сериалын тартуу учурунда актриса Дуйгу Сарышин менен таанышкан. Ошондон бери экөө сүйүү мамилесин бөтөн көздөн, жаман сөздөн сактап келе жатышат. Бирок үйлөнүү үлпөт тою качан болору белгисиз.

ЧАГАТАЙ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА...

- Өзүнүн туулган күнүн белгилөөнү жактырбайт. Бирок жакындарынын өздүк майрамдарын калтырбай куттуктап, белектерин берип турат.

- Актёр болбосо, режиссёрлук пультта отуруп кино тартмак.

- Кинодогудай бир көрүп сүйүүгө ишенбейт. Адамдын кандай экенин таанып, сыртын эле эмес, ички дүйнөсүн да изилдеп чыкмайынча сүйүү болбойт деп эсептейт.

- Достору атын кыскартып Чао дешет.

- Аталай аттуу иниси бар, экөө абдан ынтымактуу.

- Гитара чертип, ыр чыгарган таланты бар. Көл-шал тердегенче барабан черткенди сүйөт. Бул учурда денедеги болгон жаман энергия, стресс чыгат дейт.

- Учурда сүйгөн спорт түрү – бокс.

- Өзүнө айтылган мактоо, комплимент сөздөрдү укканда уялмай адаты бар. Мактоого караганда сындарды, кемчиликтерди берилүү менен угат.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан