(Башы өткөн сандарда)
– Москвада жашаган жашоомдун кээ бир бөлүктөрү менин катамдай, болгондо да өзүм билип, түшүнүп туруп жасаган эле катамдай экен. Эми ошол катам менен бет келгенди, бир шаарда жашаганды каалабай качып кеткенди туура көрдүм. Балким, унуткан, көрмөксөнгө салган, көңүл бурбай койгон сизге оңойдур. А мага качкан оңой экен. Билесиз да, Түркияда Жибек аттуу курбум бар. Тээ башынан бери эле мени жанына чакырып, деңизди, деңиз жээгиндеги керемет жашоону айтып түгөтө албай жүрөт. «Неге Москвадай суук жерде жашап жатасың? Бул жакта деле жашап, иштесең болот, жок дегенде жылуу өлкөдө, деңиз жээгинде жашайбыз», – деп мени дайым азгырат. Аны ошол сөзүнөн кармадым. «Чакырдың эле, барам», – дедим. Деңиз жээгиндеги жашоо ал айтып жаткандай майлуу-сүттүү, керемет болуп кетпесин билип эле турам. Барсам, баарын башынан баштоого туура келет. Эгер көп жыл мурун мени бирөө чет жерге чакырса, ойлонбой туруп кете берсем керек эле. Бирок азыр чет жер деген эмне экенин түшүнүп калдым. Коркуп калдым. Ошентсе да кетип калганым туурадай. Москвага эми батпай калдым. Адам өзүнөн тажаганда, өзүнө ашыкча болуп калганда, бүтүн дүйнөгө ашыкча болуп көрүнүп калат тура. Жылчык издеп, жол издеп качып жөнөгөнү ошондон окшойт. Мен дагы качып жөнөгөнү калдым.
Ушул шаарга «Кыялдарым, максаттарым, сүйүүм достугум өлдү, түгөндү» деп келдим эле. Бирок кыйрады деп эсептеген максаттардын ордуна жаңы, андан да бийик максаттар келет экен. Өлдү деп эсептеген сүйүү деле бир күнү жаңыдан жанданып, башка сүйүү болуп келет экен. Жалгыз гана убакыт өлөт турбайбы. Убакыттан башка эч нерсе өлгөн жок, өзгөргөн жок. Билинбей көп нерсени жеңиптирмин. Күлгөнүмдөн ыйлаганым, ыйлаганымдан күлгөнүм көп болду. Көп нерсени үйрөндүм, көп нерсени унуттум. Тээ башында өзүмдү издеп келдим дегем. Бир жерлерде өзүмдү таптым, бир жерлерде өзүмдү жоготтум. Кагылдым. Быштым. Өзгөрдүм. Эми жолдун мындан аркысы оңой болор. Оңой болсун.
Акырындык менен даярдана баштадым. Жаман чемоданыма жаман кийимдеримди, санааларымды, кыялдарымды, сүйүү блокнотторумдун баарын салдым. Ага баары батты. «Баары батты» дегеним менен, Москванын мен сүйгөн жерлери, көчөлөрү, Эски Арбат, Тверь бульвары, Третьяков батпай калды. Сиз батпай калдыңыз, Акбермет батпай калды. «Жүр» деп азгырганыма ал көнгөн жок. «Сен жалгыз башты көтөрүп алып кайда болсо, кете берсең болот. Менин эки кызым бар. Баарын башынан баштаганга убактым да, шартым да жок. Менин турмушум – чоң жарыш. Бир жерден алаксысам, бир нече жерден артта калам, мен кеткенден корком», – деп көнбөй койду. Акберметтин «корком» дегенин угуп, эне болуу бир өмүр коркуп жашоо окшойт деп ойлоп калдым. Мен жок дегенде коркпой жашагым келет...
Ошентип баары менен коштоштум. Эч кимди, эч нерсемди унуткан жокмун. Баарын алдым... Сүйүүмдү гана алган жокмун. Сүйүүмдү атайын алган жокмун. Жаңы шаарга эски сүйүүнүн кереги не?..
– Кеткен оңой эмес. Кеткенге чейин «кетем» деп чечим кабыл алыш да оңой эмес... Кеткен адам жалгыз кетет. Кайгы-муңун, азабын, өткөн жашоосун, жашоосунан, көргөн күнүнөн чыгарган жыйынтыгын көтөрүп өзү жалгыз кетет. Жолуңдан чыккан адамдар андан аркы жашооңду, андан аркы түйшүгүңдү көтөрүшүп жибериши мүмкүн. Бирок ага чейинки өтмүшүңдүн баарын өзүң көтөрүп жүрөсүң. Аны бирөөлөр көтөрүшө албайт, көтөрө албайт. Ошон үчүн кеткен оңой эмес. Ошон үчүн кеткен адамга кыйын. Кеткен адам жапжалгыз кетет...
Мен Тилектен ичим, жүрөгүм, мээм – баары бирдей аңгырап калганда кеттим. Сүйүү өзүнчө, өз алдынча жөн эле сүйүү болуп, «жаштык, бүлө, бала, бакыт, жыргал, кубаныч, ырахат, сезим, сый» деген сөздөр менен байланышпай калганда, ыйлай албай, күлө албай, тиктеп турган нерсемди көрбөй, таппай, тааныбай калганда, анан кеттим. Кетерде биринчи апама чалдым. Чалып: «Мен үйгө барам», – дедим. Апам дароо түшүндү.
– Ии, мурдуңдун суусу актыбы?! Не, жашоо кыйын бекен?! – деди. Андан аркы сөздөр сценарийде жазылгандай эле кетти. Көп сөзү эсимде жок, бирок апамдын эмне айтарын билгем, билип туруп чалгам. «Сага чала, ошону көрмөксүң» деди. «Кой десе болбой, тием деп тийгенсиң, эми жашайсың, эриң жок үйгө келбе, келбейсиң» деди. «Макул» дедим. Апама үйгө барыш үчүн чалган жокмун. Барсам, үйгө киргизет деген үмүтүм деле жок болчу. Бирок Тилектен кеткенимди, аны менен жашабай турганымды айтып койгум келген. Ошентип айттым. Ошондой жол менен айттым. Атама айтар-айтпасын өзү билсин деп ойлодум. Айтса, атам чалат, айтпаса, чалбайт. Ичимден «Апам укту, билди, жетет, үйгө барбасам деле мейли» дедим.
Үйдөн эртең менен чыгып кеттим. Тилек жумушуна кетери менен артынан эле чыктым. Ага чейин буюмдарымды жыйнап, даярданып койгон болчумун. Ал жыйналып, даярданганымды деле байкаган жок. Буюмдардын ирети өзгөргөнүн деле, өзүмдүн өзгөргөнүмдү деле байкаган жок. Кийимдеримден башка буюм алган жокмун. Тилектин бүлөсү алып берген алтын сөйкө менен шакекти чечип, үстөлдүн үстүнө, көз көрүнөө жерге калтырдым. Ага жазып таштап кеткен катым ошол болду. Көчөгө чыгып, биринчи алдымдан чыккан трамвайга отурдум, анын каякка барарын деле караган жокмун. «Трамвай мындан ары барбайт» дегенде түштүм. Шаардын ортосунда, Москва дарыясынан алыс эмес жерде экенмин. Дарыянын жээгине барып, сууда сүзгөн кемелерди, анын ичиндеги бактылуу адамдарды карап отура бердим. Күнгө какталып калдым, бирок башка жакка баргым келбеди. Кеч киргенче отурдум. Күн батары менен, дарыя дароо карарып, коркунучтуу боло түштү, үнү да, агымы да өзгөрдү. Сууда сүзө албайм, сууга кокус түшүп кетсем, бирөө куткарбаса, кайра чыгышым күмөн. Дарыяны тиктеп отуруп ошону эстедим. Анан мени бирөө сууга түртүп жиберсе экен деп ойлондум. Өзүм сууга секиргенге даабайт элем... Жашоодон чарчап, тажап, бирок андан кече албай дарыянын жээгинде кечке отурганымды ошондо түшүндүм.
Түн жарымда бөлөмүн үйүнө кирип бардым. Үйү дегидей деле үй эмес, аты эле бар. Бөлөм күйөөсү экөө короо шыпырып иштейт, жертөлөдө жашайт. Жумушунан берилген «үй» ошол. Экөө эле жашайт. Экөө эле жашаганы мага ыңгайлуу болчу. Ошого анын алдына бардым. Колумда Москвага келгенде көтөрүп келген ала кабым бар. Мени көрүп, бөлөм дароо баарын түшүндү. Менден эки жаш эле улуу болсо да улуунун милдетин алып, мени аяды.
– Эми эмне кыласың? Үйгө кантип барасың? – деп сурады.
– Барбайм, – дедим.
– Эч нерсе эмес, ажырашкан бир эле сен эмессиң. Акыры барып үйдөгүлөр деле түшүнөт.
(Уландысы кийинки санда)