Болочок эне өзүнүн эле эмес, курсактагы баланын да саламаттыгы үчүн жоопкерчиликтүү. Кош бойлуу учурда организмге күч келет, андыктан эне ар түрдүү витаминдер менен камсыз болуп турушу зарыл. Жашылча-жемиштер витаминдердин булагы. Кош бойлуулар кайсынысын жесе пайдалуу?
Алма
С витаминине, темирге бай, ал эми анын данегинде йод бар. Алма кандагы холестериндин деңгээлин жөнгө салат. Белок, майлардын сиңишин камсыздайт. Кош бойлуу айымдар тамактануулардын ортосунда күнүнө 2ден алма жесе болот. Алманы таза жууп жеңиз, анын кагынан компот ичиңиз. Эгер ашказан ооруңуз бар болсо, анда баш тарткан оң.
Алмурут
Алмурут ич катууну алдын алууда мыкты жардамчы. Андан сырткары сезгенүүгө каршы күрөшүүдө, жүрөктүн иштешин жөнгө салууда да оң таасир берет. Антидепрессант катары саналат, иммунитетти бекемдейт. Курамында клетчатка көп болгондуктан ичегилердин иштешин жөнгө салып, организмден токсин-шлактарды чыгарат. Алмурутту бат чарчап калып жаткан, башы айланган, жүрөгү калыптагыдан көп согуп жаткан аялдар жесе жакшы. Кош бойлуулар күнүнө орточо алмуруттан бирди жесе жетет. Эскертүү! Алмурут ичти көптүрөт, мындай маселеге кабылсаңыз баш тартып койсоңуз болот.
Кара өрүк
Кара өрүктү болочок энелер бактан үзүп келип, ачкарын эртең менен 2-3тү жегени жакшы. Ашказан-ичегилердин иштешин жакшыртат, табитти ачат, организмден ашыкча суу, туздарды тазалайт. Ревматизм, кант диабети менен жабыркагандарга сунушталбайт.
Банан
Банан адамдын табитин ачат, антидепрессант жана кан басымды жөнгө салууга көмөктөшөт. Кош бойлуу айымдар күнүнө 1 банан жесе болот. Эскертүү! Банан канды коюулатат. Андыктан жүрөк оорусу барларга сунушталбайт. Андан сырткары варикоз, тромбофлебит дарты барлар да банандан баш тартуусу керек.
Малина